Арман жана атак коштогон жаштык: Жо Байден тууралуу

Joe Biden speaks to the press
Published

АКШда президенттик шайлоону утуп чыккан Жо Байден ант берет. Ал жашы бир топко барып калган, такшалган, дасыккан саясатчы. Би-Би-Си анын ар кайсыл курактагы сүрөттөрүн жана өмүрүндөгү урунтуу учурларды сунуштайт.

Link box banner bottom

Жаштык

Жо Байден 25 жашта, 1967-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Байден 25 жашта, 1967-жыл

Жозеф Робинетт Байден Пенсильвания штатынын Скрантон шаарында 1942-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү төрт баланын эң улуусу.

Байден окуучу кезинде бир аз кекечтенип сүйлөгөндүктөн аны шакаба кылышчу. Бирок ал күзгү алдында туруп, ырларды окуп, мындан арыла алган.

Делавэр штатындагы университеттен тарых жана саясат таануу боюнча жогорку билим алган. Андан кийин Нью-Йорк штатындагы Сиракуз университетинде укук таануу боюнча окуйт. Ошол жерде окуп жүрүп, болочок жубайы Нелия менен таанышкан.

Окууну аяктагандан кийин Байден Делавэр штатынынын Уилмингтон шаарындагы юридикалык фирмада эмгек жолун баштаган.

Link box banner bottom

1970-жылдар

Senator-elect Joseph Biden and wife Nelia cut a birthday cake
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байден жубайы Нелия жана уулу менен 30 жашын жана сенатка жаңы шайланганын майрамдап жатат. 1972-жылдын 20-ноябры

1972-жылдагы шайлоодо 30 жаштагы демократ Жо Байден Делавэр штатынан сенатор болуп шайланган. Ал фаворит саналган республикачыл атаандашын утуп чыгат деп эч ким күткөн эмес.

Бирок сенатка салтанаттуу ант берүүгө чейин эле, бир нече апта алдын унаа кырсыгынан Байдендин жубайы жана бир жаштагы кызы Наоми набыт болуп, уулдары Хантер менен Бо оор абалда ооруканага түшкөн. Байден өзүнүн сенаттагы алгачкы антын уулдары жаткан ооруканада туруп берген.

Senator Joseph Biden takes the oath of office in a hospital room
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1973-жылдын январы, Жо Байден уулу Бо жаткан оорукандан сенаторлук антын берүүдө
Link box banner bottom

1980-жылдар

Вашингтондо иштеген 14 жыл ичинде Байден кайра үйлөндү. Уулдарын эч качан жалгыз калтырбай турганын айткан Байден Делавэрден Вашингтонго барып келип иштеген. 1977-жылы мектепте иштеген Жилл Жейкобс менен баш кошуп, Эшли ысымдуу кыздуу болушкан.

US Senator Joseph Biden speaks at a press conference with his wife beside him
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1987-жыл, Жо Байден президенттик шайлоо жарышынан баш тартарын жарыялап жатат. Оң жагында жубайы Жилл

Байден сенаттагы Юридикалык комитетке кирип, улуттук деңгээлдеги саясатчыга айланат. 1987-жылы биринчи жолу президенттик шайлоого катышып, плагиатчылык боюнча айыптоолордон кийин талапкерлигин алып салган. Аны шайлоо өнөктүгү учурунда Нилл Кинноктун (ошол маалда Британиядагы Лейбористтик партиянын лидери) айткандарын сөзмө-сөз кайталады деп айыпташкан.

Link box banner bottom

1990-жылдар

Senators Joseph Biden and Ted Kennedy attend the Clarence Thomas confirmation hearings
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сенаторлор Жо Байден менен Тед Кеннеди

1991-жылдын 11-октябрында америка коомчулугунун көңүлүн бурган окуя катталды. Оклахома университетинин укук таануу боюнча профессору Анита Хилл сенаттын Юридика комитетинде көрсөтмө берип, Жогорку Сотко талапкер болуп жаткан Кларенс Томас бирге иштеп жүргөн учурда сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыккан.

Жо Байден комитеттин төрагасы эле. Ошондуктан анын чечимин азыркы күнгө чейин сынга алып келишет. Анткени ал Хиллдин сөзүн ырастай турган башка бир топ аялдардын көрсөтмө беришине каршы болуп койгон.

2019-жылдагы интервьюсунда Байден ошондогу чечимине өкүнүчүн билдиргени бар.

Link box banner bottom

2000-жылдар

Barak Obama listens Joe Biden on stage
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Байден вице-президентикке талапкерлиги аталгандан кийинки кайрылуусу. Анын талапкерлигин Барак Обама жарыялаган

2008-жылы Байден демократтардан презединттикке талапкер болуп чыкты. Бирок демократтар Барак Обамага артыкчылык берген. Байден болсо саясаттагы жаңы деңгээлге чыгып, вице-президент болду.

Обама менен Байден тандем болуп, эки президенттик мөөнөткө иштеген жана экөө абдан ынак кишилерге айланышкан.

Link box banner bottom

2010-жылдар

President Barack Obama and Vice President Joe Biden laugh together
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барак Обама менен Жо Байден Ак үйдө Ирландиянын премьер-министри Брайан Коэн менен

Президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылдарында Барак Обама АКШдагы эң жогорку сыйлыктардын бири - Эркиндик медалын Жо Байденге ыйгарды.

Вице-президент болуп ийгиликтүү иштеп жүргөн жылдары Байдендин жашоосунда дагы бир чоң жоготуу болду. 2015-жылы тун уулу Бо 46 жашында оорудан каза табат. Аны болочоктогу чоң саясатчы катары көрө башташкан эле. Бо 2016-жылдагы сенатка шайлоого катышуу нитеин билдирген экен.

Сүрөттөр автордук укук менен корголгон