УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Шадыбеков кармалды

Сүрөттүн булагы, official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Уранбек Шадыбеков кармалды. Би-Би-Синин өз булактары аны Аскердик прокуратура кармап, суракка алып жатканын билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, ал жана УКМКнын бир нече кызматкери коррупцияга шектелүүдө.
Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары келген. Ошол кезде Уранбек Шадыбеков атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалган.
Шадыбеков төрт айдан кийин, 8-июнда бул кызматтан алынып, анын ордуна Алмаз Ажыгулов келген.
Атайын кызматта Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийинки олуттуу кадрдык өзгөрүү июнь айынын аягында эле башталган.
30-июнда УКМКнын төрагасы УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка кызматка өткөнү үчүн жумуштан бошотулганы кабарланган. Бирок кайсы кызматка барганы айтылган жок.
Анын ордуна башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.




























