"Иштин материалдары берилген жок". Сыргак Кенжебаевдин иши эмне болду?
"Иштин материалдары берилген жок". Сыргак Кенжебаевдин иши эмне болду?
Published
Чет өлкөдөн кармалып келген кыргызстандык Сыргак Кенжебаевдин адвокаты камакта анын мыйзамдуу укуктары камсыздалбай жатканын билдирүүдө. Адвокат тергөөдө олуттуу жылыш жок экенин, экспертизалардын корутундулары жана иштин материалдары аларга берилбей жатканын айтты. Ички иштер министрлиги Кенжебаевге алдамчылык жана массалык башаламандыкка чакырык жасоо боюнча кылмыш ишинин алкагында чет өлкөдөн кармап, 13-октябрда Бишкекке алып келген. Тергөө кайсы баскычта?



