Жаңы министрлер ант берди, Аяз Баетов БУУга кетти

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңеш 9-сентябрдагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, юстиция министри жана башкы прокурор кызматтарына сунушталган талапкерлерди жактырды. Ошондой эле парламентте кызматка жаңы дайындалган жана мурдарак бекитилген министрлер ант берди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Алмаз Имангазиевдин талапкерлигин 87 депутаттын 86сы колдоду. Ал 8-сентябрда Канат Сагынбаев кызматтан бошотулгандан кийин министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Юстиция министри кызматына Алмаз Айылчиевдин талапкерлиги да парламент тарабынан жактырылды. Жыйынында катталган 87 депутаттын 86сы анын талапкерлигин колдоп добуш берди.
Айылчиев 8-сентябрда Аяз Баетов кызматтан кеткенден кийин юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш Малик Бектургановдун башкы прокурор кызматына талапкерлигин колдоду. Добуш берүүдө катталган 88 депутаттын 87си "макул деп добуш берген.
Бектурганов 30-июнда Максат Асаналиев кызматтан кеткенден кийин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Асаналиев кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган.
Бул күнү парламентте кызматка жаңы дайындалган жана мурдарак бекитилген министрлер ант берди.
Алар: Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эркин Маматканов, Финансы министри Руслан Сүйналиев, Энергетика министри Алтынбек Рысбеков, Юстиция министри кызматына Алмаз Айылчиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Алмаз Имангазиевдин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Максат Асаналиев.
Аяз Баетов БУУга кетти
Ал эми юстиция министри кызматынан бошотулган Аяз Баетов Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалганы 8-сентябрда расмий жарыяланды.
Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, Баетов бул кызматта Аида Касымалиеванын ордун ээледи. Касымалиева башка ишке өткөнүнө байланыштуу туруктуу өкүл кызматынан бошотулган.
Баетов буга чейин юстиция министри болуп иштеген. Президент Садыр Жапаров анын "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстанга кайтаруу процессине салым кошконун бир нече жолу айткан.
Акыркы жылдары Баетов мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу боюнча ишти жетектеп, вице-премьер-министрге тең ыйгарым укуктарга ээ болгон.
Анын жаңы кызматы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп турган учурга туш келди. Быйыл июнда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган.
































