Катуу сындан кийин ФИФАнын башчысы планынан баш тартты

Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын конфедерацияларынын кескин билдирүүлөрү ФИФАнын башчысы Жанни Инфантинону жаңы коммерциялык долбоордон баш тартууга мажбур кылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын конфедерацияларынын кескин билдирүүлөрү ФИФАнын башчысы Жанни Инфантинону жаңы коммерциялык долбоордон баш тартууга мажбур кылды
    • Author, Жек Скелтон
    • Role, BBC Sport
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын футбол конфедерацияларынын кескин нааразычылыгынан кийин дүйнө чемпионаттарын уюштуруу ишине жеке инвесторлорду тартуу сунушун кайтарып алды.

"Бардык пикирлерди кунт коюп угуп чыгып, долбоорго канчалык колдоо көрсөтүлгөнүнө карабастан, ал башында сунушталган максаттарга жооп бербей турган мүнөздөгү бөлүнүп-жарылууга себеп болгонун так түшүндүм", - деп айтылат Инфантинонун билдирүүсүндө.

Инфантинонун долбоорун Европанын, Түндүк жана Борбордук Американын, Азиянын футбол конфедерациялары кескин сынга алышкан. Ошол себептен Инфантинонун долбоору баары бир ФИФАда көпчүлүк добушка ээ болмок эмес: бул үч конфедерацияга дүйнөдөгү улуттук футбол федерацияларынын жана союздарынын дээрлик үчтөн экиси кирет.

"ФИФА биздин спортту өзүн жана досторун байытуу үчүн колдонгонду токтотушу керек", - деп билдирди УЕФА – Европанын футбол ассоциацияларынын союзу.

Кушнер аралашкан план

Инфантинонун планы тууралуу ФИФА расмий түрдө 28-июлда жарыялаган. Планда Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясына (ФИФА) караштуу Fifa Forward Enterprise (FFE) коммерциялык туунду компаниясын түзүү каралган. Бул компания ФИФАнын колдоосу астында мелдештерди уюштуруу менен алектенмек.

Бул компаниядагы миноритардык, көзөмөл бере албай турган үлүштөрдү жеке инвесторлорго сатуу сунушталган.

Ошол эле маалда Инфантинонун планы боюнча, алгачкы инвесторлордун тобун Жошуа Кушнер түзгөн Thrive Eternal ("түбөлүк гүлдөп-өнүгүү") венчурдук фирмасы жетектеши керек болчу. Жошуа Кушнер – АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин иниси. Фирма Жошуа Кушнердин Thrive Capital Management венчурдук компаниясына караштуу үч ай мурда эле, апрелдин аягында түзүлгөн.

Дональд Трамп бул пландарды Инфантино менен талкуулабаганын бүгүн айтты.

Экинчи президенттик мөөнөткө келгенден бери Трамп менен Инфантино тыгыз мамиле түзө алышты, буга быйылкы дүйнө чемпионаты негизинен АКШда өткөнү да себепчи болгондой. Декабрда Инфантино Трампка атайын ал үчүн түзүлгөн "ФИФАнын Тынчтык сыйлыгын" тапшырган эле.

Эки жума мурда Жанни Инфантино Дональд Трамп менен бирге Дүйнө кубогун жаңы чемпиондорго – испаниялыктарга тапшырышкан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки жума мурда Жанни Инфантино Дональд Трамп менен бирге Дүйнө кубогун жаңы чемпиондорго – испаниялыктарга тапшырышкан

Дүйнөнүн үч жеринен бир ультиматум жана эки нааразылык

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Европанын футбол ассоциацияларынын союзу – УЕФА бейшемби күнү өткөн чукул жыйында эгерде Инфантино өз планынан баш тартпаса, ФИФАнын колдоосу менен өтчү мелдештерге, анын ичинде Дүйнө чемпионаттарына бойкот жасоо чечимин кабыл алды.

"Биз ФИФАнын Дүйнө чемпионатына жана ФИФАнын колдоосу алдында өтчү башка мелдештерге менчик укугун жеке инвесторлорго өткөрүп берүү сунушун бир добуштан жана эч шартсыз четке кагабыз [...] Инфантинонун сунушу чакыртылып алынганга чейин, ФИФА мындан ары жеке инвесторлорго мелдештерди башкарууга эч качан уруксат бербейт деген кепилдиктерди алмайынча УЕФАнын бир дагы улуттук курама командасы ФИФАнын эч бир мелдешине катышпайт", - деп билдирди УЕФА.

Бир нече сааттан кийин европалыктарды КОНКАКАФ – Түндүк жана Борбордук Американын жана Кариб аралдарынын конфедерациясы колдосо, кийинки күнү аларга АФК – Азия футбол конфедерациясы да кошулган.

УЕФАдан айырмаланып, КОНКАКАФ жана АФК бойкот жарыялайбыз деп коркутпаса да, Инфантинону кескин сынга алышты.

Калган үч конфедерация – Түштүк Америка, Африка жана Океания – эч кандай билдирүү жасашкан жок, бирок Инфантинонун планын августта талкуулай турганы күтүлүп жаткан.

Кеңешчинин отставкасы жана аткаруучу директордун арызы

Жума күнү нааразычылык иретинде Карлос Кордейро кызматынан кетти, ал дээрлик беш жыл бою Инфантинонун глобалдык стратегия жана башкаруу боюнча улук кеңешчиси болуп, 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына даярдык көрүү боюнча Ак үйдүн жумушчу тобунда ФИФАнын атынан чыккан.

"ФИФАнын милдетине кандай жол менен болбосун коммерциялык пайданы көбөйтүү эмес, футболду келечектеги муундар үчүн сактап калып, аны чыңдоо кирет, - деп жазды ал. – Бул принциптер бири-бирине карама-каршы келгенде, футбол биринчи орунда турушу керек".

"Баарынан да негизги суроолорго жооптордун жоктугу тынчсыздандырат, - деп кошумчалады ал. – Мындай келишим эмнеге керек? Эмне үчүн дал азыркы учурда көтөрүлүп жатат? Көзөмөл кандай болот? Бул кимге пайдалуу?".

Ошол эле күнү ФИФАнын аткаруучу директору Кевин Ламур да кескин билдирүү менен чыгып, Инфантинону ФИФАнын кызматкерлерин алдады деп айыптады. Ламур бул билдирүүсү үчүн кызматынан айрыла турган болсо, жок дегенде уйкусу тынч болорун кошумчалады.

"Акыркы күндөрү жаңырган билдирүүлөр жана акыркы айларда көшөгөнүн артында болуп жаткан иштер акылга сыйбайт. ФИФАнын администрациясына мындай шартта иштөө жана өз вазыйпасын аткаруу барган сайын оор болуп баратат. Кесиптештеримдин атынан сүйлөөгө ыйгарым укугум жок, балким, жаңылып жаткандырмын. Баарыбыз ФИФАда иштеп жатканыбызга сыймыктангыбыз келет, бирок, тилекке каршы, көпчүлүгүбүз үчүн мындай болбой калды", - деди Ламур.

Инфантинонун планы тууралуу Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Энди Бернем да өз оюн айтып, аны кыжырды келтирерлик деп атады.

"Жакыр өлкөлөр колдоп бермек"

Эксперттердин баамында, Инфантинонун планын көптөгөн бай эмес өлкөлөрдүн футбол жетекчилери колдоп бермек, себеби планда ФИФАдан субсидияларды көбөйтүү каралган.

29-июлда федерацияларга жиберген түшүндүрмө катында Инфантино 2027-жылдын 1-январында баштала турган кийинки финансылык циклде план кабыл алынса, ар бир улуттук ассоциация 40 миллион долларга чейин алаарын убада кылган.

Жалпысынан FFE долбоорунун алкагында кошумча 20 миллиард доллар тартуу пландалып жаткан.

Уганданын Футбол федерациясынан Рожерс Бьямукама Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматынын эфиринде Европанын ассоциациялары дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү ассоциациялардай болуп ФИФАнын каржылоосуна мынчалык көз каранды эместигин айтты.

"Мисалы, Угандада ФИФА дүйнө чемпионатына билеттерди сатуудан жана демөөрчүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен бир катар инфраструктуралык долбоорлорду каржылаган. Мындан тышкары, ФИФА көптөгөн программаларды, анын ичинде футбол мектептерин каржылайт", - деп түшүндүрдү Бьямукама.

Ошондуктан, Бьямукама кошумча ресурстарды алуунун ар кандай жолдорун колдой турганын билдирди. (ZMa)