Путин менен Си Пекинде жолугушту: "Сибирдин күчү-2" долбоорунун мөөнөтү дале белгисиз

Сүрөттүн булагы, Maxim Shemetov/EPA/TASS
Орусия президенти Владимир Путин быйылкы чет элдик сапарын биринчи Кытайдан баштады. Анын Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушуусу АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга расмий сапарынан бир жума өткөндөн кийин болду. Москва менен Пекин ортосундагы экономикалык кызматташуунун негизги маселелеринин бири болгон "Сибирдин күчү-2" газ куурун куруу мөөнөтү боюнча тараптар азырынча макулдашууга жетише алган жок.
Путин Пекинге шейшемби күнү кечинде келди. Аны Кытайдын тышкы иштер министри Ван И тосуп алды. Андан кийин Тяньаньмэнь аянтында орус жана кытай желектери илинген салтанаттуу кабыл алуу болуп, Путин Си Цзиньпин менен жолукту.
Путиндин сапарында кеңири программа каралган. Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы билдиргендей, шаршемби күнү эртең менен Путин, Си жана алардын делегациялары кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүштү. Андан соң алар биргелешкен билдирүүгө жана бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу үчүн жөнөп кетишти.
Путин менен бирге сапарга вице-премьерлер, министрлер, ошондой эле ири мамлекеттик корпорациялардын жана банктардын жетекчилери барган. Алардын арасында "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечин, "Газпром" жетекчиси Алексей Миллер, Volga Group негиздөөчүсү Геннадий Тимченко, "Новатэк" жана "Сибур" компанияларынын тең төрагасы Леонид Михельсон жана En+ Group компаниясынын тең төрагасы Олег Дерипаска да бар.
Кремлдин маалыматына ылайык, тараптар болжол менен 40 документке жана өнөктөштүктү бекемдөө боюнча 47 барактан турган биргелешкен билдирүүгө кол коюшат.
Орусия лидери сапар алкагында 2000-жылы мамлекеттик визит учурунда таанышкан, кытайлык инженер менен да жолугушту.
Мындан тышкары, Путин менен Си эки тараптуу билим берүү демилгесинин ачылыш аземине катышары пландалууда.
Шаршемби күнү Путин Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен да жолугуп, соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулайт.
Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүп жаткан учурда өтүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч олуттуу төмөндөгөн. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өз ара соода көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөн.
2025-жылы Кытай менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 1,63 трлн юанды (240 млрд доллар) түзүп, 2024-жылдагы рекорддук көрсөткүчтөн 6,5 пайызга төмөн болгон. Бул соңку беш жылдагы биринчи төмөндөө болгон.
Кремлдин маалыматына ылайык, күндүн соңунда Путин менен Си чакан чөйрөдө чайлашат жана эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди талкуулашат.
Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Путин менен Си көп полярдуу дүйнөлүк тартипти жана "жаңы типтеги эл аралык мамилелерди" түзүү боюнча биргелешкен декларация кабыл алышат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Vladimir Smirnov/TASS
Путин менен Трамптын салтанаты
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Си Цзиньпин келген лидерлерди көбүнчө чай үстүндө кабыл алат, бирок жолугушуулардын форматы жана маанайы анын конокко болгон мамилесин да көрсөтөт.
Си Цзиньпин 2024-жылдын май айында Путинди тосуп алганда, эки лидер тең галстуктарын чечип, азыр башкаруучу Коммунисттик партиянын жана өкмөттүн кеңселери жайгашкан Чжуннаньхайдагы мурдагы императордук бакчада чай үстүндө, ачык асман астында баарлашкан.
Ал эми өткөн жумада Трамптын жашыруун бак ичинде сейилдөөсү, Си менен ошол эле комплексте чай үстүндө жолугушуусу жана Асман храмына жасаган сапары көбүрөөк алдын ала даярдалган, атайын уюштурулгандай көрүнгөнүн агенттик белгилейт.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шаршемби күнү Путин менен Трамптын сапарларын салыштыруунун эч кандай мааниси жок экенин жана адамдар жолугушуулардын мазмунуна көңүл бурушу керектигин билдирди.
Си Цзиньпин менен Владимир Путин жолугушууну баштаган учурда Кытайдын Соода министрлиги Boeing компаниясынын 200 учагын сатып алуу чечимин расмий тастыктады. Бул тууралуу буга чейин Вашингтон Трамп менен Синин саммитинен кийин жарыялаган. Мындай кадам Кытайдын Орусия менен кызматташтыгына карабастан, АКШ менен да экономикалык жана соода байланыштарын туруктуу сактоого кызыкдар экенин көрсөтүп турат.
Кытай министрлигинин маалыматына ылайык, Пекин АКШ менен соода келишимин узартууга аракет кылат. Мындан тышкары, Кытай эки өлкө тең кеминде 30 миллиард долларлык товарларга киргизилген бажы төлөмдөрүн өз ара азайтышы керек деген позицияны карманат.
Путиндин күн тартибинде дагы эмнелер бар?
Москва менен Бээжиндин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын негизги маселелеринин бири - Орусияны Түндүк Кытай менен байланыштырууга арналган "Сибирдин күчү-2" газ куурунун курулушу.
Москва менен Бээжин жалпысынан "Сибирдин күчү-2" долбоорунун негизги параметрлери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти, бирок тараптар курулуштун мөөнөтү боюнча азырынча макулдаша элек,- деди Песков.
"Азырынча эч нерсе белгисиз. Кантсе да, бул коммерциялык маалымат. Бирок бул абдан маанилүү жетишкендик",- деди Кремлдин өкүлү.
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков энергетика тармагында макулдашууларга жетише алдыңарбы деген суроого: "Ооба. Биз абдан маанилүү нерселер боюнча макулдаштык",- деп жооп берди.
Путиндин 2025-жылдын сентябрь айындагы сапары учурунда орусиялык газ гиганты "Газпром" эки тарап тең "Сибирдин күчү-2" долбоорун алга жылдырууга макул болгонун жарыялаган. Бирок, Кытай долбоор тууралуу эч нерсе айткан эмес.
Бир күн мурун, Бээжинге келгенде Путин Жакынкы Чыгыштагы кризистин шартында Орусия ишенимдүү энергия жеткирүүчү катары өз ролун сактап калганын, ал эми Кытай жоопкерчиликтүү керектөөчү бойдон кала берерин билдирди.
Кытай Орусиянын мунайын эң көп сатып алган өлкө бойдон калууда. Бул мунай жеткирүүлөр куур аркылуу да, деңиз транспорту менен да ишке ашырылат.
Москва үчүн энергия ресурстарын экспорттоо негизги киреше булагы болуп саналат, ал Украинадагы согушту каржылоо үчүн да абдан маанилүү. Ошондуктан Орусия энергетика тармагында жаңы келишимдерди түзүүгө аракет кылып жатат.
АКШ жана Израилдин Иран менен болгон согушуна байланыштуу энергетикалык жетишсиздик Орусиянын газ куурун узак мөөнөттүү газ булагы катары колдонуусун күчөтүшү мүмкүн. Бирок Пекин, жеткирүү булактарын ар тараптуу кылуу (диверсификациялоо) стратегиясын сактап калууну каалайт.


























