АКШнын аскердик күчтөрү Ирандын түштүгүнө жаңы соккулар урду

A black F-35 Lightning II stealth fighter jet turns through a clear blue sky.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн F-35 аскердик учагы, 2026-жылы апрелде сүрөткө тартылган
    • Author, Тоби Мэнн
  • Published
  • Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын аскердик күчтөрү Ирандын түштүгүнө жаңы соккулар урду, бутага Ирандын ракеталары жана мина коюучу кайыктар алынды. Кошмо штаттарынын Борбордук командачылыгы бул соккулар "өзүн коргоо максатында" урулуп, "Иран күчтөрүнүн коркунучтарынан аскерлерди коргоо" максатында ишке ашканын билдирди.

Борбордук командачылыктын басма сөз өкүлү капитан Тим Хокинс АКШ аскерлери "учурдагы ок атууну токтотуу режиминде сабырдуулукту сактоо менен биздин күчтөрдү коргоону улантууда" деди.

Бул соккулар Иран тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Эсмаил Бакай АКШ менен сүйлөшүүлөрдө айрым прогресс жетишилгендигин, бирок жаңжалды токтотуу боюнча келишим "жакынкы арада күтүлбөйт" деп билдирген маалда жасалды.

New York Times гезити капитан Хокинске таянып, соккулар Ормуз кысыгында жайгашкан, түштүктөгү порт шаары жана Ирандын деңиз флотунун базасы бар Бандар-Аббас шаарынын жанындагы аймакка багытталганын билдирди.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары буга чейин Бендер-Аббаста жарылуулар угулгандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлашкан.

Иран АКШнын соңку соккуларына азырынча жооп бере элек. Бул соккулардын АКШ менен Иран ортосундагы мүмкүн болгон тынчтык келишимине кандай таасир тийгизери белгисиз.

Соккулардан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио келишим дагы деле мүмкүн экенин айтып, шейшемби күнү Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү жана тышкы иштер министри менен Катардын премьер-министри ортосунда болгон сүйлөшүүлөргө токтолду.

"Прогресске жетишебизби көрө жатарбыз. Баштапы документтеги конкреттүү формулировкалар тууралуу азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, ошондуктан ага бир нече күн кетет", - деди Рубио журналисттерге Индияга болгон расмий иш-сапарынын жүрүшүндө.

Ал президент Дональд Трамп "келигшимге барууга кызыкдар" экенин белгиледи.

"Ал жакшы келишимге барат, же эч кайсы келишимге келбейт", - деди Рубио.

Өткөн дем алышта Трамп тараптар келишимге жакындап калганын айтып, бирок кийин ал өз адамдарына келишимдин бүтүмдөрү боюнча "шашылбоого" чакыркагын айтты. Рубио болсо, келишим дүйшөмбүгө барып жетишилиши мүмкүндүгүн айткан.

Бакаи "туура, биз талкууланып жаткан көп нерселер тууралуу келишимге келдик...Бирок келишимге жакында кол коюлат деп эч ким айта албайт" деп жооп берген.

Сөз болуп жаткан түшүнүшүү меморандумуна ылайык 60 күнгө ок атпоо режими, Ормуз кысыгында кемелерге жол ачуу жана Ирандык өзөктүк программасы боюнча планы каралат.