Украина Омск мунай заводуна сокку урду. Кыргызстанга тийгизген таасири

мужчина в спецодежде выходит из здания, на котором большими буквами написано "газпромнефть", омский нефтеперерабатывающий завод

Сүрөттүн булагы, Gavriil Grigorov/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Заводдун архивдик сүрөтү, 2021-жылдын августу
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Атайын операциялардын күчтөрү Украина менен чек арадан дээрлик 2500 чакырым алыстыкта жайгашкан Омск мунайды кайра иштетүүчү заводуна сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Омск облусунун башчысы алгач Украина учурган дрондор "Омсктун түндүк өнөр жай түйүнүнө жеткенин" гана айткан, бирок, көп өтпөй мунайды кайра иштетүүчү заводго чабуул коюлганын моюнга алды. Би-Би-Синин аскердик баяндамачысы Павел Аксенов дрондордун 2500 чакырым аралыкты учуп өткөнү гана эмес, ошол эле учурда алардын атып түшүрүлбөгөнү да бул соккуну өзгөчө кылып жатканын белгилейт. Бул кандайча мүмкүн болду?

6-июлда түштөн кийин Омск облусунун губернатору Виталий Хоценко украиналык дрондор регионго чабуул коюп, бирок "баары атып түшүрүлгөнүн" билдирген.

Көп өтпөй ал "бир нече дрон Омсктун түндүк өнөр жай түйүнүнө жете алганын" тактап, мындан башка маалымат берген жок.

Ошол эле учурда украиналык телеграм-каналдар жана ЖМКлар чабуулдун максаты Омск мунайды кайра иштетүүчү завод болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Бул Орусиядагы эң ири мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бири, "Газпром-нефть" компаниясына таандык жана Омск шаарында жайгашкан. Бул завод украиналык дрондордун чабуулуна кабыла элек саналуу ири мунай иштетүүчү объектилердин бири болчу.

Украинанын тг-каналдар чыгарган, азырынча аныктыгы текшериле элек видеолордо өнөр жай объектисине соккудан кийин ал өрттөнүп, заводдон калың түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Ушундан кийин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Атайын операциялардын күчтөрү Украинанын мамлекеттик чек арасынан 2500 чакырым алыстыкта жайгашкан Омск мунайды кайра иштетүүчү заводуна сокку урганын билдирди.

Бул завод "Орусиядагы эң кубаттуу мунайды кайра иштетүүчү ишкана болуп саналат (жылына 21 миллион тоннадан ашык) жана күйүүчү, майлоочу майлардын жана мунай химиялык продукциялардын кеңири өңүтүн чыгарууга адистешкен", - деп белгиленет Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Украиналык аскерлер кубаттуулугу жылына 8,4 миллион тоннаны түзгөн заводдо ЭЛОУ-АВТ-11 мунайды баштапкы иштетүүчү орнотмону талкалаганын айтышууда. Бул маалыматтын көз карандысыз далили жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын билдирүүсүнөн кийин гана Виталий Хоценко жаңы билдирүү жарыялап, дрондор Омск заводуна кол салганын моюнга алды.

"Душмандын дрондору мунайды кайра иштетүүчү заводго чабуул койду. Орусиянын Коргоо министрлигинин абадан коргоо системалары дрондордун көбүн жок кылды. Баштапкы маалыматтар боюнча, каза болгондор жана жабыркагандар жок", - деп жазды Хоценко телеграмга.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Омск шаарындагы заводду кошо алганда, ушуну менен бензин чыгарган 11-заводго сокку урулганын билдирди.

Украиналык дрондордун мунайды кайра иштетүүчү заводдорго тынымсыз чабуулдарынын натыйжасында Орусияда күйүүчү май кризиси жаралып, бензин тартыш болуп, май куюучу жайларда узун кезектер пайда болду.

Омск мунайды кайра иштетүүчү заводу Кыргызстандын күйүүчү май рыногу үчүн маанилүү. Буга чейин "Газпром нефть" компаниясы Кыргызстанга жеткириле турган күйүүчү майды Омск шаарындагы заводдон сатып алары кабарланган.

Ошол эле учурда мунай ташуучулар күйүүчү майды башка заводдордон да сатып алышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан күйүүчү майдын 93% Орусиядан алат.

Би-Би-Синин Орус кызматынын аскердик баяндамачысы буларды түшүндүрдү:

Омск мунайды кайра иштетүүчү заводу Украинанын аймагынан болжол менен 2500 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бирок, дрондор учуп өткөн жолдун алыстыгы андан да узак болушу мүмкүн. Биринчиден, дрондор Казакстандын аймагын айланып өтүшү керек болчу. Экинчиден, абадан коргонуу системалары топтолгон аймактардан алысыраак учушу керек эле. Ошондон кийин гана каршы урган шамалга да туруштук бериши керек болчу – мунун баары аралыкты узартып, дрондорго кошумча жүк жаратарын эстен чыгарбаш керек.

Украинанын Куралдуу күчтөрүндө мындай мүмкүнчүлүктөр бар экенин буга чейин президент Владимир Зеленский да, алыскы аралыкка учкан дрондорду жана канаттуу ракеталарды чыгарган Fire Point компаниясынын өкүлдөрү да билдирген. Бирок дрондордун атып түшүрүлбөстөн, ушундай узак аралыкты багындырышы кечээги соккунун өзгөчөлүгү болуп калды.

Мындай дрондун крейсердик ылдамдыгы адатта саатына 160-180 чакырымды түзөт жана бардык түзөтүүлөрдү эске алганда, алар Орусиянын аймагында 15 сааттан ашык абада болушкан. Алардын атып түшүрүлбөгөнү эки фактыдан кабар берүүдө: биринчиден, Орусияда дрондорду атып түшүрүүгө бардык жерде эле даяр эмес, экинчиден, Украинанын аскерлери абадан коргонуу системалары кайда жайгашканын билет. Мындай рейдди даярдоо үчүн көптөгөн чалгындоо маалыматтары чогултулуп, аларды кылдаттык менен иштетиш керек.

Салыштырмалуу жапыз учкан дрондорду жерден атып түшүрүүгө, абадан каражаттар менен кармап калууга болот, алар жай учкандыктан кармап калууга убакыт да жетиштүү. Бирок Орусиянын аймагы өтө чоң болгондуктан, дрондор үчүн жакшы шарт түзүлүп, мындай түрдөгү соккулардан коргонуу мүмкүнчүлүгүн татаалдаштырып жаткандай.

Которгон Зейнеп Мартбек кызы.