Чубак ажы Жалиловго жана бир катар диний ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Сүрөттүн булагы, social
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин администрациясы тараткан маалыматка караганда, бул сыйлык Чубак ажы Жалиловдун диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, ошондой эле элдин маданий жана диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.
Мындан тышкары, мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгына ылайык, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына байланыштуу бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Алар республиканын руханий потенциалын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн сыйланышты.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз Закиров "Даңк" ордени менен сыйланды. Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиевге, диний ишмер Ырысбай Ахунбаевге, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраевге, Жусуп Баласагын атындагы Ислам Диний Уюмунун негиздөөчүсү Жеенбек Таштановго жана диний ишмер Сражидин Туяковго "Ардак" медалы ыйгарылды.
Белгилүү диний ишмер, аалым Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын июль айында 45 жаш курагында коронавирустан улам дүйнө салган.






















