Ташиевдин иши: Сот кайра жабык өтө турган болду

нг
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын сотун кайрадан жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

22-июндагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар - прокурорлор жараянды жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Буга алар журналисттердин катышуусу соттук отурумга тоскоолдук кылып жатканын негиз келтиришти. Жабык өткөрүүнү айрым айыпталуучулар колдосо, башкалары каршы чыкты. Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдой турганын айтышты. Ал эми айыпталуучу Курсан Асанов буга каршы экенин билдирип,ачык өткөрүүнү талап кылды. Судья аны тартип бузду деп, сот залынан чыгартып салды.

Жыйынтыгында судья сотту жабык өткөрүү өтүнүчүн канааттандырып, журналисттерди залдан чыгарды

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт. Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда.

Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.