Кытайда жер титирөөдөн кеминде 16 адам каза болду
Кытайда жер титирөөдөн кеминде 16 адам каза болду
Published
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Тибеттин тоолуу аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен кеминде 16 адам каза болду. Ошондой эле 32 адам жаракат алганы кабарланууда.
Жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык, кырсык болгон аймакта 339 турак үй кыйраган. Ал эми аймактын басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы дээрлик толугу менен өчкөн. Таштардын кулашынан улам жолдор жабылып, куткаруу кызматтарынын жабыркаган аймактарга жетүүсү кыйындады.
Жер титирөөнүн очогу бейшембиге караган түнү Нагчу округуна караштуу Бачен уездинде катталган.



