Бишкекте расмий иш-чараларга байланыштуу айрым соода борборлору убактылуу жабылат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
31-август жана 1-сентябрда Бишкектеги айрым соода борборлору ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу мэрияда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча Координациялык комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, расмий делегациялар өтө турган маршруттардын боюнда жайгашкан ГУМ "Чынар", ЦУМ "Айчүрөк", "Бишкек Парк", "Азия Молл", "Ала-Арча", "VEFA Центр", "Дом торговли", "Гоин", "Beta Stores 1" жана "Беш-Сары Сити" соода борборлору 31-август жана 1-сентябрда иштебейт.
Мындан тышкары, 1 жана 2-сентябрда "Ош базары" менен "Сары-Өзөн" базарларынын жана алардын аймагындагы соода объектилеринин иши да убактылуу токтотулат.
Ошондой эле 29-август саат 15:00дөн тарта айрым жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жабылат. Алар Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Максим Горький көчөсүнүн, Чүй проспектиси менен Манас проспектисинин, Манас айылы менен Васильев трактынын, ошондой эле Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилиштеринде жайгашкан.
Мэриянын маалыматына ылайык, төрт административдик райондун башчыларына расмий делегациялар өтө турган маршруттарда жайгашкан башка соода түйүндөрүн да аныктап, зарыл болсо алардын ишин убактылуу токтотуу тапшырылды.
Бишкекте мындай чектөөлөр ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу киргизилип жатат. Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт, оюндардын ачылыш аземи Бишкекте болот.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 30-31-август жана 1-сентябрда Бишкектин тургундарын мүмкүн болсо Ысык-Көлгө же башка эс алуу жайларына барып турууга чакырган. Анын айтымында, бул күндөрү борбор калаада жолдор тез-тез жабылып, шаар ичинде жүрүү ыңгайсыз болушу мүмкүн.
Анын бул сунушу социалдык тармактарда талкуу жаратып, айрым шаар тургундары бийлик элге шаардан убактылуу чыгып кетүүнү сунуштабай, тескерисинче, шаардагы күнүмдүк жашоого ыңгайлуу шарт түзүшү керек деген пикирлерин билдиришкен.
Мындан тышкары, калаа бийлиги бул күндөрү эс алууну каалаган жарандар үчүн калаа бийлиги туристтик компаниялар менен жеңилдетилген шарттарды караштырып жатканын айткан.




























