Израилде чечүүчү шайлоо: коом экиге бөлүнгөн

sd
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Үч жылга созулган согуштардан, коопсуздук кризистеринен жана курч саясий талаш-тартыштардан кийин Израил кайрадан маанилүү тандоонун алдында турат. 27-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо өкмөттүн тагдырын гана эмес, өлкөнүн келечекте кандай мамлекет болору тууралуу талаштарга да жооп бериши мүмкүн.

Акыркы сурамжылоолор бийликтеги коалиция менен оппозициялык блоктун ортосундагы айырма анча чоң эмес экенин көрсөтүүдө. Миллиондогон шайлоочулардын арасында биринчи жолу добуш бере турган жарым миллионго жакын жаштар да бар. Ошондой эле миңдеген израилдиктер шайлоого катышуу үчүн чет өлкөдөн кайтып келгени кабарланууда.

Ишемби күнү Тель-Авивдин борборунда миңдеген адам чогулуп, өкмөттүн алмашышын талап кылышты.

"Мен тынчтыкты каалайм, коопсуздукту каалайм. Ошондой эле коррупцияга чекит коюлуп, диний радикалдар саясаттан четтетилишин каалайм", - деди 21 жаштагы Омри.

Нетаньяхунун негизги атаандашы ким?

Бул шайлоо өнөктүгүндө көпчүлүктүн көңүлүн бурган саясатчылардын бири - борборчул Гади Айзенкот.

Саясатка салыштырмалуу жакында келген Айзенкот буга чейин Израил армиясынын Башкы штабынын башчысы болуп иштеген. Ал курч билдирүүлөргө караганда сабырдуу жана салмактуу сүйлөгөнү менен белгилүү. Айрым байкоочулар аны атүгүл "саясатчы эмес саясатчы" деп аташат.

Акыркы сурамжылоолордо анын "Яшар" партиясы Биньямин Нетаньяхунун "Ликуд" партиясынан бир нече жолу алдыга чыккан.

Бирок Израил саясатынын өзгөчөлүгү - өкмөттү бир партия эмес, коалиция түзөт. Ошондуктан кайсы партия биринчи орунду ээлегени эмес, ким көбүрөөк өнөктөш топтой алганы маанилүү.

"Бул шайлоо мамлекеттин келечеги жөнүндө"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айзенкоттун тарапташтары анын жөнөкөйлүгүн жана элге жакындыгын негизги артыкчылыгы деп эсептешет.

"Ал адамдардын көзүнө тике карап сүйлөйт. Өзүн башкалардан жогору койбойт. Эң негизгиси - уга билет", - дейт анын тарапташтарынын бири Давид.

Газадагы согушта уулунан айрылган Айзенкот өзүн өлкөнүн бай элитасынын өкүлү катары эмес, карапайым жарандардын жана алыскы аймактардын тургундарынын кызыкчылыгын жактаган саясатчы катары көрсөтүүдө.

Шайлоочулар менен жолугушууларында ал негизги маселе коопсуздук менен эле чектелбей турганын белгилейт.

"Бул шайлоо коопсуздук, экономика жана билим берүү жөнүндө. Бирок баарынан мурда, ал Израилдин кандай мамлекет болору тууралуу. Биз кандай Израилди көргүбүз келет?" - деген ал.

Оппозициянын тарапташтары Нетаньяхунун өкмөтүн демократияга коркунуч катары баалашат. Алар премьер-министрди сот системасынын ыйгарым укуктарын чектөөгө аракет кылып жатат жана 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуу боюнча көз карандысыз мамлекеттик иликтөө жүргүзүүдөн баш тартып жатат деп айыпташат.

Эйзенкоттун «саясатчы эмес саясатчы» катары образы көптөгөн шайлоочуларга жагат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эйзенкоттун «саясатчы эмес саясатчы» катары образы көптөгөн шайлоочуларга жагат.

Нетаньяхунун негизги куралы — коопсуздук

Биньямин Нетаньяху шайлоо өнөктүгүн улуттук коопсуздук темасынын айланасында жүргүзүүдө.

Анын негизги ураандарынын бири - "Биз багынбайбыз".

Нетаньяху атаандаштарын коопсуздук маселесинде "жумшак позицияны" карманат деп айыптайт. Ал айрым оппозициялык партиялар парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн араб партиялары менен кызматташуусу мүмкүн экенин белгилеп, муну улуттук коопсуздукка коркунуч катары көрсөтүүдө.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС баштаган куралдуу топтор Израилге кол салып, 1 200гө жакын адамды өлтүрүп, 251 адамды барымтага алган.

Бул окуя Израилдин тарыхындагы коопсуздук жаатындагы эң оор мүчүлүштүктөрдүн бири болгонуна карабастан, Нетаньяху азыр да өзүн өлкөнү коргой ала турган жалгыз лидер катары көрсөтүүдө.

"7-октябрдан кийин ал бүтүндөй Жакынкы Чыгыштын көрүнүшүн өзгөрттү", - дейт анын тарапташтарынын бири Шломи Башер.

Кызыгы, 7-октябрдагы окуялар айрым шайлоочуларды Нетаньяхудан алыстатса, башкаларын кайра катаал саясатчыларды колдоого түрткөн.

Газадагы чек арага жакын жайгашкан Сдерот шаарында жашаган Эял Хажби мурда "Ликуд" партиясына добуш берип келген. Бирок бул жолу ал ашкере оңчул саясатчы Итамар Бен-Гвирдин партиясын колдой турганын айтты.

"Үй-бүлөбүз мурдагыдан да радикалдашып кетти. Мурда ойлонуп туруп добуш берчүбүз, эми эч кандай күмөн санабайбыз", - дейт ал.

Сурамжылоолорго караганда, жаш шайлоочулардын арасында ашкере оңчул партияларды колдогондор көбөйүүдө.

Сдеротто Би-Би-Си менен сүйлөшкөн 18 жаштагы жаштардын тобу да "Диний сионизм" партиясына добуш берерин айтты.

Алардын пикиринде, 7-октябрдагы окуялар сүйлөшүүлөргө жана мунасага болгон ишенимди ого бетер азайткан.

Израилдин Газадагы аскердик өнөктүгү аймактын чоң бөлүгүн урандыга айлантты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин Газадагы аскердик өнөктүгү аймактын чоң бөлүгүн урандыга айлантты.

Оппозиция бардык маселеде бирдей позицияны карманбайт

Бирок Израил саясатындагы бөлүнүү дайыма эле тышкы дүйнө элестеткендей кескин эмес.

Айзенкот жана башка оппозиция лидерлери Нетаньяху менен демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелеринде талашып-тартышканы менен, коопсуздук жана Палестина маселелеринде алардын ортосундагы айырмачылыктар анчалык чоң эмес.

Айзенкот Газада ХАМАСтын бийлигин бир жарым жылдын ичинде токтотууга убада берген. Анын пикиринде, бул дипломатиялык жол менен же аскердик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Ошондой эле негизги оппозициялык партиялардын дээрлик бардыгы Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарынын белгилүү бир бөлүгүн сактап калууну колдошот. Алардын эч бири көз карандысыз Палестина мамлекетин ачык колдогон эмес.

Байкоочулар шайлоонун жыйынтыгы саясий туңгуюкка кайрадан алып келиши мүмкүн экенин айтышууда. Эки тараптын тең өз алдынча парламенттик көпчүлүктү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болушу ыктымал.

Мындай шартта араб партиялары чечүүчү күчкө айланышы мүмкүн. Бирок азыркыга чейин жөөт оппозициялык партияларынын көпчүлүгү алар менен коалиция түзүүгө даяр эмес экенин билдиришкен.

Ошондуктан шейшембидеги добуш берүү өкмөттүн тагдырын гана эмес, Израил демократиясынын канчалык бекем экенин да сынашы мүмкүн.

7-октябрдагы окуялар, андан кийинки согуштар жана ички саясий карама-каршылыктар өлкөнү дагы да эки лагерге бөлдү. Эми шайлоочулар коопсуздукту биринчи орунга коёбу же демократия менен ички реформаларга артыкчылык береби? Бул суроого шайлоонун жыйынтыгы жооп берет.