ЖАМК: Абактагы Имамидин Ташовдун ден-соолугу канаттандырарлык

Ташов

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан Имамидин Ташовдун ден соолугу тууралуу комментарий берип, ишкердин абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Мекеме ага зарыл болгон учурда "Тез жардам" кызматы да медициналык жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ташовдун жактоочусу Асел Аргымбаева 19-20-июнь күндөрү тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун саламаттыгы начарлап, ага эки жолу "Тез жардам" чакырылганын Фейсбуктагы баракчасында жазып чыккан эле.

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ичинде №31 оорукана бар, ал жакта абактагылар ден соолугу боюнча маселе жаралса, текшерилип, тийиштүү дарылануудан өтө алат. Абактагы ар бир жарандын саламаттыгы тийиштүү кызматтардын көзөмөлүндө жана мыйзам чегинде каралат", -деп билдирди бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы.

"Эки жума мурун Ташовду соттук отурумга ал ооруну сездирбөөчү дарысын ичкенден кийин алып келишкен. Отурумду кийинки калтырууга туура келген. Өткөн аптада дене табы 38,5ке чейин көтөрүлүп отурумга келди. Мен дарыгер эмесмин, медициналык жактан баалай албайм, бирок мындай диагноз менен мунун кесепети оор болушу мүмкүн", - деп жазган эле Аргымбаева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.

Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.

Ташов кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

ЖАМК анын дооматтарынын баарын четке кагып келет.