"Ката көрбөйм, өз пикиримди айттым". Мурдагы президент Аскар Акаевдин Би-Би-Сиге маеги

Мурдагы президент Аскар Акаев. 21-июнь, 2026-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы президент Аскар Акаев. 21-июнь, 2026-жыл
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев "Ысык-Көл форумундагы" талкуу жараткан сунушу жана коомчулукта өзүнүн дарегине айтылган сындар тууралуу Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

- Аскар Акаевич, саламатсызбы?

- Саламат, саламат.

- Сиз Ысык-Көл форумунда "Кыргыз экономикалык кереметин" ишке ашыруу үчүн президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүүнү сунуштадыңыз. "Экономикалык керемет" үчүн 8-10 жыл керек дедиңиз. Ошондо сиз кыргызстандыктарды ачык эле Садыр Жапаровду кайра шайлоого чакырдыңызбы?

- Бул суроого жооп мындай: Бүгүнкү күнү Кыргызстанда сейрек кездешүүчү акыбал түзүлүп жатканын байкадым. Себеби, өзүңүздөр көрүп турасыздар, өткөн жылдарда Кыргызстандын экономикасы дүркүрөп өсүп, өнүгүп жатат. Үч жыл 10 пайыз менен өсүп жатат. Мындай өсүш Евразияда башка жок.

Эми алдын ала жоромол боюнча, быйыл да ошондой темп күтүлүп жатат. Мен ушундай темп пайда болот деп ойлойм. Мындан дагы 5-6 жыл ушул темп, ушул тенденция сакталса, анда сөзсүз ошол "экономикалык керемет" деп аталат.

Экономика сегиз-он жыл 8-10 пайыз менен өссө эле "экономикалык керемет" жаралат. Андай кийин экономика туруктуу өсүүгө мүмкүнчүлүк алып калат. Ошондуктан менин сунушум – азыркы ошол кереметти жаратып жаткан президент Садыр Жапаров ошону улантып, аягына чыгарып берсин деген ой-пикирим.

Дагы бир нерсесин айтып кетким келет. Экономикалык гана өсүш эмес. Азыр Кыргызстандын эл аралык имиджи дагы бийик. Мына быйыл тарыхый окуя болду. Кыргызстан алдыдагы 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланды. Ал эми 27-28-жылдар – бул дүйнөлүк кандайдыр бир тарыхый чечимдерди кабыл ала турган жыл болуп эсептелет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондуктан менин оюм – экинчи мөөнөткө шайланса. Мына төрт жыл жакшы өсүш болуп жатат дебедимби. Дагы беш жыл экинчи мөөнөткө иштесе, ошондо 9-10 жыл [болуп], керемет жаралып калышы мүмкүн. Ошондой ой-пикиримди билдирип жатам.

- Ошол эле учурда сиздин бир нече президенттик мөөнөткө шайланганыңызды, өлкөнү 15 жыл башкарганыңызды эске алганда, убагында бул сиздин бийликтен кетишиңизге бирден бир себеп болгонун да эске алганда, азыркы президентке мөөнөтүн дагы узартууну сунуштоо осол кадам деп ойлойбойсузбу?

- Эч кандай андай ойлобойм. Себеби Конституция боюнча, мыйзамдын негизинде Садыр Жапаровдун экинчи президенттик мөөнөткө талапкер катары өзүн коюшу – бул мыйзам ченемдүү. Бул Конституциянын ченеминде, туурабы? Экинчи мөөнөткө барат да? Бара алат да, туурабы? Ал эми шайлайбы, шайлабайбы, аны эл чечет. Туурабы?

- Ошентсе да экинчи мөөнөткө шайланууну сунуштап, элди чакырганыңыздын моралдык жагы коомчулукта айтылып жатат. "Моралдык укугу барбы?" деп сурап жатышат.

- Бул жагынан эч кандай ката көрбөйм. Себеби өз пикиримди айтып жатам. Мен азыр Кыргызстандын катардагы жаранымын.

- Форумда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "жакшы өтүнүшсө, Кыргызстанга келем" деген таризде сүйлөдүңүз. Тамашалап койдуңузбу же чындап эле айттыңызбы? Чын айткан болсоңуз, сизден ким суранышы керек?

- Ал менин жөнөкөй эле тамашам. Эртең менен форумга чакырышты. Кечинде эле учуп келип, Чыңгыз аганын форумуна катышып олтурам.

- Күн мурун да сизден "форумдун катышуучуларынын тизмесинде жок элеңиз, кандай шартта келип калдыңыз" деп сурагам...

- Мени мамлекеттик катчы телефон аркылуу чакырды. Анан чакыргандан кийин... Кыргызда "чакырган жерден калба, чакырбаса, басып барба" деген сөз бар.

- Сиздин келгениңиз жана Садыр Жапаровго кошумча мандат берүүнү сунуштаганыңыз коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул форумга көлөкөсүн тийгизип койду деп ойлогон жоксузбу?

- Жок, жок. Эч кандай. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Экинчи мөөнөткө шайлайбы, шайлабайбы, узартабы, узартпайбы, аны кыргыз эли чечет. Кыргыз эли акылман эл. Аны туура чечет. Мен эч кандай күмөн санабайм.

- Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгын белгилеп жатат. Алгачкы 15 жылын сиз башкардыңыз. Эң негизги жетишкендигим жана эң чоң кемчилигим эмне болду деп ойлойсуз?

- Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары түптөлүп, өсүп-өнүгүп келе жаткан жылдарда президент болуп иштедим. Ошондуктан мен эл шайлап, ишенич кылгандан кийин мен аткарууга тырыштым. Биринчиден, айткым келет, бүт күчүмдү, билимимди жумшап кызмат кылып бердим.

Туура, жакшылыктар да болду, кемчиликтер да болду. Иштеген жерде сөзсүз кемчиликсиз болбойт. Тарыхта кемчиликсиз иштеген жетекчини мен дүйнөдө билбейм.

Бул – биз мамлекетти түптөп жаткан кез болгон. Биринчиден, жаманбы, жакшыбы, биз демократиялык жолго түштүк. Экинчиден, биринчи болуп финансы системасын курдук. Улуттук валюта киргиздик. Жер реформасын өткөрдүк. Жер реформасынын механизмдери аркылуу мына Кыргызстандын айылда жашаган калкыбыз рынок экономикасына өтүп, бүгүнкү күндө турмушу жакшы өсүп, өнүгүп жатат.

Биз Эл аралык соода уюмуна биринчи болуп өттүк. Анын да жакшы жактары болду. Себеби совет доорунда өзбек мамлекети гана соода-сатык жүргүзүп, тажрыйбасы бар болчу. Кыргыз калкында жок эле. Мына ошол аркылуу кыргыздар да соода-сатыкка көнүп, рынок экономикасына кирип кетти. Мына, бүгүн рынок экономикасынын негизинде Кыргызстан дүркүрөп өсүп-өнүгүп жатпайбы.

- Чоң катачылык кайсы болду деп ойлойсуз?

- Катачылыктын баарын эл билет.

- Кайсы катаңызды азыркы бийлик кайталабашы керек?

- Мен стабилдүүлүктү каалайм. Бир гана стабилдүүлүк.

- Кайсы катачылыктарга жол берилбеши керек? Сиздин 15 жылдык тажрыйбаңыз бар да.

- Аны элибиз жакшы билет. Элибиз талап кылып жообун алат.

- Аксы жана Март окуяларын эскересизби? Аларды болтурбай койсо болот беле?

- Мен бүгүн Москва университетинде эртеден кечке чейин, толук профессор болуп иштейм. Өткөн-кеткенди эстегенге менде убакыт жок.

Анан марттагы окуяларды болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк жок болчу. Себеби ал эл аралык таасир менен уюштурулган нерсе. Андай түстүү төңкөрүштөр, революциялар, өзүңүздөр жакшы билесиздер, бардык эле жерде өткөн.

Эң биринчи 2003-жылы Грузияда, андан кийин 2004-жылы Украинада, 2005-жылы план Орто Азияда. Орто Азиянын ичинен Кыргызстанда уюштуруп өткөрүштү. Аны болтурбай коюуга менде мүкүнчүлүк болгон эмес.

Андан кийин Өзбекстанда уюштурууга аракет жасашты. Бирок ишке ашкан жок. Жакшы болду. Себеби мына төңкөрүшсүз, революциясыз Өзбекстан 35 жылдан бери стабилдүү өсүп-өнүгүп келе жатат.

- Ошол эле учурла эл, коомчулуктун бир бөлүгү сизди азыркыга чейин үй-бүлөлүк башкаруунун үрөнүн сепкен, коррупцияны гүлдөткөн деп (эсептеп келишет)...

- Эми мен сизден сурагым келет. Менин үй-бүлөмдөн менден башка ким башкарды?

- Ошол эле уулуңуз менен кызыңыздын депутаттыкка шайланып келиши...

- Менин кызым 2004-жылы мен бийликти бүтүрүп жаткан кезде келген болчу. Ал эми уулум болсо, ошол жылдарда да Финансы министрлигинде кеңешчи эле болуп иштечү. Министр болуп иштеген жок. Менин уулум администрация башкарган жок.

Ал кеңешчи болуп иштеп, Кыргызстандын тышкы карызын кечирүүгө... Өзү адис. Эл аралык финансы адистиги боюнча Америкадан бүтүп келген. Ал Кыргызстанга болгону жардам берди. Эч кандай анын зыяны тийген жок. Эч кимди башкарган эмес.

- Демек, эл арасында айтылып жүргөн "жубайы, балдары башкарган" дегенге такыр кошулбайсызбы?

- Бир мисал келтирип бересизби? Менин жубайым кимди башкарыптыр? Менин жубайым эмне жаман иш жасаган? Менин жубайым фонд түзүп, кыргыздын жаштарын өстүрөйүн, таланттарын өстүрөйүн деп, бала бакчаларды уюштуруп, балдар үйлөрүн уюштурду.

Мына Чолпон-Атада тап-татынакай кылып пайдаланып жатышат. Бишкекте балдар кыштагын пайдаланып жатышат. Алар кыргыздын пайдасына иштеп жатат. Ар бир райондо балдарга билим берүү боюнча борбор уюштуруп, балдарга компьютер алып келип, компьютерге үйрөткөн. Анын баарын кийинки президент таш-талканын чыгарып жоготту. Кимге зыян болду? Кыргыздын балдарына, айылдагы балдарга зыян келди.

Менин аялым эч кимди башкарган эмес. Кыргыздын жаш таланттарын көтөрүп... Мына жаш таланттардын ичинен эки атактуу пианист Америкада: Кайры Кошоева жана дагы бир пианист. Бир скрипач Бонндо симфониялык оркестрде биринчи скрипка болуп ойнойт. Мына ошолордун баарын даярдаган Кыргызстанга зыянбы?

- Демек, өзүңүз эле башкаргансыз?

- Өзүм гана башкаргам. Эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу болгон эмес. Мунун баары жалган жалаа.

- Эми акыркы суроомду бере кетейин. Глобалдык согуш, конфликттердин фонунда Кыргызстан эми эмнелерди эске алышы керек деп ойлойсуз?

- Бүгүн Кыргызстандын абалы жакшы. Эл аралык имиджи жакшы. Ошондуктан бир гана стабилдүүлүк керек. Стабилдүүлүк болсо, алдыдагы 5-10-жылдын ичинде, кудай буюрса, өсүп, өркүндөп, демократиялык мамлекеттердин катарында алдыга жыла берет.

- Суроолорубузга жооп бергениңизге ыраазычылык.