Жоокер Томдун изи менен: советтик туткун жөнүндө үй-бүлөлүк сырдын жандырмагы

- Author, Ольга Ившина
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Норманд аралдарында нацисттердин лагеринен качып чыгып, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин немис баскынчыларынан жергиликтүү үй-бүлөнүн үйүндө жашынып жүргөн советтик туткундун кийинки тагдыры кандай болгонун 80 жылдан ашык убакыт бою эч ким билбей келген.
Бул туткун Бокиджон же жөн эле Том деген ысым менен гана белгилүү эле. Ал нацисттик чептерди куруу үчүн Жерси аралына алып келинген 2 миңдей советтик согуш туткундун бири болчу.
1945-жылы Том башка аман калган туткундар менен биргеликте СССРге жиберилген. Ал байланышып турууга убада бергени менен, мекенине кайтып келгенден кийин андан эч бир кабар келген эмес.
Акыры Би-Би-Синин кабарчылары Бокиджондун урпактарын Борбордук Азиядан – Өзбекстандын алыскы чыгышынан таба алды.

1943-жылы Том Жерси аралындагы нацисттик эмгек лагерлеринин биринен качып чыккан. Чарчап-чаалыккан, ачка, ындыны өчкөн Том жергиликтүү дыйкандар Жон жана Феллис Ле Бретондордун эшигин каккан. Ле Бретондор кандай тобокелдикке барып жатканын түшүнүп турганы менен, Томго баш паанек берип, өмүрүн сактап калышкан.
Лагерлердеги шарттар өтө оор болчу.
"Биз эртең мененки саат алтыдан кечки алтыга чейин карьерден таш терип, аларды ташычубуз. Түшкү тамакка шорпо, ал эми кечинде бир аз май кошулган нандын кесигин беришчү. Эртең менен тамак жок, жумушка ачка чыкчубуз", - деп жазган Том күндөлүгүнө.
"Болбогон нерсе үчүн бизди мыкаачылык менен сабашчу... эгерде иштегенге алыбыз калбай калса, бизди ач калтырып, кайрадан сабашаар эле; алар ооруп жатканыбызга эч качан ишенишчү эмес".
Ле Бретондор Бокиджонду өз үйүндө эки жылдан ашык убакыт жашырып келишкен.
Корко тургандай эле тобокелдик бар болчу. Жерсинин дагы бир тургуну Луиза Гулд Фёдор Бурый аттуу советтик качкынга баш паанек бергени үчүн Равенсбрюк концлагерине айдалып, газ камерасында өмүрү менен кош айтышкан. Луиза качкынды үйүндө жашырып жатканы тууралуу немис бийлигине кошуналары эле айтып коюшкан.

Сүрөттүн булагы, Atlantic-Press/ullstein bild via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жон жана Феллис Ле Бретондор лагерден качып чыккан жоокерге ушунчалык ишенишкендиктен, ага балдарына, анын ичинде кызы Далсиге китеп окуп, аны менен ойноого уруксат беришкен.
"Биздин ардактуу Том байкебиз, биз аны абдан жакшы көрчүбүз. Ал менин согуш тууралуу эң негизги эскерүүм, анын сүрөтү ушул кезге чейин керебетимдин жанында турат", - дейт Далси. Ал ушул жылы июнда 90 жашка чыгат.
"Бирок мен ушул кезге чейин согуштан кийин анын тагдыры кандай болгонун биле албай келем".
1945-жылы май айында Норманд аралдары фашисттерден бошотулгандан кийин аман калган башка советтик согуш туткундары сыяктуу эле Том да СССРге жөнөтүлгөн. Европа аркылуу үйүнө баратканда Жерсиге андан үч кат келген, бирок андан кийин эч кабар болгон эмес.
Советтер Союзуна кайтып келген мурдагы согуш туткундары адатта НКВДнын чыпкалоочу лагерлеринде текшерилип, суракка алынчу. Совет бийлиги жоокерлердин туткунга түшүү фактысынын өзүн кыянаттык катары баалап, душман менен тил табышкан болушу ыктымал деген шек менен мамиле жасачу.
Айрым туткундарга акыры кадимки жашоого кайтууга уруксат берилчү. Бирок туткундардын басымдуу бөлүгү ишенимден чыгып, жумушка орношуп жатканда олуттуу тоскоолдуктарга туш болуп, карьералык өсүшкө жете алай, кысым алдында жашоого мажбур болушкан.
Айрымдары соттолуп, СССРдин аймагындагы эмгек лагерлерине жөнөтүлгөн. Ал тургай советтик диктатор Иосиф Сталин 1953-жылы көз жумгандан кийин да мурдагы согуш туткундарына карата начар мамиле бир маалда эле оңолуп кеткен эмес.

Сүрөттүн булагы, Alderney archives
Ле Бретондорго жазган каттарынын алдына Том "Бокиджон Акрам" деп кол койчу, бирок бул үй-бүлө да, Жерсинин тарыхчылары да анын толук аты-жөнүн же кайсы жерде туулуп-өскөнүн биле албай келишкен.
Андан соң издөө иштерине Би-Би-Си Орус кызматы кошулду.
Биз көп жылдардан бери советтик жана согуш маалындагы архивдерди дыкат изилдеп келсек да, дал ушул окуянын чоо-жайын аныктап билүү өзгөчө оор болду.
Том англис тилинде кол койчу, анын ысымы орус тилине кантип которулганы да түшүнүксүз эле – ал маалда СССР боюнча орус тили расмий документтерде колдонулчу.
Биз ондогон жазууларды жана кол жазмалардын жүздөгөн варианттарын текшерип чыгып, Том күндөлүгүнө жазган маалыматтардын жардамы менен издөө айлампасын акырындык менен азайтып келдик.
Бул жазууларга таянсак, ал 1941-жылы армияга чакырылганда 30 жашта болгон; ал азыркы Украинанын аймагында согушуп, ошол жерде туткунга алынган жана балким, Борбордук Азиядан келген болушу ыктымал.
Андан соң издөөлөрдүн жыйынтыгы болжолдуу бир талапкерди көрсөттү: 1910-жылы туулган жана азыркы Өзбекстандын аймагында жайгашкан Наманган шаарынан аскерге чакырылган Бокиджон Акрамов деген жоокер болгон экен.

Биз ал ондогон жылдардан кийин Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланды деген жазууну таптык. Өзгөчө маанилүү болгону – бул жазууда анын үй дареги да көрсөтүлгөн экен.
Дал ушул маалда издөө иштерине Би-Би-Синин Өзбек кызматы да кошулуп, көрсөтүлгөн даректи текшерүү үчүн Наманганга жолго чыгышкан. Кабарчыларда жергиликтүү тургундардын бири Бокиджонду эстеп калышы мүмкүн же Ле Бретондордун үй-бүлөсү сактап калган сүрөттөрдөн тааный алышы ыктымал деген үмүт болгон.
"Чоң атамдын сүрөттөрүн кайдан алдыңар?" - Би-Би-Синин өкүлдөрүнө эшикти ачкан эркек мына ушундай суроону узатты.
Анын аты Шамсутдин Ахунбаев жана ал Бокиджон Акрамовдун небереси болчу.
Бул сүрөттөрдүн артында кандай окуя жатканын угуп, Ахунбаев көзүнө жаш алды.
Туугандардын айтымында Бокиджон Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда башынан өткөргөн окуяларды көп айтчу эмес.
Бирок бир жагдай туугандарын дайыма таң калтырчу. Ал акылдуу жана жөндөмдүү адам болгонуна карабастан, квалификацияны же өзгөчө мамилени талап кылган жумуштарга аны эч ким алчу эмес. Бокиджон көп жылдар бою Намангандагы заводдо багбан болуп иштеген.
Балким согуш маалында туткунга түшүп калганы анын кесипкөй ишине олуттуу таасир эткен болушу ыктымал.
Туугандарынын айтымында, Бокиджон Акрамов узак жана бактылуу өмүр сүрүп, 1996-жылы дүйнө салган. Андан кийин кызы да көз жумган.

Сүрөттүн булагы, Jersey heritage
Би-Би-Си Бокиджондун Өзбекстандагы үй-бүлөсү менен ушул кезге чейин Жерси аралында жашап жаткан Далси Ле Бретондун видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүсүн уюштурууга жардам берди.


"Ардактуу Далси, биз сиздин үй-бүлөңүзгө кайраттуулугу жана боорукердиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз, - деди Шамсутдин Акрамов. – Биздин чоң атабыз силердин үй-бүлөңөрдүн көмөгү менен гана согушта аман калып, бизге өмүр тартуулады. Сизди тапканыбызга абдан кубанычтабыз. Биз сизди Өзбекстанга чакырабыз жана сизди ар дайым өз үйүбүздө күтөбүз".
"Менин ата-энем бул адамгерчиликке жаткан иш болгону үчүн гана ушундай кадамга барышты, - деп жооп берди Далси Ле Бретон. – Алар Жерсиде советтик жоокерлерге жардам берген жалгыз үй-бүлө эмес, мындай адамдар көп эле. Мындай окуялар ондоп саналат жана мен адамдар ушундай окуяларды угуп-билип, эсинен чыгарбашын каалайт элем".
Бул окуяны уккандан кийин Өзбекстандын бийлиги Жон жана Феллис Ле Бретонго "эрдиги жана боорукердиги" үчүн "Достук" орденин ыйгарууну чечти. Бул орден өлкөдө эң жогору мамлекеттик сыйлыктардын бири болуп саналат.

































