Таластагы ур-токмок: "Акыйкат чечим чыксын"
Таластагы ур-токмок: "Акыйкат чечим чыксын"
Published
Талас шаарында топ кишинин ур-токмогуна кабылган 26 жаштагы Азамат Шаматов учурда ооруканада дарыланууда. Анын баш мээси чайкалып, денесинде кесилген жерлери бар экени айтылууда. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 8 жаран кармалганы кабарланды. Шаматовдун апасы Жанара Шаматова кылмыш тыкыр иликтенип, тиешеси барлар жазасын алсын деп талап кылууда.



