You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аннексияланган Крымда поездге дрон менен сокку урулду
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматынын аскердик баяндамачысы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Украина тараптан учурулган дрон №68 Москва-Симферополь багытында бараткан тез жүрүүчү поездге тийгенден кийин Крымга жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин пландуу кыймылы убактылуу токтотулду. Окуя 7-июнда болгон. Натыйжада машинисттин жардамчысы каза болуп, тепловоздун машинисти жараат алды, жүргүнчүлөр жабыркаган жок.
Украина бул сокку боюнча расмий комментарий бере элек, бул тууралуу маалымат Орусиянын булактарынан гана алынды. Орусиянын бийлигинин ырасташынча, жүргүнчүлөр бараткан поездге дрон менен кол салуунун себептери белгисиз. "Крымдагы поездге урулган сокку тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо аракеттерин олуттуу түрдө татаалдаштырат", - деп билдирди Кремль.
Орусия да украиналык поезддерге сокку уруп келет. Акыркы жолу мындай окуя Запорожьеде 30-майда болгон.
Украина бийлигинин маалыматына ылайык, ошол күнү дрон менен темир жол инфраструктурасына жана поездге урулган соккудан машинист каза болуп, дагы эки адам жараат алган.
Украинанын поездге чабуулунун айырмасы – бул логистикага сокку уруп, жарым аралды обочодо калтырууну көздөгөн өнөктүктүн кезектеги этабы.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Крым жарым аралындагы жана ага кире бериштеги буталарга ырааттуу жана системалуу түрдө чабуул коюп келатат – украиналык дрондор абадан коргонуу объектилерине, жолдорго, транспорт түйүндөрүнө сокку уруп жатат. Мына эми темир жолго да дрон түштү.
Поездге сокку урулган күнү украиналык дрон Крым менен Херсон облусун байланыштырган Чоңгар кысыгынын үстүндөгү унаалар жүрчү көпүрөнү талкалаган.
Крымдын логистикасына жана Украинанын башка оккупацияланган аймактарындагы жарым аралга алып баруучу жолдорго урулуп жаткан соккулар отун кризисин күчөтүүдө. Бул кризис Крымда өзгөчө курч сезилип жатат.
Бейшембиде Крымда бензин эркин сатылбай калды.
Деңиз "паромдору"
Украинанын Куралдуу күчтөрү жарым аралга деңизден, абадан жана жерден кирүүнү татаалдаштырып жатышат.
Согуш башталгандан бери украин аскерлери Орусиянын десанттык кемелерин бутага алып келүүдө. Башында Орусиянын десанттык жоокерлери Украинага кирип барат деген коркунуч бар болгондуктан Украина коргонуу максатында кемелерди бутага алчу. Бирок 2022-жылы жайында согуштун экинчи фазасы башталганда чоң десанттык кемелер аскердик жүктөрдү ташыган транспортко айланган. Алар иш жүзүндө деңиз паромдорунун функциясын аткарып калышкан.
Украинанын күчтөрү "Саратов", "Новочеркасск" жана "Цезарь Куников" десанттык кемелерин чөктүрүп, "Минск" жана "Оленегорский горняк" кемелерине олуттуу зыян келтирген. Апрелде Украинанын коопсуздук кызматы дрондор "Ямал" жана "Николай Фильченков" десанттык кемелерине сокку урганын билдирген.
Согуш башталган мезгилде Кара деңизде бир нече флоттун 13 десанттык кемеси бар болчу.
Украинанын деңиздеги экипажсыз катерлери Крымдын жээгине жакын Кара деңиздеги кырдаалды кыйла татаалдаштырып, Кара деңиз флотун өзүнүн негизги күчтөрүн Новороссийскиге көчүрүүгө мажбурлады.
Деңиз транспорту азыр да соккуга кабылууда. Июнда Бердянскиде жүк ташуучу кемеге, Мариуполдо эки кемеге сокку урулду. Ал эми 6-июнда Мариуполь портуна чабуул коюлду.
Орусиянын айласын кетирген дрондор
Жарым аралдын абадан коргонуу системасына тынымсыз сокку уруу Украинанын куралдуу күчтөрү жүргүзүп жаткан өнөктүктүн эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул логикалуу, себеби абадан коргонуу системасы дрондорду кеңири колдонууга тоскоолдук кылып жатат.
Марттын ортосунда Би-Би-Синин Украин кызматынын кабарчысы Олег Черныш кышында жана жаздын башында эле Орусия 80ге жакын абадан коргонуу системасынан айрылганын жазган. Бул системалардын көбү Крымда орнотулган болчу.
Орусиянын бийликчил "Военный осведомитель" телеграм-каналы жарым аралдагы орусиялык абадан коргонуу системасы 2026-жылдын ичинде жок болуп же башка аймактардан абадан коргонуу каражаттарын "тарта" башташы мүмкүн экенин жазды.
Крымга чабуул коюу үчүн украиналыктар негизинен болжол менен 200 чакырым аралыкка жетчү middle strike классындагы дрондорду колдонууда. Бул дрондор Крымдын борбордук райондоруна жете алат.
Ушул жана башка дрондор спутниктин жардамы менен башкарылат, себеби Starlink Украинанын аймагында, демек, Крымда да иштейт. Мындай дрондор Орусиянын РЭК системасына зыян келтире албайт жана максатка карай татаал траектория менен уча алат, себеби операторлор аларды онлайн режиминде башкарышат.
Бирок Крымдагы кырдаалга Донецк, Запорожье жана Херсон облустарындагы логистика да таасирин тийгизүүдө – алар аркылуу Крымды Орусиянын аймагы менен байланыштырган автоунаа жолдору өтөт. Бул жолдор аркылуу Орусиянын армиясы фронттун түштүк бөлүгүндөгү бөлүктөрдү камсыздайт, ошондой эле Крымга да жүк ташылат.
Бул райондордо Украина жыйырмадан үч жүз километрге чейинки радиустагы буталарды, анын ичинде аскердик кампаларды, командалык пункттарды, транспорттук түйүндөрдү, ракеталык комплекстерди, радиолокациялык жана абадан коргонуу системаларын, ошондой эле айрым унааларды жок кылуу боюнча өнөктүгүн баштады.
7-июнга караган түнү Украинанын атайын операциялар боюнча күчтөрү Феодосиянын жанындагы Еди-Кую (Ленино) айылындагы мунай базасына сокку урган. Алар сокку урулган маалда тартылган видеону жарыялашты. Бул жерде чыккан өрт NASA FIRMS сервисинде да катталган.
Темир жол
Темир жол Крымды камсыздоодо өтө маанилүү ролду ойнойт. Товарларды жеткирген поезддер менен аскердик да, жарандык да көптөгөн жүктөрдү ташууга болот. Автотранспорт толугу менен бул милдетти аркалай албайт – оор жүк ташуучу фураларды товар ташыган поезддердин ордуна колдонууга болбойт.
Бирок темир жолдун да өзүнүн олуттуу кемчиликтери бар, алардын эң башкысы 7-июнда белгилүү болду. Поездди да жүк ташуучу унаа сыяктуу эле дрон менен токтотууга болот. Ал эми поезддер азыраак өткөндүктөн, ар бирине соккуну да катуураак урууга болот.
Темир жолдогу кырсыктардын кесепеттерин четтетүү кыйыныраак, ал эми ар бир токтоп калган поезд башка көптөгөн поезддер үчүн графикти бузат.
Ошол эле учурда орусиялык армия логистикалык жактан бул транспорттун түрүнө байланган. Темир жолдун иши үзгүлтүккө учураса, бул ар кандай аймактагы күчтөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизет.
Крым – дал ушундай аймак. Жарым арал темир жолго өтө көз каранды, себеби ал материк менен эки гана жерден – кургактагы моюнча жана Керчтеги көпүрө аркылуу байланышат.
Бул эки жер аркылуу темир жол өтөт. Темир жол аркылуу жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн негизги агымы Крымга көпүрө аркылуу келет.
Перекоп аркылуу өтө турган жол өтө аз пайдаланылат, себеби ал фронтко өтө жакын жайгашкан.
2023-жылы Орусия Ростов-на-Донудан Мариуполь жана Бердянск аркылуу Чонгарга жана андан ары Крымдын ири түйүн борбору болгон Джанкойго барчу жаңы жолдун курулушу башталганын жарыялаган. Орусиянын жаңылык агенттиктеринин маалыматына караганда, ага каражат жумшалып жатат, бирок ал толугу менен курулуп бүтө элек.
Бирок Украина барган сайын дрондорун алыс аралыкка учуруп жаткандыктан, Джанкой станциясына да коркунуч көбөйдү.
Бул темир жол түйүнү – Крым логистикасынын дагы бир чабал жери. Ал аркылуу жарым аралдын борбордук жана батыш бөлүгүндөгү негизги шаарларды бириктирген темир жол бутактары өтөт.
Ошондуктан, эгерде Украинанын Куралдуу күчтөрү темир жол транспортуна туруктуу негизде жана ырааттуу түрдө чабуул жасай баштаса, анда түйүн станциясы да соккуга кабылышы мүмкүн деп болжолдоого болот.
Крымды кесип салууга болобу?
Орусиялык блогерлер Украинанын орто аралыкка учкан дрондору Крымга алып баруучу жолдорго жасап жаткан соккуларына кескин реакция кылышууда.
"Айтор, процесске тартылган көптөгөн адамдар ансыз деле түшүнүп турган окуялар болду. Душман Крымды транспорттон обочодо калтыруу планын ырааттуу түрдө ишке ашырып келүүдө", - деп жазат z-кабарчы Живов.
Живовдун баамында, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн планы мындай: Керчь көпүрөсү аркылуу транспорт агымын башка тарапка багыттап, андан соң ага сокку уруп, бир заматта кесип салуу.
"Бул аскердик да, жарандык да логистиканы олуттуу татаалдаштырууда: жабдууга, күйүүчү майга байланыштуу көйгөйлөр жаралууда, аймактын күч-аракетине карабастан Крымда абал өтө оор", - деп жазат "Два майора" каналы.
Бирок жарым аралдагы кырдаал Крымга бараткан жолдогу жүк ташуучу унааларга жасалган соккулардан гана көз каранды болгон жок. Бул соккулар бүтүндөй жарым аралдагы кырдаалды өзгөртө алмак эмес. Фронттун сызыгынан трассага чейинки аралык 100 чакырымдан ашат, ал эми трассаны кесип салуу үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнө алда канча көп дрон керек.
Ошентип, Украинанын Крымга тийгизген таасири системалуу жана комплекстүү болуп жатат. Башкача айтканда, бардык соккулар бир максатты көздөөдө.
Орусиянын армиясы абада, деңизде, автоунаа жана темир жолдорунда ар кандай чакырыктарга туш болуп, мунай сактагычтарды, базаларды, абадан коргонуу объектилерин, портторду, эми болсо темир жолдорду коргоого мажбур. (ZMa)