Өзбек курамасына жан тарткан кыргыз күйөрмандар

Видеонун түшүндүрмөсү, Өзбек курамасына жан тарткан кыргыз күйөрмандар
Өзбек курамасына жан тарткан кыргыз күйөрмандар
Published

Өзбекстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатындагы экинчи беттешинде Португалия менен күч сынашты. Бишкектиктер үчүн эски аянтта фан-зона уюштурулду. Кыргыз күйөрмандары өзбек курамасын сүрөп, колдоп турушту.

Өзбекстан Португалия, Колумбия жана Конго курамалары менен К тайпасында ойноп жатат. Ал Колумбияга 3:1, Португалияга 5:0 эсебинде жеңилди. Ошентсе да өзбек курамасы бул чемпионатта тарыхый голун киргизгенге үлгүрдү. 28-июнда Өзбекстан Конго курамасына каршы ойнойт.