Манас шаарындагы спорт мектебин оңдоодо коррупция фактылары аныкталды

Сүрөттүн булагы, social
Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупция фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Манас шаарындагы Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана кошумча инфраструктураларды куруу учурунда мамлекетке 7 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгени аныкталган.
"Билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери жалданма уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн президенттик фонддон бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан",- деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чараларынын алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат.
УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.






















