УКМК Жаныбек Кубандыков алдамчылыкка шектелип кармалганын ырастады

ав

Сүрөттүн булагы, UKMK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаныбек Кубандыков (солдо)
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жаныбек Кубандыков кармалганын 21-майда кечке маал маалымдап, сүрөтүн да жарыялады. Ал "чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган" деп шектелүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул иш боюнча Кубандыковдон сырткары А.К.Т. аттуу дагы бир жаран кармалган.

"Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө" деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат мындан башка кенен маалымат бере элек.

Буга чейин айрымдар Кубандыков кармалганын жазып жатышкан.

Азырынча кармалган тараптын жактоочулары же алардын жакындары бул айыптоолор боюнча комментарий бере элек.

Кармалган Жаныбек Кубандыков - №16 округдан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу. Ошондой эле ал буга чейин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгону айтылган.

gfg

Сүрөттүн булагы, Official