Бишкек: быйыл айт намазды эски аянтта окууга уруксат берилди

Сүрөттүн булагы, Official
Бишкек шаарында Орозо айт намазы эски аянтта окула турган болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
"Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун суранычы, КР Президентинин колдоосу менен Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду" деп айтылат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Көптөгөн жылдардан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген. Бирок 2023-жылдан бери айт намаздарын борбордук аянттарда окууга чектөө киргизилип, намаз мечиттерде гана окулуп жүргөн. Бул коопсуздука байланыштуу деп түшүндүрүлгөн.
Быйыл Орозо айт 20-мартта болот.
Майрамдык иш-чара эртең менен саат 07:00дө Куран окуу менен башталып, диний баяндары менен коштолот. Ал эми негизги айт намазын окуу саат 08:30да болот.
Орозо айт — мусулмандардын ыйык рамазан айы аяктагандан кийин белгиленүүчү майрамы. Бул күнү момундар жамаат менен намаз окуп, бири-бирин куттуктап, кайрымдуулук иштерин жасашат.


























