Жерси лагеринен качкан советтик жоокердин сыры
Норманд аралдарында нацисттердин лагеринен качып чыгып, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин жергиликтүү үй-бүлөнүн үйүндө жашынып жүргөн советтик туткундун кийинки тагдыры кандай болгонун 80 жылдан ашык убакыт бою эч ким билбей келген.
Бул Бокижон же жөн эле Том деген ысым менен гана белгилүү эле. Ал нацисттик чептерди куруу үчүн Жерси аралына алып келинген 2 миңдей советтик согуш туткундун бири болчу.
1945-жылы Том башка аман калган туткундар менен биргеликте СССРге жиберилген. Ал байланышып турууга убада бергени менен, Өзбекстанга кайтып келгенден кийин эч бир кабар келген эмес.
Акыры Би-Би-Си кабарчылары Бокижондун урпактарын Борбор Азиядан – Өзбекстандын алыскы чыгышынан таба алды.
Макаланы толугу менен ушул жерден окуй аласыз.
Видеону толугу менен Би-Би-Си Өзбек кызматынын Ютуб каналынан көрсөңүз болот.



