Жапониядагы табият кырсыгынан көз жумгандар 140 кишиге жетти

Published

Жапонияда нөшөрлүү жамгырдан кийинки суу ташкыны жана селден каза тапкандар 140 кишиге жетти. Кырсыкка байланыштуу өлкөнүн премьер-министр Синдзо Абэ чет өлкөгө пландалган иш сапарын токтотту.

Ондогон кишилер дайынсыз болуп жатат. Кырсык болгон аймактан эки миллонго чукул кишини коопсуз жайга чыгарып кетишти.

1982-жылдан бери өлкөдө мындай суу ташыкындоодон улам көп киши мерт кеткен кырсык катталган эмес эле.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1982-жылдан бери өлкөдө мындай суу ташыкындоодон улам көп киши мерт кеткен кырсык катталган эмес эле.
Кырсык жүз берген аймакта 700гө чукул куткаруучу иштеп жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсык жүз берген аймакта 700гө чукул куткаруучу иштеп жатат.
Өлкө боюнча 12 миңдей киши эвакуациялык лагерлерге алып келинди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өлкө боюнча 12 миңдей киши эвакуациялык лагерлерге алып келинди.
Үйлөр суу алдында калды.
Миңдеген үйлөргө электр жарыгы жана суу келбей калды.
Соңку күндөрү Жапониянын батышында мурдагы нормасынан үч эсе көп жамгыр жаап жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку күндөрү Жапониянын батышында мурдагы нормасынан үч эсе көп жамгыр жаап жатат.
Жамгыр сээлдеп калды. Бирок, коркунуч сакталууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жамгыр сээлдеп калды. Бирок, коркунуч сакталууда.

Бир топ аймактарда суу ташкындоо коркунучу сакталып турат. Анын ичинде Окаяма префектурасы дагы бар. Алдыдагы күндөрдө күн ачылат деп күтүлүүдө. Бул куткаруу иштерин жеңилдетет. (AbA)