АКШ Иранды жаңы санкциялар менен талкалайбыз деп убада кылууда

Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Бернд Дебусманн-младший
    • Role, Би-Би-Синин Ак үйдөгү кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Дональд Трамп Иранды тез арада жеңүүгө убада бергенине дээрлик жарым жыл болду. Бирок жаңжал туңгуюкка кептелип, аскердик жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү да, дипломатиялык келишим түзүү перспективалары да барган сайын алыстап баратат.

Жол издеп жаткан Трамп "экономикалык D-Day" деп атаган жаңы санкцияларды киргизүүнү убада кылды. Башкача айтканда, Иран менен бизнес жүргүзгөн кайсы гана өлкө болбосун, "эбегейсиз экономикалык кесепеттерге" туш болорун эскертти.

Бирок Иран узак убакыттан бери санкциялардын шартында жашап келет. Жаңжал күчөгөн сайын бул өлкө кысымга чыдоого даяр экенин, өтө күчтүү экономикалык жана аскердик басым шартында ыңгайлашууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө.

АКШ үчүн негизги суроо туулууда. Буга чейинки стратегия ийгиликке жеткирген жок, жаңы санкциялар кырдаалды өзгөртө алабы?

Вашингтон эмнени пландап жатат?

Азырынча АКШнын Иранга карата кандай жаңы экономикалык басым жасай турганы белгисиз. АКШнын Каржы министри Скотт Бессент анын чоо-жайын 24-августтагы басма сөз жыйынында айтып берерин билдирди.

Бирок Бессент CNBC телеканалына берген маегинде Вашингтон АКШнын союздашы же каршылашы экенине карабастан, жаңжалдан чыгуу үчүн Иранга жардам берген бардык өлкөлөрдү жазалай турганын айтты.

"Ким биз менен болбосо, ал бизге каршы",- деди ал. "Эгер кимдир бирөө Иран менен бизнес кылса, ага акча которсо, Ирандын мунайын сатып алса же деңиз аркылуу жүк ташыса, АКШнын Каржы министрлиги жана өкмөтү ага каршы бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт".

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс санкцияларды жаңжалдын "жаңы баскычы" деп мүнөздөп, экономикалык басым Вашингтон үчүн жеткиликтүү болгон "эң натыйжалуу" курал болорун айтты.

"Алар бизге экономикалык басым көрсөтүүгө аракет кылып жатат, бирок акыркы бир нече жумада өздөрү бизге караганда алда канча көбүрөөк басымга туш болгонун көрдүк",- деди Вэнс Клэй Трэвис менен Бак Сексонун шоусунда.

"Биз муну улантабыз, анткени бул биздин акыркы максатыбызга жетүүнүн эң мыкты жолу деп эсептейбиз",- деп кошумчалады ал.

Каарын төгүү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШ 1979-жылы Ислам Республикасы түзүлгөндөн бери Иранга олуттуу экономикалык санкцияларды киргизип келет.

Трамптын биринчи администрациясы 2015-жылы Тегеранга карата басымды күчөткөн. Ошол жылы АКШ дүйнөлүк державалар менен Ирандын ортосунда түзүлгөн мурдагы өзөктүк келишимден, Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынан (JCPOA) чыккан.

Азыркы жаңжал учурунда АКШ өкмөтү "Экономикалык каар төгүү" деп аталган операциясын жарыялады. Бул операция эки багыттан турат. АКШнын Каржы министрлиги Ирандын каржы тармагына каршы санкцияларды киргизет. Америкалык аскер-деңиз күчтөрү болсо Ирандын портторун деңизден блокадага алат.

Вашингтондогу Атлантикалык кеңештин эксперти, АКШнын Коргоо министрлигинин мурдагы кеңешчиси Имран Баюми Би-Би-Сиге билдиргендей, азыркы чаралар, сыягы, буга чейинки аракеттердин баары Трамп каалагандай натыйжа бербегенден улам кабыл алынууда.

"Чынында бул АКШ согушта дээрлик туңгуюкка кептелгенин моюнга алуу,- дейт ал. Бул экономикалык басым көрсөтүүгө жасалган дагы бир аракет".

"Бул АКШ колдонуп жаткан дагы бир курал,- деп кошумчалайт эксперт. Биз администрациянын аскердик же экономикалык ыкмалар менен эмне кылууну көздөп жатканын так түшүндүргөн стратегиясын көрө элекпиз. АКШ эмнеге жетүүгө аракет кылып жатканы тууралуу суроо дагы эле жоопсуз калууда".

Иран санкциялардан кантип буйтап жатат?

Сегиз жыл бою АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгында (OFAC) иштеген экономикалык санкциялар боюнча эксперт Майкл Паркер жаңы стратегияны санкциялардын "экономикалык жеңилүүсүнүн радиусун кеңейтүүгө" жасалган аракет деп эсептейт. Башкача айтканда, санкциялар Иран менен бизнес жүргүзгөн, бирок америкалык долларга көз каранды үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталат.

"АКШ негизинен мындай экинчи даражадагы санкцияларды чет өлкөлүк каржы институттарын санкциялык саясатты бузбоого ынандыруу үчүн колдонуп келген,- дейт Паркер. Бирок америкалык доллар менен да, Иран менен да иш алып барган тараптарга карата таасир этүү рычагы азырынча жетиштүү деңгээлде колдонула элек".

Эксперттин пикиринде, кеп Иранга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген же ага каражат которгон чет өлкөлүк каржы институттары жөнүндө болушу мүмкүн.

Ирандын буга кандай жооп кайтарары азырынча белгисиз. Бирок эксперттер Тегеран санкциялык режимди айланып өтүүдө буга чейин эле тапкычтыгын көрсөтүп келгенин белгилешет. Анын ичинде мунайды "көмүскө флотко" кирген танкерлер менен ташуу жана АКШнын санкциялык тизмесине кирбеген жаңы ортомчу компанияларды түзүү сыяктуу ыкмалар колдонулат.

"Биз дайыма жаңы аталыштардын пайда болуп жатканын көрөбүз, анткени Иран абдан тез ыңгайлашат,- дейт Лондон фондулук биржасынын экспорттук көзөмөл жана санкциялар боюнча менеджери Мохаммед Хаммуда. Кандай гана санкциялар киргизилбесин, алар аны айланып өтүүнүн жаңы жолун табышат".

Хаммуданын айтымында, Иран көп учурда көзөмөл жүргүзгөн органдардан бир кадам алдыда жүрөт.

"Бардык санкциялар кагаз жүзүндө гана жазылган, аларды ишке ашыруу боюнча оор жумуш көшөгө артында жүргүзүлөт,- деп түшүндүрөт ал. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында санкциялардын аткарылышын камсыз кылууга жана ага тиешеси барларды аныктоого аракет кылган топтор иштейт. Ошондуктан Иран да ага жараша ыңгайлашууга аргасыз".

Кытай жана башка өлкөлөр эмне дейт?

Санкциялардын натыйжалуулугу көбүнчө алар багытталган өлкөлөрдүн реакциясынан көз каранды болот. Мындай мамлекеттердин катарына АКШнын союздаштары болгон Түркия, Ирак жана Кытай кириши мүмкүн.

"Бул нерсеге Иран толук көзөмөл жүргүзө албайт,- дейт Паркер. Ирандын санкцияларды айланып өтүү мүмкүнчүлүгү көбүнчө башка өлкөлөргө байланыштуу. Тактап айтканда, башка өлкөлөрдүн каржы уюмдары Тегеранга расмий банк системасы аркылуу иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө канчалык даяр экенинен көз каранды".

Паркердин айтымында, санкциялардын канчалык күчтүү болору башка мамлекеттердин АКШнын тышкы саясатын колдоого канчалык даяр экенине жараша болот. Айрыкча, америкалык доллар колдонулган жана алар үчүн оор экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон чаралардын коркунучу маанилүү роль ойнойт.

Айрым эксперттер мындай жүйөөгө ишенбейт.

"Мисалы, Кытай буга макул болот деп ойлобойм,-дейт Баюми. Бул мамлекеттердин баары азырынча Трамптын администрациясынын алдында өз кызыкчылыктарын коргой алышат".

"Эң негизгиси бул жөн гана дагы бир инструмент. Бирок кеңири стратегия маселеси эч жакка кеткен жок. Ансыз мунун баары узак мөөнөттүү келечекте кырдаалды өзгөртө аларына ишене албайм".