"Бакиевдин цех курушуна, өлкөгө кайтышына каршыбыз"

Видеонун түшүндүрмөсү, "Бакиевдин цех курушуна, өлкөгө кайтышына каршыбыз"
"Бакиевдин цех курушуна, өлкөгө кайтышына каршыбыз"

Президент Садыр Жапаров 10-майда "апрелчилердин" тигүү фабрикасына барды. "Айкөл таза коом" коомдук бирикмеси бул объектини Курманбек Бакиев моралдык жана материалдык кун катары куруп бергенин билдирүүдө.

Апрель окуясында жакындарын жоготкон адамдардын бир бөлүгү буга нааразы болушууда. Алар бозгундагы президентти кечирбей турганын, анын өлкөгө келишине каршы экенин айтышууда.