Эрлан Шеров Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Эрлан Шеров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрлан Шеров
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында 90 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медаль алды.

Шеров финалга чейинки бардык кармаштарын жеңиш менен аяктады. Ал 1/8 финалда Шри-Ланканын өкүлү Милан Маркону 25 секундда иппон менен утса, чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Гаджимурад Омаровду жеңди.

Жарым финалда кыргызстандык дзюдочу Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртазоевду жеңип, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн кармашта Шеров Жапониянын өкүлү Рику Окадага утулуп, мелдешти күмүш медаль менен жыйынтыктады.

Бул — Эрлан Шеровдун Азия оюндарындагы экинчи медалы. Ал 2023-жылы Ханчжоуда өткөн Азия оюндарында 90 кг салмакта чемпион болгон.

Шеров ошондой эле чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси. Азия чемпионаттарында анын эсебинде бир күмүш жана бир коло медаль бар.

Малик Шаваев коло медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Малик Шаваев эркин күрөш боюнча коло медаль утту.

Шаваев 86 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Ал алгачкы беттешинде Бахрейндин өкүлү Хидир Сайпудиновду 9:5 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан Өзбекстандын өкүлү Бобур Исломовду 10:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Шаваев Ирандын өкүлү Мохаммад Нохудиларимиге 0:3 эсебинде жеңилип калган.

Коло медаль үчүн беттеште ал Түштүк Кореянын өкүлү Ли Гёнён менен күрөшүп, 12:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстандын медалдары

Эрлан Шеров күмүш медалы жана Малик Шаваевдин коло медалы Кыргызстандын Азия оюндарындагы медалдарынын санын көбөйттү.

Кечээ грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңсе, Акжол Махмудов коло медаль тагынган.

Муну менен Кыргызстандын Азия оюндарындагы медалдарынын жалпы саны 13кө жетти - 2 алтын, 3 күмүш жана 8 коло.