You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент Кыргызстанда чет элдик жумушчулар көбөйдү деген маалыматтар боюнча пикирин билдирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы чет элдик жумушчулар маселеси боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салган учурда айтты. Ал мамлекет Кыргызстанда жетишпеген адистерди чет өлкөдөн алып келүүгө мамлекет мажбур экенин белгиледи.
"Мына, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп жатат. Ушул жерден да саясат издегендер көп. Бул жолдун курулбашына башка үлкөн мамлекеттер да кызыкдар. Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, "каптап кетти, жайнап кетти" деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга бут тосуп, кескин токтотушубуз керек. Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо, өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ошол эле кезде өзүбүз да тынч отуруп алган жерибиз жок. Инженерлерибизди, курушчуларыбызды жиберип, окутуп жатабыз. Ал эми "өзүбүз курабыз" деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем", - деди Жапаров.
Мунун алдында, 12-июнда жарандык активист Мавлян Аскарбеков кармалган. Бишкектин Ленин райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, Аскарбековду тергөө абагына эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыкты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча айыпталып жатканын Мавлян Аскарбековдун адвокаты Эрик Ирискулбеков билдирди.
Мавлян Аскарбеков 27-майда кытай ишкерлери, жумушчулары жана долбоорлору тууралуу пикирин билдирип, Фейсбукка 37 мүнөттүк видео жарыялаган.
Ал эми кармалар алдында Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата чагымчыл мүнөздөгү материалдар таралып жатканын жазган эле:
"Премьер-министрге кайрылып, кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө үч УКМК кызматкери келип, мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап, азыр чыгарып жатышат. Жакын арада расмий жооп берем".
Кыргызстанда чет элдик жумушчулар тууралуу маселе буга чейин да көтөрүлгөн. Былтыр ноябрда Садыр Жапаров кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын айтып, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган. Акыркы жылдары Кыргызстанда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлор жүрүүдө.
Кырк жети жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү түрдүү окуяларга пикирин ачык билдирип келген активисттердин бири. Ал бийликтин айрым аракеттерин сындап келгени менен белгилүү. Буга чейин Аскарбеков бир нече жолу парламенттик шайлоодо талапкер катары катышкан. Ошондой эле ал Биринчи май районунун акиминин орун басары катары да иштеген.