"Эду" Камчы Көлбаевдин мүлкүнө ээ болгонбу? Депутаттар өкмөттөн маалымат берүүнү сурашты

Мыйзамдагы ууру делген маркум Камчы Көлбаевдин айрым мүлкү сатылды, айрымдары социалдык муктаждык үчүн берилди. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында эл өкүлү Исманали Жороев кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевдин мүлктөрүнө азыр ким ээлик кылып жатканын, кайсы муктаждыктар үчүн колдонулуп жатканын сураган:
"Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев өлгөндөн кийин аябай көп мүлкү мамлекеттин карамагына өткөнү айтылды эле. Мен билгенден, ошонун ичинен бир үйүн гана бала бакча кылыптырсыздар. Калган мүлкү эмне болду? Экинчиден, УКМКнын мурдагы кызматкери Эду деген балага Көлбаевдин мүлктөрү өтүп кеткен деген кептер айтылып жатат. Ошол маалымат канчалык чындыкка жакын? Ушул боюнча оозеки да, жазуу түрүндө да маалымат берип койсоңуздар".
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев Эду аттуу кызматкер Көлбаевдин мүлкүнүн канчасын алып калганын билбей турганын, мамлекеттик мүлк фондуга өткөндөр жөнүндө гана маалымат берерин билдирди. Ал Көлбаевдин айрым мүлкү сатылып, айрымдары социалдык муктаждыка берилгенин кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекетке алынган мүлктөр айрым кызматкерлердин үйүнөн табылып, жеке менчикке өтүп кетип жаткан учурлар жөнүндө айтты.
"Кумтөрдөн башка кайсы мүлк мамлекеттин балансына өткөнү белгисиз. Элде маалымат жок. Айрым кызматкерлер кармалганда, "кустуризациянын" алкагында алынган мүлктөр алардын үйүнөн табылган. Мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөгөн агенттик катары буга кандай жооп бересиңер?" деди Самаков.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин жетекчилери депутаттардын бул өңүттөгү суроолоруна укук коргоо органдары жооп бериши керектигин билдиришти.
Парламенттин жыйынында белгилүү болгондой, Кыргызстанда 2020-жылдан бери мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештерилген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынган.
Алардын ичинен 221 объект сатылып, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилген. Ал эми 219 объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин карамагында турат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев январь айында Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом же 4,14 млрд доллар кайтарылганын билдирген.
































