Зеленский: Трамп жарыялаган элдешүүдөн кийин Орусия Украинанын алты энергетикалык объектисине сокку урду

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина энергетикалык объектилерге сокку урбоо боюнча макулдашканын жарыялагандан бир нече саат өткөн соң, Орусия Украинанын алты энергетикалык объектисине сокку урду. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Трамп жекшемби күнү элдешүү "дароо күчүнө кирерин" айткан. Бирок Зеленский Орусия Украинанын "газ объектилерине, энергетикалык инфраструктурасына жана башка жайларына сокку урганын" айтты.
Украинанын "Укринформ" мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарына караганда, Орусиянын соккусунан электр тармактары талкалангандан кийин Изюм шаарында электр жарыгы өчкөн. Ошондой эле түн ичинде Украинанын батышындагы энергетикалык жана темир жол инфраструктурасына чабуул жасалган.
Дүйшөмбү күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина элдешүү алып келе турган "тыныгууга" татыктуу эмес экенин айтты.
Ал эми Зеленский өлкө боюнча энергетикалык объектилерге жасалган соккулардан 33 адам жаракат алганын кабарлады.
Зеленский Fox News телеканалына берген маегинде: "Биз чабуул жасаган жокпуз. Ал эми Орусия биздин газ объектилерибизге, энергетикалык инфраструктурабызга жана башка жайларга сокку урду", — деди.
"Менимче, бул Путиндин президент Трампка берген жообу болду", — деп кошумчалады ал.
Дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдар күйүүчү майдын баасын жогорулатып, АКШда ноябрда өтө турган орто аралыктагы шайлоолор алдында бул маселе өзгөчө мааниге ээ болууда. Жума күнү Трамп Орусиядан дизель майын АКШга импорттоо планын жарыялаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүйшөмбү күнү Украинанын электр тармактарын башкарган "Укрэнерго" компаниясы Орусиянын чабуулдарынан энергетикалык жабдуулар жабыркагандыктан, Харьков, Донецк жана Запорожье облустарында электр жарыгы кайрадан өчүрүлгөнүн билдирди.
Компания жабдуулардын ашыкча иштөөсүнө жол бербөө үчүн Украинанын айрым аймактарында электр энергиясын чектеп берүү киргизилгенин маалымдады.
Зеленский X социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө, бул соккулар Орусиянын энергетикалык элдешүүнү кабыл алууга даяр эместигин көрсөтөрүн айтты.
Дүйшөмбү күнү кечинде Киевдин мэри Виталий Кличко Telegram каналында шаардагы Дарницкий районунда жайгашкан 25 кабаттуу турак үйгө дрон тийгенин билдирди.
Анын айтымында, үйдүн короосундагы бир нече унаа да өрттөнгөн. Бир адам каза болуп, дагы 11 киши жаракат алган.
Трамп жекшемби күнү элдешүү жөнүндө алгач жарыялаганда, Зеленский мындай макулдашуу күчүнө киргени тууралуу өзү кабардар эмес экенин айткан. Ошол эле учурда ал сунушталган элдешүүнү колдоп, мындай деген:
"Эгер америкалыктар чындап эле азыр кийлигишип, Орусиянын энергетикалык элдешүүнү сакташын камсыз кылса, бул согушту токтотууга карай чоң кадам болмок".
Дүйшөмбү күнү элдешүү тууралуу суроого жооп берип жатып, Трамп эки өлкө макулдашууга анын талабы менен барганын айтты.
"Алар макул болушту, анткени мен силер макул болушуңар керек деп айттым", — деген ал.
"Эгер сандарды карасаңар, бул согуш чоң апаат", — деп кошумчалаган Трамп.
Акыркы бир нече айдан бери Орусия менен Украина бири-биринин энергетикалык инфраструктурасына сокку уруп, эки өлкөдө тең энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап келет.
Москва Украинанын аскердик аракеттерин колдогон объектилер чабуул бутасы болуп саналарын билдирип келет. Ал эми Зеленский Орусиянын аймагындагы алыс жайгашкан объектилерге Украинанын жасаган чабуулдарын "Орусиянын согушту каржылоо мүмкүнчүлүгүн азайтуу" аракетинин бир бөлүгү катары мүнөздөгөн.
BBC Verify кызматынын согуш учурунда Украинанын жана Орусиянын соккуларына жүргүзгөн талдоосуна караганда, эки тарап тең алдыдагы кыштын алдында чабуулдарын күчөтүүдө.
BBC Verify маалыматына ылайык, 2026-жылы Орусиянын көзөмөлүндөгү мунай жана газ объектилерине 273 жолу сокку урулган. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилинде катталган 124 соккудан эки эседен көп.
Мындан тышкары, куралдуу жаңжалдарга байкоо жүргүзгөн Armed Conflict Location and Event Data (ACLED) долбоору топтогон маалыматтардын талдоосу быйыл Украинадагы энергетикалык тармакка таасир эткен Орусиянын чабуулдарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге көбөйгөнүн көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Трамп Украинадан Орусиянын мунай инфраструктурасына жасалган чабуулдарды токтотууну талап кылып келет. Бул Орусияга АКШга жана дүйнөлүк рынокко дизелди жеткирүү боюнча жакында түзүлгөн келишимди аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул келишим энергетикалык ресурстарды импорттоого байланыштуу АКШнын санкцияларын убактылуу токтотот. Зеленский мындай кадамды Орусиянын президенти Владимир Путинге жасалган "белек" деп атаган.
Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернэм Британия "президент Трамптын энергетикалык элдешүүнү дароо баштоо жана аны туруктуу сактоо чакырыгын толук колдой турганын" билдирди. Франция, Канада жана Евробиримдик да бул демилгени кубатташты.
Бирок Европанын расмий өкүлдөрүнүн бул демилгеге мамилеси бирдей болгон жок.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас энергетикалык элдешүү иш жүзүндө сакталган учурда гана аны кубаттай турганын айтты.
Дүйшөмбү күнү Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында Каллас: "Орусиянын да бул макулдашууну сактай турганын азырынча көрө элекпиз", — деди.
Ал эми Эстониянын тышкы иштер министри элдешүү "иштебей жатканын" билдирди.

































