Ташиевдин иши: бийликти басып алуу аракети болгонбу?

Сүрөттүн булагы, Official
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча расмий айып тагылды. Ага чейин генерал өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, акталып чыгарын билдирген. Бул окуя өлкөдөгү саясий тандемдин ыдырашынан кийинки уланган саясий жагдай жана ачык конфронтациянын башталышы катары бааланууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге 29-апрелде расмий түрдө эки берене менен оор айыптар тагылды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") боюнча айып тагылып жатат. Ташиевге өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге маалымат берди.
Ташиев айып тагылганга чейин жасаган билдирүүсүндө күнөөсү бардыгын четке каккан:
"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам" – деген Ташиев суракка кирип чыккандан кийин.
Генералдын саясий тагдыры тууралуу өлкөдө ушу тапта кызуу талкуулар жүрүп жатат.
"Ташиевге бериле турган негизги суроо"
Жергиликтүү серепчи Алмазбек Акматалиев убагында президенттин эң жакын тарапкери болгон, өлкөдөгү №2 адам азыр кыйын саясий абалга кептелгенине токтолуп, ага коюлуп жаткан айыптарга сереп салып берди.
"Ташиев азыр оңой абалда эмес... Эки берене тең оор кылмыштын беренелери. Биринчиси - конституциялык түзүлүшкө каршы жана бийликти басып алууга багытталган өтө оор айып. Аны далилдөө тергөө үчүн бир аз татаалыраак болушу мүмкүн. Ал эми экинчиси - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси. Менин оюмча, дал ушул айып Ташиев үчүн өтө кооптуу болушу ыктымал. Себеби, УКМК кызматкерлеринин бир топ мыйзамдарды тебелеп, өзүнчө уюшкан кылмыштуу топко айланып кеткени байкалууда. Эми бул жагдайга тергөө менен сот баа берет, бирок негизинен абалы жакшы эмес".
Азырынча коомчулукка Ташиевге коюлган айыптардын мотивдери, кандай фактылар бар, ким кандай көрсөтмө берип жатканы тууралуу маалыматтар купуя калууда. Бул ишти тергеп жаткан ИИМ азырынча эч кандай расмий маалымат бере элек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анткен менен генералдын иши президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу тергелип жатышы мүмкүндүгү айтылып келе жатат.
Ташиев кызматта турган кезде өзү бир нече жолу президенттикке баруу амбициясы жок экенин кайталап келгени бар.
" Генерал Ташиев бир эмес, бир нече жолу: "Мен шайлоого барбайм, Садыр Нургожоевич барат, мен ал кишини колдойм", - деп ачык айткан. Кандай болгон күндө да, эгер өз сөзүнө ишенсек, ал талапкерлигин койбойт го деген ойдомун. Бирок мага бир жагдай түшүнүксүз: эгер чын эле шайлоого баруу ниети жок болсо, анда эмне үчүн 75 аксакалга жана башка тарапташтарына "токтогула, мындай демилгенин кереги жок" деп айтканга жараган жок? Менимче, Ташиевге бериле турган негизги суроо дал ушул болушу керек", -дейт Акматалиев.
Кызматтан алынган соңку 2,5 айда Ташиев коомчулукка сейрек чыгып, саясий билдирүүлөр жасаган жок. Бирок коомчулукта 75чилер катына байланыштуу президент досуна жумшактык кылып жатканы тууралуу талкуулар жүрүп жатты.
Президент Садыр Жапаров Ташиевге кылмыш иши козголор алдында жергиликтүү "Кактус" басылмасына маек берип ушул өңдүү суроолорго деп жооп берген:

"Анын катышы бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Учурда тергөө аяктай элек. Иш жыйынтыкталгандан кийин сотко жөнөтүлөт. Ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эместиги боюнча акыркы чечимди сот кабыл алат....Бийликке келгенден бери мен үчүн "дос", "тууган" же "жакын адам" деген түшүнүктөр жок экенин, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы ар дайым биринчи орунда экенин бир нече жолу айткам. Эгерде мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен кутула албайт".
Кыргыз саясатында камоолор жана кайра бошотуулар, ошол эле адамдарды кайра кызматка коюу боло келген көрүнүш. Ташиевдин айланасындагы окуяларды да саясий өңүттөн караш керек, дейт жергиликтүү журналист Тынчтыкбек Алтымышев:
"Эгер сот аны чындап эле айыптуу деп таап, кылмыш жоопкерчилигине тарта турган болсо, генерал Камчыбек Ташиев өзүнүн саясий карьерасына чекит коет. Ал мындан аркы президенттик шайлоого дагы, мамлекеттик кызматка дагы баруудан четтетилет. Эгер өзү айткандай акталып чыга турган болсо, анда саясий келечеги дагы алдыда".
Саясатчы Жылдызкан Жолдошева өлкөдө болуп жаткан соңку саясий окуяларды мындайча баалады:
"Азыркы бийликти мен жакшы курулган үй сыяктуу элестетчүмүн. Ошол үйдү бийлик деп алсак, аны көтөрүп турган негизги устундарды бийликтегилер өздөрү демонтаж кылып салышты. Бул - эртеби-кечпи ал үй кулайт деген сөз. Ошондой абалга келип калышыбыз мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, SEREP TV
"Эмне үчүн мындай деп жатам? Анткени дүйнөдө болуп жаткан апааттардын шамалы, каалайбызбы-жокпу, бизге да тиет. Биздин өлкө өтө кичинекей жана аярлуу. Анткени мамлекетибизди башка күчтүү державалар эмнегедир өз чеңгелинде кармап турат. Менин зээним кейип турат. Азыркы болуп жаткан окуялар боюнча жооп бериш мен үчүн оор. Араздашып жаткан эки тараптын тең кыйын күндөрүндө бирге болдум эле. Бул окуя мага да катуу тийди, себеби мен үчүн экөө тең кымбат адамдар".
Дагы бир журналист, Сайпидин Султаналиев коомдук сайттарда УКМКнын мурдагы төрагасына оор айыптар коюлса дагы, ал үй камагына чыгып кеткени боюнча суроо салды:
" Бизге "элди баш аламандыкка чакыруу" жана "бийлик органдарына баш ийбөө" айыбы менен 278-берененин негизинде кылмыш ишин козгошкон. Ташиевге да оор беренелер боюнча иш ачылыптыр. Адатта, мындай учурларда айыпталуучуну дароо 48 саатка кармап, андан кийин эки айга камакка алышчу эмес беле? Мындай беренелер козголгондо темир тор артына киргизүү кадимки көрүнүш эле. Бул - ачуу чындык. Мыйзамдын тандалма түрдө иштеши - таптакыр туура эмес көрүнүш. Эгер ушундай оор айыптар тагылган болсо, анда камап, күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аркылуу далилдешсин"- деди ал Би-Би-Сиге.
Бирок ушул өңдүү талкуулардан кийин саясатчы Феликс Кулов шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырып, айып тагылганы күнөөнүн далилденгенин билдирбей турганын белгилеп пост жазды.
Анын айтымында, жумшак бөгөт чарасы тууралуу тууралуу чечимдер көптөгөн факторлордун негизинде, далилдер базасынан тартып айыпталуучунун ден - соолугуна жана жүрүм-турумуна чейин эске алуу менен кабыл алынат. Ал белгилегендей, бөгөт чарасы күнөөсүн аныктоо эмес, болгону убактылуу процессуалдык чара.
































