Си Цзиньпин Кытай менен АКШ атаандаш эмес, өнөктөш болушуна чакырды

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Дональд Трамп менен Си Цзиньпин Бээжинде жолугушту. Эки лидер Эл өкүлдөр жыйынынын чоң сарайынын алдында кызыл килем үстүндө кол алышып, андан соң маанилүү сүйлөшүүлөр үчүн имаратка киришти.
Жолугушууда Трамп Сини "улуу лидер" деп атап, АКШ менен Кытайдын мамилеси "мурдагыдан да жакшы болот" деп билдирди.
Бирок сүйлөшүүлөрдө бир катар татаал маселелер дагы талкууланып жатат . Алардын арасында тарифтер, технология тармагындагы атаандаштык, Ирандагы согуш жана Тайвань маселеси бар.
Сүйлөшүүгө чейин Си менен Трампты Эл өкүлдөр жыйынынын чоң сарайынын алдында балдар тосуп алып, аскерлердин ардактуу кароолу көрсөтүлдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Трамп Бээжинге технология тармагындагы жетекчилер менен барды. Алардын арасында Илон Маск жана Женсен Хуанг дагы бар. Бул сапарынын алдында Трамп Кытайды америкалык өнөр жай үчүн "көбүрөөк ачылууга" чакырарын айткан.
Си Цзиньпин менен жолугушуунун алдында Дональд Трамп Кытайдан америкалык ири технологиялык компаниялар үчүн экономикасын "көбүрөөк ачык кылууну" сурана турганын билдирген эле.
Ал ошондой эле Иран маселеси боюнча "узак сүйлөшүү" болорун күтүп жатканын айткан. Ошол эле учурда бул жаңжалды токтотуу үчүн Вашингтондун Бээжиндин жардамына муктаж эместигин белгиледи.
Дональд Трамп Си Цзиньпин Иран маселесине карата "салыштырмалуу жакшы" мамиле кылганын айтты. Ошондой эле ал бул сапары "мыкты өтөрүн" жана анын жүрүшүндө "көп жакшы нерселер болорун" кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аналитиктер жолугушуу алдында Кытай лидери дагы АКШны Тайванга курал жеткирүүнү токтотууга көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүндүгүн болжошкон.
Айтылгандай эле, бул маселе жолугушууларда кабыргасынан коюлду.
Си Цзиньпин Тайван маселесинен улам АКШ менен "жаңжал" чыгуу коркунучу бар экенин эскерткенин Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарга караганда, Си бул маселени "Кытай менен АКШнын мамилесиндеги эң маанилүү маселе" деп атаган.
"Эгер бул маселе туура чечилсе, эки тараптуу мамилелер жалпысынан туруктуу бойдон калышы мүмкүн. Эгер туура чечилбесе, эки өлкө кагылышып же конфликтке чейин барышы мүмкүн. Бул Кытай менен АКШнын мамилесин өтө кооптуу абалга алып келет.", - деп Си Цзиньпинь айтканын мамлекеттик маалымат каражаттарыны цитата келтирешет. Ал Тайвандын көз карандысыздыгы Тайван кысыгындагы тынчтык менен "фундаменталдуу бири-бирине шайкеш келбейт" деп кошумчалады.
Ошондой эле анын айтымында, Тайван кысыгындагы тынчтык - "Кытай менен АКШнын ортосундагы эң чоң жалпы кызыкчылык".
Дональд Трамп Бээжинде Си Цзиньпин менен дээрлик эки саатка созулган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүдөн кийин бул жолугушууну "сонун" деп мүнөздөдү.
Бирок ал Тайван маселеси талкууландыбы же жокпу деген суроого жооп берген жок. Бээжин өз алдынча башкарылган бул аралды өз аймагы деп эсептейт жана бул маселе тарифтер, технологиялык атаандаштык жана Ирандагы согуш менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы негизги чыңалуу болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Дональд Трамп менен Бээжинге АКШнын бир нече ири компанияларынын жетекчилери дагы барды. Алардын арасында Meta, Visa, JP Morgan, Boeing жана Cargill компанияларынын өкүлдөрү бар.
Сүйлөшүүлөргө Женсен Хуанг дагы катышары кийинчерээк эле белгилүү болду. Бул өзгөчө көңүл бурулду, себеби Nvidia жасалма интеллект системалары үчүн керектүү чиптерди чыгарат. Дал ушул тармакта АКШ менен Кытай эң ири атаандаштар болуп саналат.
Башында Хуанг сапарга катышпайт деп айтылган. Бирок кийин Трамп ага жеке өзү чакыруу жөнөткөнү айтылды. Журналисттер Хуангды Аляскада тыным алган президенттик учакка түшүп жатканын көрүп калышкан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бээжин Вашингтон менен соода согушундагы убактылуу тынчтыкты узартууга кызыкдар. Бул келишим өткөн жылдын октябрында түзүлүп, анын негизинде эки өлкө бири-биринин товарларына тарифтерди көбөйтүүнү токтоткон.
Былтыр АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмү 414,7 миллиард долларды түздү. Бул 2022-жылдагы 690,4 миллиард долларга салыштырмалуу кыйла аз.
Трамп АКШнын Кытай менен болгон соода дефицитин азайтууну көздөйт. 2025-жылы АКШ Кытайдан экспорттогондон дээрлик 200 миллиард долларга көп товар импорттогон.
Кытай болсо өзүн жасалма интеллект тармагындагы негизги оюнчу катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул америкалык компьютердик чиптерге болгон суроо-талапты көбөйтүүдө. Бирок АКШда кытайлык компаниялар америкалык технологияларды уурдап жатат деген кооптонуулар бар. Ушундан улам АКШ мындай технологиялардын экспортуна чектөөлөрдү күчөтүп келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Трамп Кытайга акыркы жолу 2017-жылы президент болуп турганда барган. Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысынын жазганына караганда, бул жолу ал өзүн дүйнөдөгү туруктуу күч катары көрсөтүүгө аракет кылган, мурдагыдан да күчтүү жана ишенимдүү Кытайга келди.
Эки лидер кечинде мамлекеттик банкетке катышары күтүлүүдө.
































