Орусия Украиндагы согушка тарткан казакстандыктар мекенине кайтарылды
Орусия Украиндагы согушка тарткан казакстандыктар мекенине кайтарылды
Published
Орусияга жумуш үчүн барып, ал жакта аскердик келишимге кол коюуга мажбурлап, Украинадагы согушка тартылганын айтып чыгышкан Казакстан жарандары мекенине кайтышты. Алар бир ай казак бийлигинен жардам сурап, коомдук сайттарда кайрылуу жасаган эле.
Орусиялык рекрутерлердин тузагына кыргызстандыктар да түшкөн учурлар бар. Согушка тартылып кеткен кыргызстандык Орусияда кароолчулук жумуш тууралуу жарыяны көрүп, жумушка орношуу максатында барганын, кийин аны аскердик комиссариатка алып барып, бир жылдык келишимге кол койдуруп алышканын Би-Би-Си Кыргыз кызматына айтып берген.
Ал эми Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса, аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирген.



