Өзбек курамасына жан тарткан кыргыз күйөрмандар

Өзбек курамасына жан тарткан кыргыз күйөрмандар
Published

Өзбекстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатындагы экинчи беттешинде Португалия менен күч сынашты. Бишкектиктер үчүн эски аянтта фан-зона уюштурулду. Кыргыз күйөрмандары өзбек курамасын сүрөп, колдоп турушту.

Өзбекстан Португалия, Колумбия жана Конго курамалары менен К тайпасында ойноп жатат. Ал Колумбияга 3:1, Португалияга 5:0 эсебинде жеңилди. Ошентсе да өзбек курамасы бул чемпионатта тарыхый голун киргизгенге үлгүрдү. 28-июнда Өзбекстан Конго курамасына каршы ойнойт.