Киев облусу аза күтүүдө: көргөзмөгө урулган соккудан 10 адам каза болуп, 100дөйү жаракат алды

Сүрөттүн булагы, t.me/V_Zelenskiy_official
Киев облусунда Орусиянын адамдардын өмүрүн алган чабуулуна байланыштуу аза күтүү жарыяланды.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Руслан Олейник: "25-июль Киев облусунда аза күтүү күнү болот", - деп жазды.
Олейниктин айтымында, аза күтүү күнү облус аймагында Украинанын мамлекеттик туусу жана Киев облусунун туусу төмөн түшүрүлөт. Ошондой эле көңүл ачуучу иш-чараларга да чектөө киргизилет.
Украин бийлигинин маалыматына ылайык, 24-июлда Киев облусундагы "жеке полигонго" жасалган Орусиянын ракеталык соккусунан кеминде 10 адам каза болуп, жүзгө жакын адам жаракат алган. Бул окуя боюнча шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголду.
Расмий маалыматтарда сокку "жеке полигондун" аймагына урулганы, ал жерде "Украинанын коргонуу өнөр жайынын өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара" өтүп жатканы айтылат. Украиналык маалымат каражаттары болсо социалдык тармактарда алдын ала жарыяланган курал-жарак көргөзмөсү бутага алынганын жазышууда.
"Орусия Киев облусуна кезектеги ракеталык соккусун урду. Анын кесепетинен 10 адам каза болуп, дагы 100гө жакын адам ар кандай деңгээлде жаракат алды", - деп Украинанын башкы прокурору Руслан Кравченко Telegram каналында билдирди.
Башкы прокуратура "согуш мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу", ошондой эле "кызматтык шалаакылык" боюнча кылмыш ишин козгоду.
"Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү учурунда кызматтык милдеттер талаптагыдай аткарылбай калган болушу мүмкүн. Бул адамдардын өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге алып келген", - деп айтылат билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тергөө иш-чараны өткөрүү тууралуу чечимди ким кабыл алганын, анын өтчү жери, убактысы жана форматын кимдер макулдашканын аныкташы керек. Ошондой эле өзгөчө кырдаал шартында кандай коопсуздук чаралары көрүлгөнү жана коркунучтар тийиштүү деңгээлде бааланган-бааланбаганы да иликтенет.
Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Руслан Олейниктин айтымында, алдын ала маалымат боюнча сокку Буча районундагы «жеке полигондун» аймагына жасалган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Дмитрий Лиховой "Интерфакс-Украина" агенттигине берген комментарийинде душмандын соккусу тийген жарандык объект Украинанын Коргонуу күчтөрүнүн башкаруусуна кирбей турганын билдирди.
Украинанын Курал-жарак өндүрүүчүлөр кеңеши сокку «Украинанын коргонуу өнөр жайынын өкүлдөрү болгон объектке» урулганын маалымдады.
"Катышуучулар так кайсы жерде экени тууралуу маалымат ачык жарыяланган эмес. Соккунун жагдайларын тиешелүү органдар иликтеп жатат", - деп билдирди кеңеш.
Ошол эле учурда айрым украиналык блогерлер жана маалымат каражаттары сокку интернетте ачык жарыяланган коргонуу көргөзмөсүнө жасалганын жазышууда.
"Азыр иш-чаранын катышуучулары жана коноктору социалдык тармактарда башынан өткөргөндөрүн айтып жатышат. Алардын арасында президенттин кеңешчиси Сергей Флеш да бар. Ал өз командасы аман калганын жазды", - деп маалымдады ТСН басылмасы.
Бирок Сергей Бескрестнов (Флеш) иш-чарага катышканын четке какты. Ал бул полигонго барбаганын жана барууну да пландабаганын айтты. Ошентсе да, өзүнүн аман экенин социалдык тармактарга жарыялоону туура көргөнүн, анткени көпчүлүк анын мындай иш-чараларга көп катышарын билерин түшүндүрдү.

Сүрөттүн булагы, t.me/V_Zelenskiy_official
Украинанын мурдагы коргоо министринин кеңешчиси Сергей Стерненко орусиялык тараптын абадан чалгындоо мүмкүнчүлүгү гана эмес, башка маалымат алуу каналдары да жакшы иштеп жатканын айтып, баллистикалык ракеталар жетчү аймакта аскердик багыттагы массалык иш-чараларды өткөрүүнү сынга алды.
"Алар биздин аймактын спутниктен тартылган сүрөттөрүн ала алышат, көптөгөн агенттери бар жана социалдык тармактарды окушат. Баллистикалык ракеталар жетчү аймакта, ачык асман алдында массалык аскердик иш-чараларды уюштуруу - орусиялыктарга адамдарды өлтүрүүгө жардам берүү менен барабар", — деди Стерненко.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев облусунда орусиялык ракеталык соккудан кийин куткаруу иштери уланып жатканын билдирди. Бирок ал соккунун бутага алынган объектиси тууралуу так маалымат берген жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги сокку учкучсуз учактар көрсөтүлгөн жайга урулганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, t.me/V_Zelenskiy_official
Буга чейин да орусиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери сапка тизилген же сыйлык тапшыруу аземине чогулган полигондорго жана башка жайларга сокку урган учурлар болгон.
Эң ири окуялардын бири 2025-жылдын 1-мартында катталган. Анда орусиялык армия Днепропетровск облусундагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин тылдагы полигонуна жана 157-өзүнчө механизацияланган бригаданын жайгашуу жерине "Искандер-М" ракетасы менен сокку урган. Расмий түрдө каза болгондордун саны жарыяланган эмес. Бирок украиналык расмий эмес булактар ондогон адам каза болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги "150гө чейин украиналык аскер набыт болгонун" билдирген.
Ошол учурда Кургактагы аскерлердин командачысы болуп турган Михаил Драпатый (азыр Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы) сокку сапка тизилген аскерлерге урулганын түз айткан эмес. Бирок "аскерлердин коопсуздугун тоготпой, эскирген тартиптерге мажбурлап, өзүн согуш талаасында эмес, кол алдындагыларды басынтуу аркылуу көрсөтүүгө аракет кылгандар жоопко тартылат" деп билдирип, буга кыйыр түрдө ишара кылган.
2023-жылдын 3-ноябрында болсо орусиялык армия Запорожье облусунун Заречье айылында жайгашкан Закарпат облусунун 128-өзүнчө тоо-штурм бригадасынын жайгашуу жерине "Искандер-М" ракетасы менен сокку урган. Ал учурда аскерлер Артиллерия күнүнө карата сыйлык тапшыруу аземине сапка тизилип, жарым саатка кечигип жаткан бригада командирин күтүп турушкан. Ар кандай маалыматтар боюнча, анда 19дан 28ге чейин аскер каза болуп, 50дөн ашууну жаракат алган.
































