Иорданияда чиркөөдөгү кандуу кол салууга байланыштуу үч адам өлүм жазасына тартылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Иорданиянын соту чиркөөдө адамдардын өмүрүн алган куралдуу кол салууга катышкан үч адамды дарга асуу жолу менен өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды.
23-октябрда болгон кол салуудан тогуз адам каза болуп, дагы 34ү жаракат алган. Окуя Карак провинциясындагы грек-православ чиркөөсүндө христиандардын жаназасы учурунда болгон. Бул аймакта христиан жамаатынын саны кыйла көп.
Жекшемби күнү Иорданиянын Куралдуу күчтөрү кол салууга шектелгендер "террордук актыларды жасоого", курал-жарак сактоого, "террордук уюмдун идеяларын жайылтууга" жана "террордук актыларды уюштуруу максатында сүйлөшүү жүргүзүүгө" күнөөлүү деп табылганын билдирди.
Шектүү эки бир тууган жана алардын биринин аялынын тууганы кол салуудан кийин окуя болгон жерден качып кетишкен. Үч күндөн соң алар кармалган. Алардын аты-жөнү ачыкка чыгарылган жок.
Кол салуу болгон күнү көзөмөл камераларына түшкөн кадрларда куралчан үч адамдын Хмуд айылындагы Ыйык Георгий чиркөөсүнө жакындап келип, ок чыгарганы көрүнөт.
Дагы бир видеодо каза болгон адамдын сөөгүн жана жаракат алгандарды көрүүгө болот.
Азырынча кол салгандар эмне себептен дал ушул чиркөөнү бутага алганы белгисиз.
Окуядан көп өтпөй Иорданиянын королу Абдалла II X социалдык тармагына билдирүү жарыялап: "Карактагы террордук кол салуу боюнча күнөөлүүлөргө эң катаал чаралар көрүлөт. Ок атуу менен Иордания элин бөлүп-жарабыз деп ойлогондор жаңылышат. Анткени биздин биримдигибизди эч ким буза албайт",- деп жазган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кол салуудан кийин качып кеткен үч шектүү кийинчерээк борбор шаар Аммандын түштүгүндө жайгашкан Карак провинциясындагы кароосуз калган үйдөн табылган.
Коомдук коопсуздук башкармалыгынын маалыматына караганда, алар багынып берүүдөн баш тартып, коопсуздук күчтөрүнө ок чыгарышкан. Буга жооп катары күч кызматкерлери ок атып, үчөөнү тең жарадар кылышкан. Атышуу учурунда коопсуздук кызматкерлеринин эч кимиси жабыркаган эмес.
Король Абдалла шектүүлөрдү колго түшүргөн коопсуздук күчтөрүнүн аракетин жогору баалаган.
Карактагы чиркөөгө кол салуудан бир жума өткөн соң Иордания Сириядагы террордук уюмдарга таандык деп эсептелген объектилерге абадан сокку урган.
Сириянын саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү мамлекеттик маалымат каражаттарына билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндөгү Дараа провинциясында жайгашкан айылга жасалган соккудан беш адам, анын ичинде аялдар, балдар жана улгайган киши каза болгон.
Иорданиянын билдирүүсүндө, аба күчтөрү "бир нече террористти жок кылып, жарадар кылганы" айтылган. Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат берилген эмес.
Иордания бул операция Сириянын өкмөтү менен макулдашылганын билдирген. Бирок Дамаск сокку урулары тууралуу алдын ала кабардар болбогонун айткан.
Иордания 2006-2014-жылдары жана 2017-жылдан быйыл июнь айына чейин өлүм жазасын аткаруудан баш тартып келген.





























