"Үч адам өлдү". Круиздик лайнердин жүргүнчүлөрүнө жуккан хантавирус канчалык кооптуу?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Бир нече жүргүнчүсү өлүмгө алып келүүчү хантавирусту жуктуруп алган MV Hondius круиздик лайнери Канар аралдарын көздөй багыт алды. Жергиликтүү бийлик Испания өкмөтүнүн лайнерди кабыл алуу чечимине каршылык көрсөткөнү менен, адистер инфекциянын жайылып кетүү ыктымалдыгы өтө төмөн экенин билдирүүдө.
Хантавирустар же ортохантавирустар - бул вирустардын бүтүндөй бир тукуму. Анын аталышы Түштүк Кореядагы Хантан дарыясынын атына коюлган, анткени 1970-жылдары бул вирус жуккан чычкан алгач ирет ушул дарыянын жээгинен табылган.
Эгер медицина кызматкерлеринин түшүндүрмөлөрүн кыскача жыйынтыктай турган болсок, адамдын хантавирус жуктуруп алуусу өлүмгө алып келүүчү деңгээлде кооптуу болушу мүмкүн, бирок лайнерден табылган түрү - Андес вирусу - өтө сейрек кездешет жана адамдан адамга өтө тыгыз байланышта гана жугат, ал эми башка хантавирустар такыр жукпайт.
Ошондуктан, жада калса Hondius лайнеринин дени сак жүргүнчүлөрү жана экипажы үчүн вирус жуктуруп алуу ыктымалдыгы кыйла төмөн, ал эми "жээкте" эпидемия ыктымалдыгы жөнүндө айтпай эле койсо болот.
Эки түр, эки оору
Хантавирустар эки оор, өлүмгө алып келүүчү ооруну козгошу мүмкүн.
Биринчиси - хантавирустук өпкө синдрому. Ал көбүнчө чарчоо, дене табынын көтөрүлүшү жана булчуңдардын оорушу менен башталып, андан кийин баш оору, баш айлануу, чыйрыгуу жана тамак сиңирүү көйгөйлөрү менен коштолот. Эгерде респиратордук симптомдор, башкача айтканда, дем алуунун кыйындашы өнүгүп кетсе, өлүм көрсөткүчү болжол менен 38% түзөт.
Экинчи оору - бөйрөк синдрому менен коштолгон геморрагиялык ысытма. Ал кыйла оор өтөт жана биринчи кезекте бөйрөктөрдү жабыркатат. Кийинчерээк кан басымынын төмөндөшү, ички кан агуу жана бөйрөктүн курч жетишсиздиги сыяктуу белгилер пайда болушу мүмкүн. Өлүм көрсөткүчү вирустун түрүнө жана дарылоого жараша болот жана 20%дан ашып кетиши мүмкүн.
Дүйнөдө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын хантавирус жуктуруп алган 100 миңге чейин учур катталат, негизинен Европа жана Азияда. Учурлардын жарымынан көбү Кытайга туура келет.
Хантавирусту атайын дарылоо ыкмасы жок. Симптомдорду дарылоо үчүн колдоочу терапия колдонулат, ал кычкылтек терапиясын жана вируска каршы препараттарды камтышы мүмкүн, оору оор өткөн учурда өпкөнү жасалма дем алдыруу же диализ - жабыркаган жана өз ишин аткара албай калган бөйрөктөрдө канды тазалоо талап кылынышы мүмкүн.
Профилактика катары кемирүүчүлөр менен байланышты болтурбоо жана алардын калдыктарын тазалоодо коргоочу жабдыктарды колдонуу эсептелет.
Канчалык жугуштуу?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хантавирустар адамга негизинен кемирүүчүлөрдүн кургап калган заңында, заарасында же шилекейинде камтылган бөлүкчөлөр менен дем алганда жугат.
Сейрек учурларда вирус кемирүүчүлөр тиштегенде же тыткылаганда жайылышы мүмкүн.
Медиктер түшүндүргөндөй, бул вирустар адамдан адамга өтө сейрек жугат.
Микробиолог Сиукси Уайлз Би-Би-Сиге хантавирустун ар кайсы жерлерде пайда болгон очоктору адатта спорадикалык мүнөздө болуп, тез эле басылып каларын айтты.
"Вирустун адамдан адамга өтүшү өтө сейрек кездешет, чындыгында медициналык адабияттарда мунун такыр мүмкүн экендиги жөнүндө талаш-тартыштар жүрүп келет", - деди ал.
Уайлздын айтымында, Hondius окуясында дарыгерлердин азырынча жооп таба элек суроосу - лайнердеги адамдар кемирүүчүлөр менен байланышта болгондуктан "параллелдүү" жуктуруп алыштыбы же бир адам жуктуруп, андан кийин аны башкаларга өткөрдүбү?
Анын айтымында, инкубациялык мезгил бир жумадан сегиз жумага чейин созулушу мүмкүн. Бул кемеде жаңы ооругандар дагы пайда болушу мүмкүн дегенди билдирет.
Эпидемиолог Майкл Бейкер Би-Би-Сиге берген комментарийинде жүргүнчүлөр круизге чейин эле жуктуруп алышкан болушу мүмкүн, бирок узак инкубациялык мезгилден улам белгилери дароо байкалган эмес деп божомолдойт.
Андес вирусу
Hondius лайнеринин жүргүнчүлөрүнөн хантавирустун түштүк америкалык түрү - Андес вирусу табылган. Ал Түштүк Американын негизги тоо кыркасы болгон Анд тоолорунун атынан аталган.
Hondius Түштүк Америкадан, континенттин эң түштүгүндөгү Ушуая шаарынан сапарга чыккан.
Австралия улуттук университетинин инфекционист-профессору Санджай Сенанаяке Би-Би-Сиге Түштүк Америкада дал ушул Андес вирусу эң кеңири таралганын айтты.
Окумуштуунун айтымында, бул хантавирус адамдан адамга сейрек жугат, бирок жугушу мүмкүн.
Бул вирус өпкө синдромун козгоочу хантавирустардын тобуна кирет. Бул оору өпкөдө суюктуктун топтолушуна алып келет жана тиешелүү дарылоо болбосо, тез арада өлүмгө алып келет.
"Адамдар өтө катуу ооруп, бир нече күндүн ичинде каза болушат", - деди профессор Сенанаяке.
Ким жана кай жерден жуктурган?
Андес вирусу азырынча Hondius бортунда каза болгон үч адамдын биринен жана лайнерден эвакуацияланган же жолдогу аялдамалардан түшүп, үйүнө кайткан дагы бир нече адамдан табылды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 6-майга карата билдирүүлөрүнө ылайык, лайнердин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жалпысынан сегиз жуктуруу учуру катталган: үчөө тастыкталган жана бешөө толук тастыктала элек.
Бул адамдар кай жерден жуктуруп алганы азырынча белгисиз.
Нидерландыдан келген каза болгон жубайлар Ушуаяда Hondius кемесине отурардан мурун Түштүк Американы, Чили жана Аргентинаны кыдырып саякатташкан. Алар саякат учурунда жуктуруп алышы толук мүмкүн.
Андан кийин, круиздин жүрүшүндө, Hondius алгач Антарктикага барган, андан кийин Сандвич аралдарына, Тристан-да-Кунья аралына жана Ыйык Елена аралына токтогон.
Каза болгондордун биринчиси, 70 жаштагы голландиялык, ЖМКлардын маалыматы боюнча, Сандвич аралдарында токтоп турган учурда өзүн жаман сезип, беш күндөн кийин Тристан-да-Кунья аралына бараткан жолдо каза болгон.
Балким, медиктер вирустун генетикалык анализин жүргүзгөндө, инфекция кайсы аймакта жукканын аныктай алышат.
Азыр Hondius жүргүнчүлөрү өз каюталарында карантинге алынган. Oceanwide Expeditions компаниясынын маалыматы боюнча, MV Hondius кемесинде 80 каюта бар. Алардын көбүндө экиден жүргүнчү жайгашкан, бирок кээ бирлеринде үч же төрт уктоочу орун бар.
Круиздин башында лайнерде дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген 88 жүргүнчү жана 59 экипаж мүчөсү болгон.
































