Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 50 компания ишин токтотту

Санкция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 50 компаниянын ишин токтотту. Бул тууралуу министрлик өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, чечим жаңы кабыл алынган мекемелер аралык буйруктун негизинде чыгарылды.

Аталган документ тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан, санкцияларды айланып өтүүгө шектелген компанияларды аныктоо үчүн мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин жөнгө салат.

Иши токтотулган компаниялардын тизмесин Экономика жана коммерция министрлиги менен бирге башка мамлекеттик органдар даярдаган. Алар санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү фактылары боюнча маалыматтарды карап чыгышкан.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чаралар Кыргызстандын экономикасын коргоо жана батыш өлкөлөрү тарабынан мүмкүн болгон экинчи санкциялардын терс таасирин алдын алуу максатында көрүлүүдө.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде, санкциялык тобокелдиктери жогору деп саналган юридикалык жактардын ишин тез арада токтотууга мүмкүндүк берген жөнөкөйлөтүлгөн механизм киргизилгени айтылды.

Соңку убактарда АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшөт деген шек менен Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы бир катар жеке компанияларга чектөөлөрдү киргизген.