Ханыша Елизавета II’нин өмүрү сүрөттөрдө

Ханыша Елизавета
Published

Ханыша Елизавета II’нин сөөгү бүгүн, 19-сентябрда жерге берилет.

Монархтын бүткүл өмүрү элдин көңүл чордонунда болгон. Биз Улуу Британияны эң узак башкарган монархтын доорун - төрөлгөндөн тартып, акыркы күндөрүнө чейин сүрөттөр менен көрсөтүп беребиз.

Йорк герцогу Альберт жана анын аялы, мурдагы леди Елизавета Боус-Лион
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизавета Александра Мэри Виндзор 1926-жылы 21-апрелде Лондондогу Беркли аянтындагы үйдө төрөлгөн. Ал Йорк герцогу Альберттин жана анын аялы, мурдагы леди Елизавета Боус-Лиондун тун кызы болгон. Герцог Альберт Жордж V’тин экинчи уулу болгон.
Төрөлгөндөн тарта эле такты анын тагдыры болгон эмес.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрөлгөндөн тарта эле такты анын тагдыры болгон эмес.
Анткен менен ал жоопкерчиликти бала кезинен эле сезгени айтылат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анткен менен ал жоопкерчиликти бала кезинен эле сезгени айтылат.
Елизавета жана сиңдиси Маргарет Роуз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизавета да, анын 1930-жылы туулган сиңдиси Маргарет Роуз да үйдөн билим алышкан.
Король Жорж VI
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1936-жылы король Эдвард VIII тактыдан баш тарткан, ал эми Елизаветанын атасы король Жорж VI болгон. Елизавета анын мураскору болуп калган.
Бул сүрөттө алар Би-Би-Сидеги Балдар сааты берүүсүндө элге кайрылганы көрсөтүлгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Елизавета жана анын сиңдиси Маргарет Виндзор сепилине эвакуацияланган. Бул сүрөттө алар Би-Би-Сидеги Балдар сааты берүүсүндө элге кайрылганы көрсөтүлгөн.
Жардамчы аймактык кызматы (Auxiliary Territorial Service)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаш принцесса согуштун аягында Жардамчы аймактык кызматка (Auxiliary Territorial Service) кошулуп, жүк ташуучу унааны айдоону жана тейлөөнү үйрөнгөн.
1947-жылы ал алыскы тууганы, Эдинбург герцогу Филипп Маунтбаттенге турмушка чыккан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1947-жылы ал алыскы тууганы, Эдинбург герцогу Филипп Маунтбаттенге турмушка чыккан.
Алардын биринчи баласы Чарльз (сүрөттө) 1948-жылы төрөлгөн. Андан соң 1950-жылы анын карындашы Энн төрөлгөн.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алардын биринчи баласы Чарльз (сүрөттө) 1948-жылы төрөлгөн. Андан соң 1950-жылы анын карындашы Энн төрөлгөн.
Бул сүрөт 1951-жылы алар үйлөнүү үлпөтүнө катышып жатканда тартылган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизавета өмүр бою апасына абдан жакын болгон. Бул сүрөт 1951-жылы алар үйлөнүү үлпөтүнө катышып жатканда тартылган.
Елизавета менен Филипп ооруп жаткан королдун ордуна чет өлкөлөргө сапар тарткан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1952-жылдын январында Елизавета менен Филипп ооруп жаткан королдун ордуна чет өлкөлөргө сапар тарткан. Падыша бир нече күндөн кийин уктап жатып көз жумду.
Елизавета дароо үйүнө кайтты. Болочок королева 25 жашта эле.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизавета дароо үйүнө кайтты. Болочок королева 25 жашта эле.
король Жорж VI’нын акыркы сапарга узатуу зыйнаты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алгач король Жорж VI’нын акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул жерде анын апасы, ханыша Мэри Жорж VI’нын сөөгү Лондондогу Вестминстер Холлго коштошуу аземин өткөрүү үчүн алып келингенин көрүп жатат. Ханыша Елизавета чоң энесинин артында, анын апасы оң жакта.
Андан кийин, 1953-жылы июнда, Елизавета Вестминстер аббаттыгында тактыга отурган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андан кийин, 1953-жылы июнда, Елизавета Вестминстер аббаттыгында тактыга отурган.
Елизавета II жана Эдинбург герцогу Букингем сарайынын балконунда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андан соң ханыша Елизавета II жана Эдинбург герцогу Букингем сарайынын балконуна чыгышып, куттуктаган элге салам берди.
ханыша Елизавета II Франциянын Париж шаарында жайгашкан Опера театрындагы чоң тепкичинде
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британия согуштун кесепеттеринен дагы эле жапа чеккенине карабастан, айрымдар таажы кийүүнү жаңы Елизаветанын доорунун таңы деп мүнөздөшкөн. Бул жерде ханыша Елизавета II Франциянын Париж шаарында жайгашкан Опера театрындагы чоң тепкичтен көтөрүлүп баратат.
1957-жылы Рождество күнү ханыша телеберүүлөрдүн бирин алып барган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1957-жылы Рождество күнү ханыша телеберүүлөрдүн бирин алып барган.
“монархия” термини акырындык менен “королдук үй-бүлө” дегенге алмаштырылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ коому жана монархияга болгон мамиле өзгөрө баштады, “монархия” термини акырындык менен “королдук үй-бүлө” дегенге алмаштырылды. Королева 1958-жылы Сассекс графствосунда жайгашкан Кроули Нью-Таун шаарына Эдди Хаммонддордун үйүнө барганда кошуналардын көз алдында турат.
кызы принцесса Анна менен Виндзор сепилиндеги Фрогмордо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расмий иш-чаралардын ортосунда Елизавета үй-бүлөсү менен убакыт өткөргөн - бул жерде кызы принцесса Анна менен Виндзор сепилиндеги Фрогмордо. 
1966-жылы Уэмблиде стадиону
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1966-жылы Уэмблиде стадионунда королева Англиянын футбол курама командасынын капитаны Бобби Мурга Жюль Риме байгесин тапшырган. Англия дүйнөлүк чемпионаттын финалында Батыш Германияны 4:2 эсебинде жеңип, чемпион болгон.
Уэльстеги Аберфан айылы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1966-жылдын 29-октябрында королева Уэльстеги Аберфан айылына барды - сегиз күн мурун Пантглас башталгыч мектепти көмүр жер көчкү басып, 144 адам, анын ичинен 116 жаш бала каза болгон. Бул окуя ханышага оор келгени анык көрүнгөн, бул анын башкаруусунун эң эмоциялуу учурларынын бири бойдон калууда.
"Королдук үй-бүлө" даректүү тасмасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1969-жылы эфирге "Королдук үй-бүлө" даректүү тасмасы чыккан. Бул көрүүчүлөргө ханышанын жана анын үй-бүлөсүнүн жеке жана коомдук жашоосундагы бир жыл болуп көрбөгөндөй көрүнүштү тартуулады.
Ханыша принц Чарльзга Карнарфон сепилинде өткөн салтанатта Уэльс принцинин таажысын расмий кийгизген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханыша принц Чарльзга Карнарфон сепилинде өткөн салтанатта Уэльс принцинин таажысын расмий кийгизген. Ал тогуз жашында эле титулга ээ болгон, бирок ханыша расмий салтанатты Чарльз анын маанисин толук түшүнгөнгө чейин жылдырып салган.
1972-жылы ханыша Күмүш тоюнда колдонуу үчүн HMY Britannia кемесинин бортунда тартылган сүрөттөрдүн бирине түшкөн.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1972-жылы ханыша Күмүш тоюнда колдонуу үчүн HMY Britannia кемесинин бортунда тартылган сүрөттөрдүн бирине түшкөн.
коргис породасындагы иттер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийликтин тушунда королеванын жанында коргис породасындагы иттер болгон. Келечектеги Жорж VI 1933-жылы кыздары үчүн Дуки аттуу корги сатып алганда “королдук үй-бүлөнүн” бул порода менен байланышы башталган.
1977-жылы ханышанын тактыга отурганына 25 жыл толгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1977-жылы ханышанын тактыга отурганына 25 жыл толуп, өлкө Күмүш юбилейди белгиледи. Королеваны өлкөнү туш тарабында шыктанган эл жылуу тосуп алды.
Эйвондогу адамдар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуу даражалуу 10 жуманын ичинде 36 графтыкта болду, анын ичинде жайкы аба ырайын эң жакшы пайдаланып жаткан Эйвондогу адамдарды байкады. Ал ошондой эле майрамдоонун алкагында дүйнө жүзү боюнча 56 миң миль (90 миң км) саякат жасаган.
Конкорд учагы Britannia королдук яхтасынын жанынан төмөн учту
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түгөйлөр Барбадоско жакындап калганда, Конкорд учагы Britannia королдук яхтасынын жанынан төмөн учуп, ханыша менен герцог кол булгалап турган.
Жаңы Зеландиянын Королдук Полинезия фестивалынын ачылышы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жылдан-жылга ханыша коомдук милдеттерин уланта берди. Улуу даражалуу жана Эдинбург герцогу Жаңы Зеландиянын Королдук Полинезия фестивалынын ачылышында Жаңы Зеландиялык маорилерди тосуп алышты.
граф Луи Маунтбаттен Ирландияда өзүнүн кайыгында баратканда IRA (“Ирландия республикалык армиясы” экстремисттик кыймылы) койгон бомбасынан каза тапкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1979-жылы августта принц Филипптин агасы жана королеванын бөлөсү, граф Луи Маунтбаттен Ирландияда өзүнүн кайыгында баратканда IRA (“Ирландия республикалык армиясы” экстремисттик кыймылы) койгон бомбасынан каза тапкан. Лорд Маунтбаттен үй-бүлөнүн жакын мүчөсү болгон жана көптөгөн жогорку аскердик кызматтарды аркалаганы менен белгилүү. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Вестминстер аббаттыгында өттү.
леди Диана Спенсер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1981-жылы Елизаветанын тун уулу Чарльз леди Диана Спенсерге үйлөнгөн. Чарльз менен Диана ажырашканга чейин Уильям жана Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. Диана 1997-жылы Парижде жол кырсыгынан каза болгон
"annus horribilis"
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рождество майрамында сүйлөгөн сөзүндө ханыша 1992-жылды өзүнүн "annus horribilis" (өтө жаман жыл) деп мүнөздөдү. Анткени анын үч баласынын никеси бузулуп, Виндзор сепилинде өрт чыккан.
SA80 мылтыгы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомчулук сепилди оңдоого өкмөттүн акча төлөшүнө каршы болгон. Монархия коргонууда болгон, бирок акча чогултуу үчүн Букингем сарайы саякатчылар үчүн ачылган. Королева Бислидеги Армия мылтыктары ассоциациясы менен стандарттуу SA80 мылтыгынан акыркы ок чыгарды.
1997-жылы Уэльс принцессасы Диана каза болгондон кийин ханыша эл алдына чыкпаганы үчүн сынга кабылган. Акыр-аягы, ал Букингем сарайынын сыртындагы урмат-сыйды көрүп, элге түз эфир жасады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1997-жылы Уэльс принцессасы Диана каза болгондон кийин ханыша эл алдына чыкпаганы үчүн сынга кабылган. Акыр-аягы, ал Букингем сарайынын сыртындагы урмат-сыйды көрүп, элге түз эфир жасады
МакКаррон айымдын Глазго шаарынын Кастлемилк аймагындагы үйү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Сюзан МакКаррон айымдын Глазго шаарынын Кастлемилк аймагындагы үйүнө чай ичүүгө барды, анткени “королдук үй-бүлө” коомчулук менен жолугушуунун ынак, расмий эмес ыкмасын сынашкан.
2000-жылы ханышанын энеси 100 жылдыгын белгиледи
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2000-жылы ханышанын энеси 100 жылдыгын белгиледи - бул жерде анын кыздары принцесса Маргарет жана королева Элизабет менен бирге.
2002-жылы королеванын сиңдиси принцесса Маргарет жана анын апасы жети апталык айырма менен көз жумган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2002-жылы королеванын сиңдиси принцесса Маргарет жана анын апасы жети апталык айырма менен көз жумган.
Алтын юбилей
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханыша ошол жайда өзүнүн Алтын юбилейин белгилегенде эл ага колдоо көрсөттү. 4-июндун кечинде бир миллион киши Соода борбордун алдына чогулду.
Принц Чарльз менен Камилла Паркер Боулз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2005-жылы ханыша Елизаветанын тун уулу экинчи жолу үйлөндү. Принц Чарльз менен Камилла Паркер Боулз Виндзор Гилдхоллдо жарандык салтанатта баш кошуп, андан соң Виндзор сепилиндеги Сент-Жорж чиркөөсүндө бата беришти.
Елизавета, Эдинбург герцогу, Уэльс ханзаадасы жана Корнуолл герцогинясы Абердиншир аймагындагы Бремар-Тоолуу оюндарында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизавета, Эдинбург герцогу, Уэльс ханзаадасы жана Корнуолл герцогинясы Абердиншир аймагындагы Бремар-Тоолуу оюндарында
2007-жылы королева Рохэмптондогу Теннис ассоциациясынын жаңы штаб-квартирасын ачуу аземинде жамгырдан жашынып жатканда сүрөткө тартылган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2007-жылы королева Рохэмптондогу Теннис ассоциациясынын жаңы штаб-квартирасын ачуу аземинде жамгырдан жашынып жатканда сүрөткө тартылган.
"Ар бир адам карыйт, болгону болушунча узак жашаш керек", - деп Королева 80 жылдыгын белгилөө мааракесинде Гроучо Маркстын сөзүн келтирген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ар бир адам карыйт, болгону болушунча узак жашаш керек", - деп Королева 80 жылдыгын белгилөө мааракесинде Гроучо Маркстын сөзүн келтирген.
ханзаада Уильям менен Кэтрин Миддлтон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анын соңку жылдарындагы эң бактылуу окуялардын бири - 2011-жылы небереси, ханзаада Уильям менен Кэтрин Миддлтондун үйлөнүү тою болду. Бул жерде принц Уильям жаңы колуктусу менен королевага таазим кылышууда.
RAF базасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Англисидеги шамалдуу RAF базасына келгенде шляпасынан кол жууп кала жаздады. Ал жерде ханыша жана принц Филипп ошол кезде базада жайгаштырылган принц Уильямга барган.
Алмаз юбилей
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2012-жылы Лестерге жасаган сапары 60 жылдык башкаруусуна арналган Алмаз юбилейинин башталышы болду.
Андан кийин Лондон Олимпиадасынын ачылыш аземинде башка британ иконасы Жеймс Бонд (актёр Дэниел Крейг ойногон) менен бирге катышты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андан кийин Лондон Олимпиадасынын ачылыш аземинде башка британ иконасы Жеймс Бонд (актёр Дэниел Крейг ойногон) менен бирге катышты.
Ханышанын аты Эстимейт 207 Алтын кубогуна ээ болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханышанын аты Эстимейт 207 Алтын кубогуна ээ болуп, өзүнө да, жарыш боюнча менеджери Жон Уорренге да чоң кубаныч тартуулады
2015-жылдын 9-сентябрында Елизавета 23 226 күн, 16 саат жана болжол менен 30 мүнөт падышалык кылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2015-жылдын 9-сентябрында Елизавета 23 226 күн, 16 саат жана болжол менен 30 мүнөт падышалык кылды - бул анын чоң таенеси, ханыша Викториянын башкаруусунан ашып түштү. Бул күнү ал Шотландияда жаңы темир жолдун ачылыш аземине катышты.
“королдук үй-бүлөнүн”
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханыша 2016-жылдын июнь айында “королдук үй-бүлөнүн” башка мүчөлөрү менен туулган күнүн белгиледи. Ал 90 жашка толгон.
Королева 2018-жылы Виндзордогу Королдук ат шоусунда Спарклер атына көз салып жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эдинбург герцогу ыйгарым укуктарынан баш тарткандан кийин ханыша өзүнүн коомдук милдеттерин көбүнчө жалгыз аткарууну улантты. Королева 2018-жылы Виндзордогу Королдук ат шоусунда Спарклер атына көз салып жатат
Сассекс герцогу жана герцогинясы, алардын уулу Арчи жана герцогиниянын энеси Дориа Редлан менен бирге
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анын үй-бүлөсү чоңойгон сайын кубаныч көбөйө берген - бул жерде ал Сассекс герцогу жана герцогинясы, алардын уулу Арчи жана герцогиниянын энеси Дориа Редлан менен бирге. Бирок үй-бүлөдө дагы эле татаалчылыктар болгон: анын ичинде ханзаада Эндрю менен жыныстык кылмыштар үчүн соттолгон америкалык финансист Жеффри Эпштейндин достугу, ошондой эле ханзаада Гарринин падышалык үй-бүлөдөгү жашоодон көңүлү калганы.
принц Филипп 99 жашында, 2021-жылдын 9-апрелинде каза болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ханыша Елизавета II менен 60 жылдан ашуун бирге жашаган принц Филипп 99 жашында, 2021-жылдын 9-апрелинде каза болгон. Ковид пандемиясынан улам королева сөөк коюу аземинде жалгыз отурууга аргасыз болгон.
Королеванын артында төрт баласы, сегиз небереси жана 12 чебереси калды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королеванын артында төрт баласы, сегиз небереси жана 12 чебереси калды.