"МАИ тоспосо экен деп кудайдан тилеп жүрөм". Оң рулдуу унаа ээлери таксиге лицензия берүүнү өтүнүшүүдө

Кыргызстанда 1-июлдан тарта оң рулдуу унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салынган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 1-июлдан тарта оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынган
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкекте аймактардан келген 60ка чукул айдоочу "Ынтымак" паркынын аймагына чогулуп, бийликтен оң рулду таксилерге да лицензия берүүнү өтүнүштү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери болсо, 1-июлдан тарта рейд өткөрүп, бир шаардан экинчи шаарга оң рулдуу такси менен жүргүнчү же жүк ташыган унаа ээлерине айып пул салышууда.

Абазбек Торубаев он жылдан бери Бостери-Бишкек багытында такси айдайт. Унаасы оң рулдуу. Лицензия берилбей, июлдан бери иши кыйындаганын айтат.

"Оң рулдуу унаалардын айынан жол кырсыгы көп болууда деп жатышат. Оң рулдуу унаанын айынан эмес, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандардын айынан жол кырсыгы көп болууда. Минтип, элди кыйнабай, 2000-жылдан 2019-жылга чейин айдоочулук күбөлүк саткандарды жоопко тартуу керек болчу. Болбосо кудай сактасын, мен чымынды да, чиркейди да сүзө элекмин. Өз жолум менен барып, өз жолум менен келип жүргөн адаммын".

Абазбек Торубаевге окшоп, бир шаардан экинчи шаарга жүргүнчү ташыган ондогон айдоочулар бүгүн Бишкектеги "Ынтымак" паркына чогулушту. Эч кимге тоскоолдук жаратпайлы деп бир бурчта турушту. Алар оң рулдуу унааларга да такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия берүүнү бийликтен өтүнүп жатышат.

"Таксиге уруксат берип койсоңор, абдан сонун болот эле. Машинени саталы десек, биздин унааны эч ким албайт. 300 миң сомго да албайт. Сол рулдуу унааны алганга мүмкүнчүлүк жок. Каяктан МАИ кызматкерлери тосуп калат, эмне болот деп, эптеп эле жүрөбүз. Тоспосо экен деп, жакындаганда зикир чалып, кудай сакта, кудай сакта деп калам. Башка айла жок. Курулушка барайын десең бел жарабайт, жанагы балекет (грыжа) бар", - деди караколдук Абазбек Газиев.

"Он жылдан бери такси айдайм. Азыр дагы кыймылдап жатабыз. Бирок айып пул салып, кысып жатышат. Айып пул 7500 сом экен", - деди дагы бир айдоочу Абубакир Исмаилов.

Жашы алтымыштан ашып калган Хамидулла Мамытов үй-бүлөсүн багуу үчүн аргасыз иштеп жатканын, автобекеттерге кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей кыйналганын билдирди.

"Ынтымак" паркына чогулган айдоочулар лицензия киргизүү мөөнөтүн 2030-жылга чейин жылдырууну же айдоочунун жашына, иш тажрыйбасына жараша такси айдоого уруксат берүүнү сурашууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Актылек Куттубаев:

"Мен Аксыдан келдим. 16 жылдан бери такси айдайм. Ушунча жылдан бери бир дагы жолу кырсыктаган эмесмин. Эми баары кудайдан. Лицензия алса эле, кудайдан уруксат алды дегендик эмес да. Бизге да уруксат беришсин. Биз дагы каттайлы. Биз бала-бакырабызды ушуну менен багып жатабыз".

Жаныбек Байзаков:

"Мындай, таксисттердин балдары көп болот жана кредиттери көп болот. Менин алты насыям бар. Ошону эптеп-септеп төлөп жатканбыз. Эми кантип төлөйбүз?! Президентибиз жок дегенде оң рулдуу унааларга 2030-жылга чейин уруксат берсе жакшы болот эле".

Ильяс Кенжекулов:

"Негизи жол кырсыгы оң рулдуу унаалардан болуп жатат дешет. Жок, жол кырсыгы оң рулдан эмес, айдоочудан көз каранды. Ошондуктан жашы отуздан өйдө, айдоочулук тажырыйбасы жети жылдан жогору болгондорго лицензия берилсе, жакшы болот эле деген ойдомун".

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 1-июлдан тарта рейддерди өткөрүп, оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташыган айдоочуларга айып пул салууда.

Жеке тараптарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.

Кыргызстанда 2025-жылы 22-августтта такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Айдоочулардын өтүнүчү менен бул мөөнөт алгач 2026-жылдын 1-февралына, кийин 1-июлга чейин жылдырылган.

Коомчулук арасында оң рулдуу унаа катышкан жол кырсыктары көп экенин белгилеп жүрөт.

Расмий маалымат боюнча, быйыл 16-июлга карата республика боюнча 2695 миң жол кырсыгы катталып, 3677 адам жаракат алган. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 4179 авария болуп, 6145 адам ар түрдүү деңгээле жаракат алган.