Нурлан Тургунбек уулу: "Ырыс Ордонун" ачылышына расмий чакыруу менен бардык

- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 1 мүнөт
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан Нурланбек Тургунбек уулу "Ырыс Ордо" конгресс борборунун ачылышына чакырылышы, сот иши тууралуу Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди. Ал сот адилет чечим чыгарышы керектигин билдирип, президент менен кызматтан кеткенден кийин жолукпаганын айтты. 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланышкан кезектеги сот отуруму өтүп жатат.
Би-Би-Си: Нурланбек Тургунбек уулу, саламатсызбы? Сиз "Ырыс Ордо" конгресс борборунун ачылышына кандай шартта барып калдыңыз? Сизди атайын чакырыштыбы?
Нурлан Тургунбек уулу: Чакыруусуз бармак белек? Бизди чакырды, расмий түрдө чакыруу кагазын беришти. Чакырылгандар катары бардык, катыштык.
Би-Би-Си: Сиз муну кандай деп кабыл алдыңыз? Сиз азыр айыпталуучусуз да.
Нурлан Тургунбек уулу: Президентибиз Садыр Нуркожоевич биз кандай гана көз караштар болбосун, кандай гана учурлар болбосун, биз мындан ары ынтымак-ырашкерликте болушубуз керек, биримдикте болушубуз керек деп айтпадыбы. Ошол жерге чакырылгандарды көрүп, мен президенттин сөзү, маңызы туура жана колдой турган максатта болуптур деп ойлойм. Себеби дегенде иш жүзүндө көрсөттү, баарын чакырыптыр.
Би-Би-Си: Конституциялык аракеттерге айыпталган адам болуп туруп, сиздин ИИМ башчысы менен кучакташып, учурашканыңыз аябай талкуу жаратып жатат. Ал киши менен жеке мамилеңиз барбы? Анткени ишти ИИМ козгогон да.
Нурлан Тургунбек уулу: Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен юиз президенттин командасында дээрлик беш жыл иштедик. Ички коопсуздук боюнча парламентте көптөгөн мыйзам долбоорлорун өткөрдүк. Көп учурларда тыгыз бирге иш алып бардык, бир командада иштедик, мамилебиз бардыгы менен тең эле жакшы.
Би-Би-Си: Жолугушуу учурунда иш боюнча сөз болдубу?
Нурлан Тургунбек уулу: Бул ал жерде сүйлөшө турган сөз эмес да.
Би-Би-Си: Сиздер сотто эми жарыш сөзгө чыгасыздар. Кандай чечим болот деп күтүп жатасыздар?
Нурлан Тургунбек уулу: Адилет чечим болуш керек. Себеби бул жерде кылмыш эмес, керек болсо окуя жок. Өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, угуп жатасыздар. Бул жерде бир гана адилет чечим болуш керек.
Би-Би-Си: Президент Садыр Жапаров соңку маегинде Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан бери аны менен бир-эки жолу жолуктум деп айтты. Сиздер да спикерликтен кеткенден кийин Садыр Жапаров өзү менен жолуктуңуздарбы, ушул иштер боюнча сүйлөшүп?
Нурлан Тургунбек уулу: Жок, жок. Эч кандай жолугушуу болгон жок.
































