Питердеги кыргыздар дрон чабуулунан кийин: "Терезелер титиреди. Качканга даяр болдук"
Питердеги кыргыздар дрон чабуулунан кийин: "Терезелер титиреди. Качканга даяр болдук"
Published
18-октябрга караган түнү Украина Орусиянын Санкт-Петербург шаарына чабуул койду. Соккулардын кесепетинен Петербург мунай терминалында жана «Ручьи» мунай базасында өрт чыгып, VКонтакте жана Ozon'дун логистикалык борбору жабыркады. Губернатор Александр Беглов бир киши каза болуп, беш адам жаракат алганын кабарлады. Петербургдагы кыргыздар чабуулдан кийинки кырдаал тынч болгону менен жалпы кооптонуу бар экенин айтышууда.



