Кытайдын экономикалык өсүшү басаңдап, коюлган максаттарга жетпей калды

Сүрөттүн булагы, VCG via Getty Images
- Author, Питер Хоскинс
- Role, Бизнес кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Кытайдын экономикасынын өсүшү апрелдин башынан июндун аягына чейин кескин басаңдады. Буга өлкө ичиндеги суроо-талаптын алсыздыгы жана Ирандагы согуштун мунайдын баасына тийгизген таасири себеп болуп, бул факторлор экспорттун күчтүү көрсөткүчтөрүн да көлөкөгө калтырды.
Расмий маалыматка ылайык, дүйнөдөгү экинчи ири экономика саналган Кытайдын ички дүң өнүмү (ИДӨ) экинчи чейректе 4,3% өстү. Бул Бээжин жылдык максат катары белгилеген көрсөткүчтөн төмөн болуп, биринчи чейректеги 5% өсүшкө салыштырмалуу жайыраак болду.
Бул маалымат өкмөт жарыялаган статистикадан бир күн өткөндөн кийин чыкты. Анда Кытайдын экспорту июнь айында былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 27% өскөнү айтылган.
Март айында Кытай экономиканын өсүү боюнча жылдык максатын 4,5–5% деп белгилеген. Бул 1991-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Айрым серепчилердин пикиринде, мындай кадам өкмөткө экономикалык саясатты жүргүзүүдө көбүрөөк эркиндик берет.
Бул көрсөткүч Ирандагы согуш 28-февралда башталгандан берки ИДӨ боюнча биринчи толук чейректик убакытты камтыйт. Ошондой эле ал Кытай Covid-19 пандемиясына байланыштуу катуу чектөөлөрдөн чыга баштаган 2022-жылдын аягынан берки эң жай экономикалык өсүш болду.
"Тышкы туруксуздук жана белгисиздик күчөп жатат",- деп айтылат Кытайдын Улуттук статистика бюросунун экономикалык маалыматтар менен кошо жарыяланган билдирүүсүндө.
Анда өлкөдө өндүрүш жогору болгону менен ички суроо-талап алсыз бойдон калып жатканы да айтылат.
Шаршемби күнү жарыяланган өзүнчө статистика Бээжин өлкө ичинде туш болуп жаткан экономикалык кыйынчылыктарды дагы бир жолу көрсөттү. Алардын катарына кыймылсыз мүлк рыногундагы көптөн бери уланып келе жаткан төмөндөө жана керектөөчүлөрдүн чыгымдарынын азайышы кирет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Июнь айында жаңы турак жайлардын баасы дагы төмөндөдү. Бирок баалардын 0,1%га арзандашы май айына салыштырмалуу жайыраак болду.
Ошол эле учурда июнь айында чекене соода жүгүртүүсү 1% өстү. Май айында бул көрсөткүч 0,6%га төмөндөгөн эле.
IG инвестициялык платформасынын рынок боюнча талдоочусу Фабиен Йип Би-би-сиге берген маегинде, Кытайдагы ишканалар энергия менен чийки заттын кымбатташынан улам көбөйгөн чыгымдарды өздөрү көтөрүп жатканын айтты. Анын айтымында, буга керектөөчүлөрдүн суроо-талаптын алсыздыгы себеп болуп жатат.
Фабиен Йиптин айтымында, Ирандагы согуш канчалык узакка созулса, Кытай үчүн экономикалык кырдаалды башкаруу ошончолук татаалдамакчы.
Шейшемби күнү жарыяланган бажы кызматынын маалыматына ылайык, жасалма интеллект үчүн маалымат борборлорунда колдонулуучу жарым өткөргүчтөргө дүйнөлүк суроо-талаптын өсүшү Кытайдын технологиялык экспортун көбөйттү.
Ошондой эле Кытайда өндүрүлгөн электр унааларына болгон суроо-талаптын күчөшү экспортко олуттуу түрткү берди. Натыйжада, өлкөнүн айына эсептелген автоунаа экспорту тарыхта биринчи жолу 1 миллион даанадан ашты. (EK)
































