"Эми ар алты ай сайын текшерип турат". Кыргызстан Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарылды

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кыргызстанда сертификацияланган бардык авиакомпаниялар Европа Биримдигине учууга тыюу салган "кара тизмеден" чыгарылды. Бул маалымат 9-июнда Европа биримдигинин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча башкы директоратынын сайтында жарыяланды.

"Кыргызстанда сертификацияланган бардык авиаташуучулар өлкөнүн акыркы 20 жыл ичинде авиациялык коопсуздукту көзөмөлдөө системасын чыңдоодогу жетишкендиктерин таануунун негизинде бул тизмеден чыгарылды", - деп расмий билдирүүдө жазылган.

Бул чечим ЕБдин Авиация коопсуздугу боюнча комитетинин (ААК) 2026-жылдын 19–21-майындагы жыйынында кабыл алынган.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) маалымдагандай, мындан ары кыргызстандык авиакомпаниялар тиешелүү сертификат жана уруксаттарды алгандан кийин Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз каттамдарды аткаруу укугуна ээ болушат.

"Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, учуулардын коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөөнү бекемдөө жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү", — деп айтылат ЖАМАнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле агенттик Евробиримдиктин комитети жетишилген прогрессти, анын ичинде техникалык кеңешмелердин, 2026-жылдын мартындагы баалоо сапарынын жыйынтыктарын жана Брюсселдеги ийгиликтүү угууларды жогору баалаганын белгилеп кетти.

ЕБдин кара тизмесинен чыгуу акыркы жылдары Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн эң маанилүү көйгөйлөрүнун бири болуп келген.

Маселенин тарыхы

Кыргыз учактарынын ЕБ өлкөлөрүнө учуусуна тыюу 2006-жылы киргизилген.

"Кыргызстан аэропорттору" башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, буга коррупциялык тобокелдиктердин жогорулугу, бийликтин аракетсиздиги, учуулардын коопсуздугуна тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу жана эл аралык коопсуздук стандарттарына дал келбегендиги себеп болгон.

Европа өлкөлөрүнүн биринде кыргызстандык ишканага таандык учактын документтери туура эмес толтурулганы аныкталгандан соң, Евробиримдиктин тийиштүү органдары өлкөдөгү авиация тармагынын абалын текшерүүгө алган. Мунун натыйжасында ЕБ кыргыз учактары үчүн өз асманын жабуу чечимин чыгарган.

Ошол эле маалда Самидинов бул чектөөлөр айрым авиакомпаниялардын кемчиликтеринен эмес, жалпы Кыргызстанда учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөөнүн мамлекеттик системасын өркүндөтүү, өлкөдөгү мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, авиация кызматкерлерин даярдоону жакшыртуу жана авиациялык көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгына байланыштуу болгонун белгилеп кетти.

Кара тизмеден чыгуу кандай болгон?

Мамлекеттик органдар бул маселелерди чечүү багытында көп жылдан бери иш алып барышкан. Ал эми олуттуу кадамдар 2023-жылдагы ЖАМАнын директору Данияр Бостоновдун Евробирликтин Авиация коопсуздугу боюнча комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин башталган. ЕБ Комитети кара тизмеден чыгуу үчүн негизги шарттарды белгилеп, алардын эң башкысы - Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен өтүү болгон.

Кара тизмеден чыгуу боюнча алгачкы кадам болуп сыпатталган 2023-жылы ИКАОнун текшерүүсүнөн ийгиликтүү өтүү үчүн кыска мөөнөттө жүзгө жакын ченемдик укуктук документтер кайра иштелип чыгып, ошондой эле Кыргызстандагы аэропорттор, авиакомпаниялар, авиациялык тейлөө ишканалары жана аэронавигациялык системасынын жаңы стандарттар боюнча иш алып барууга даярдалган.

Кийинки үч жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, авиациялык персоналды лицензиялоо, учууларды аткаруу жана алардын коопсуздугун башкаруу эрежелери жаңыланып, бардык документтер англис тилине которулган.

2026-жылга карата көзөмөл системасында реформаланып, инспекторлорду даярдоо заманбап эл аралык стандарттарга өткөрүлдү. Буга кошумча ЖАМАнын бюджети көбөйтүлүп, кызматкерлерди окутууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле авиациялык көзөмөлдү жакшыртуу үчүн заманбап шаймандарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берилген.

Бул аракеттердин натыйжасы менен Кыргызстан төрт аудиттен, алардын ичинде ИКАОнун эки текшерүүсүнөн ийгиликтүү өткөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында ЕБ Комитети Кыргызстандын авиация тармагына толук аудит жүргүзүп, мамлекет учуу коопсуздугу боюнча бардык талаптарды аткарганын ырастады. Ал эми 2026-жылдын 9-июнунда Кыргызстан Европа Комиссиясынан өлкөнү кара тизмеден чыгаруу тууралуу расмий билдирүү алды.

"Европа биримдиги кара тизмеден чыккан өлкөлөрдү ар алты ай сайын текшерип турат, булар эски адаттарына кайтып келбеди бекен деп. Бул сыноо мөөнөтү 2-3 жылды түзүшү мүмкүн", - деди Самидинов.

Кара тизмеден чыгуунун дагы кандай артыкчылыктары бар?

Кара тизмеден чыгуу кыргызстандык авиакомпаниялардын Европага каттамдарды аткарууга уруксат берүүнү гана эмес, европалык ишканалардын Кыргызстанда иш алып баруусуна жол ачат. Анткени буга чейин Европа авиа ташуучуларына Еврошаркеттин коопсуздук талаптарына байланыштуу Кыргызстанга учууга тыюу салынган эле.

Ал эми кыргыз ишканалар учактарды кыйла ыңгайлуу шарттарда жана алыскы каттамдарга жөндөмдүү жаңы үлгүлөрүн лизингге (ижарага) алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мурда кара тизмеден келип чыккан начар репутациядан улам лизинг компаниялары самолетторду тийиштүү талаптарга ылайык эксплуатациялоо маселесинде кыргыз авиа ташуучуларына ишеними аз болчу.

Ошондой эле ЕБдин чектөөлөрүнүн алынышы Кыргызстандын авиация тармагынын жана жалпы өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

Бул тууралуу кыргызстандык ишкер Жодар Сайдилкан Жакынкы Чыгыштан инвестор тартууну сунуштады.

"Учурда Иран жана Украинадагы жагдайдан улам Европада Азияга негизги аба каттамдар Кыргызстан аркылуу өтүп баратат. Өкмөткө Жакынкы Чыгыштагы чоң авиакомпаниялар менен бирге жаңы мамлекеттик авиакомпания түзүүнү сунуштайт элем, ал жактагы ташуучулардын учактары жөн туруп, чыгымдары көп болуп жатат", - деди ал.

Берлин жана Лондонго түз каттамдарды качан күтсөк болот?

Акыркы жылдары Кыргызстанда "Манас", "Ош", "Жалал-Абад", "Ысык-Көл", "Каракол", "Талас" жана "Нарын" аэропортторун куруу жана оңдоп-түзөтүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылды. Аба майдандардагы инфраструктура жаңыланып, авиа коопсуздугун камсыздай турган жаңы системалар киргизилүүдө. Ошондой эле "Асман Эйрлайнс" улуттук авиакомпаниясы өз ишин баштады.

Ошондой эле, "Манас" аэропортунда CAT III категориясындагы жаңы курс системасы ишке киргизилди. Бул тутум калың туман, аба ырайынын начар шарттарында учактарга автоматтык түрдө конууга мүмкүндүк берет.

Ушул жылдын март айында Министрлер Кабинети BBAM Aircraft Leasing компаниясы менен Airbus A321ceo үлгүсүндөгү эки учакты лизингге алуу боюнча келишим түзгөн. Алар Европа шаарларына каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат. Учактар 2027-жылдын март айында келиши күтүлүүдө. "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясы жаңы борттор менен алгачкы каттамдарды Германияга аткарууну пландаштырууда.

Учурда улуттук авиа ташуучу үчүн эки жаңы Airbus магистралдык лайнерин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө, бирок бул өнөр жайдагы дүйнөлүк суроо-талап жана кезектерге себептүү жаңы учактарды күтүү төрт жылга чейин созулушу мүмкүн. Ушундан улам кошумча бортторду лизингге алуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Ошол эле маалда, жеке компаниялар авиапаркы алыскы каттамдарга кубаты жетип, бардык керектелүүчү документтерди алууга үлгүрсө, Европага карай жолду биринчилерден болуп ачууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Түз каттамдар быйыл эле аткарылып калышы да мүмкүн – анткени Кыргызстан бардык кызыкдар болгон чет өлкөлүк ишканаларга асманын ачып берүүгө даяр экенин билдирүүдө.

Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдүн саны 52%га өсүп, авиакаттамдардын саны 53%га жогорулаган. 2021-жылы өлкөдө беш аэропорт иштеп жаткан болсо, бүгүнкү күндө 11 аэропорт иштеп жатат - алардын 6сы эл аралык жана 5и аймактык аба майдандар.