Кыргызстан Кытай менен мунай заттарын импорттоо боюнча макулдашты

Мунай
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстан Кытайдан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү боюнча жаңы келишимдерди түздү. Бул тууралуу Министрлер Кабинети билдирди.

Маалыматка караганда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапары учурунда Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын башкы директору Ло Ичжоу менен жолугушкан.

Жолугушууда Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү маселеси талкууланган. Бул иштерди Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясына караштуу "Куньлунь Логистик" компаниясы аркылуу уюштуруу маселеси каралды.

Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү мамлекеттик органдары мунай заттарын жеткирүүнү тездетүү үчүн бир катар маселелерди да талкуулашты.

Тактап айтканда, Энергетика министрлиги жалпы иштерди координациялайт. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Бажы кызматы мунай ташыган жүктөрдүн чек арадан жана өткөрүү бекеттеринен тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоо маселесин карайт.

Тышкы иштер министрлиги жүктөрдү ташыган айдоочулардын визаларын алуу жол-жобосун жеңилдетүү боюнча иш алып барат.

Жолугушууда Борбор Азиядагы мунай рыногундагы кырдаалды эске алуу менен бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маанилүү экени белгиленди.

Кыргызстандан барган компаниялар Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен мунай продуктуларын Кыргызстанга ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү келишимдерге кол коюшту.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын башкы директору Ло Ичжоу Кыргызстан менен кызматташууну жана координацияны мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ал чек арадагы бажы жол-жоболорун жакшыртуу, чет өлкөлөрдөгү операцияларды жана техникалык тейлөөнү уюштуруу, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда ишенимдүү жана үзгүлтүксүз энергетикалык логистикалык коридор түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин айтты.

Кыргызстан күйүүчү май боюнча негизинен Орусияга көз каранды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жылдык күйүүчү майга болгон муктаждыгы болжол менен 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Орусиядан импорттолот. Орусиянын өзүндө болсо азыр мунай иштетүүчү заводдорго болгон украин чабуулдарынан улам күйүүчү май тартыштыгы болуп жатат.

Расмий Бишкек июль айынын башында учурдагы резерв 30-40 күнгө жетерин билдирип, чукул арада альтернативдүү камсыздоочулар менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Кыргыз өкмөтү Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.