Франция: митингде мэрия имаратына өрт коюлду
Франция: митингде мэрия имаратына өрт коюлду
Published
Франциянын Лимож шаарында митинг учурунда мэриянын 140 жылдык тарыхый имаратына
өрт коюлду. Францияда бир айдан бери жаштардын нааразылык акциялары өтүүдө. Алар өлкөдөгү билим берүүнүн сапаты жана кымбатчылыкка каршы митингдерге чыгууда. Дем алыш күндөрү бир нече шаарда өткөн нааразылык акцияларына болжол менен 550 миңдей адам катышканы кабарланууда. Француз өкмөтү митингдердеги башаламандыктарга байланыштуу кеминде 1200дөй адам камакка алынганын билдирди.



