Жарандарды тыңшоо, телефондорду өчүрүү: УКМКнын ыйгарым укуктары кандай өзгөрдү?
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда атайын кызматка куралдуу кагылышуу же өзгөчө кырдаал шартында айрым мобилдик каражаттарды өчүрүү жана абоненттер тууралуу маалымат алуу укугу берилди. Президент тийиштүү мыйзам долбооруна кол койду.
Эксперттер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кулачын кенен жайып, өзүнө эбегейсиз укуктар алып жатканын айтып жатышат. Атайын кызмат эми уюлдук операторлорду тигил же бул жаранды тыңшоого, анын чалуулары, сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирет.
Бүгүнкү күндө өлкөдө үч уюлдук байланыш оператору активдүү иш алып барат. Алар: Мегаком, О жана Билайн. Бирок өлкөдө катталган уюлдук компаниялардын саны онго жетет. Мындан тышкары 150 интернет провайдери бар. Алар жаңы мыйзам тууралуу кандай ойдо?
Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Салават Ормошев Би-Би-Сиге буларды билдирди:
"Кол коюлган мыйзам маанилүү. Биз буга чейин сунуштарды бергенбиз. Кайсылары эске алынды, кайсынысы жок, аны дагы бир ирет изилдеш керек. Көп учурда долбоор менен кол коюлган мыйзамда өзгөчөлүктөр болуп калат. Кол коюлган мыйзамды окуп, ал кандай таасир бериши мүмкүн, аны дагы уюлдук операторлор менен кеңешип чыгыш керек".
Жаңы мыйзам күчүнө кирсе уюлдук операторлор үчүн эмне өзгөрөт?
Өлкөдөгү эң ири О (Нуртелеком) уюлдук операторунун Би-Би-Сиге жообу кыска болду. Ал "мобилдик оператор катары мыйзамдарга ылайык иш жүргүзөрүн" жана "кабыл алынган мыйзамдарга карата комментарий берүүгө ыйгарым укуктуу эмес экенин" жооп берди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Санарип министрлиги жана Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы бул тууралуу уюлдук операторлорго атайын көрсөтмөлөр бере элек. Аталган кызматтын төрага орун басары Азамат Асанов мыйзамды ишке ашыруунун техникалык жагы тууралуу суроого: "Мыйзамды ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актыларда көрсөтүлгөн тартип талап кылынат", - деп жооп берди.
Жаңы мыйзамга ылайык, жарандарды тыңшоо үчүн атайын жабдык СОРМ – (ред.орусча, "система оперативно-розыскных мероприятий") же "ыкчам-издөө иш-чаралар тутуму" колдонулмакчы. Буга чейин аны "О", "Мегаком" жана "Билайн" өз каражаттарынын эсебинен сатып алып койгону белгилүү болгон. Бул тууралуу маалыматты парламенттеги тийиштүү мыйзам долбоорунун талкуусунда 4-июнда УКМК өкүлү Алишер Эрбаев ырастаган.
"Бардыгы (ред. уюлдук операторлор) СОРМду алып коюшкан. Андан тышкары УКМК, ИИМ дагы мамлекетин эсебинен аны алганбыз. Азыр сырттан келип дагы бир уюлдук компания ачылса, ошолор өздөрүнүн эсебинен алышы керек".
Мында аталган санариптик инфраструктуранын юридикалык ээси болуп УКМК таанылат.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана ИИМ телефон тыңшоолорун Конституциянын негизинде гана алып барат. Бул биринчиден. Экинчиден, ал соттун чечиминин негизинде гана жүрөт", - деген эле парламентте Эрбаев.

Сүрөттүн булагы, Official
Тыңшоолор жүрчү СОРМ же "ыкчам-издөө иш-чаралар тутуму" - атайын кызматта, ИИМде дагы мурунтан бар. Бул туурасында укук коргоочу Нурбек Токтакунов он жылдан бери маселе көтөрүп келет.
"Ар бир ошол аппаратка атайын кызмат өкүлүн бекитип койгон. Ошондой ченемдик акт, инструкцияларды кабыл алган. 2015-жылы мен Конституциялык сотко бул боюнча кайрылгам. Байланыш операторлору бизди ошондо эле саткан. Алар өз кардарларын коргойбуз деп акырына чейин турушпады. Эл дагы буга анча көңүл бурбады. Де-факто биздин маалыматтарды эбак эле сатышкан. Азыр ошол нерсе эле де-юре болгону жатат", - дейт укук коргоочу Нурбек Токтакунов.
СОРМ же "Ыкчам-издөө иш-чаралар тутуму" деген эмне?
СОРМ же "Ыкчам-издөө иш-чаралар тутуму" - бул тыңшоо системасы. Ал орусча "система технических средств для обеспечения функций оперативно-розыскных мероприятий" деген сөз айкашынан чыккан аббретиватура. Кыргызчасы - ыкчам издөө иш-чараларын камсыздоочу техникалык каражаттар системасы.
Бул Орусияда байланыш операторлорунун түйүндөрүнө орнотулган система. Ал аркылуу укук коргоо жана атайын кызматтар сот уруксат берген учурларда телефон жана интернет байланышы боюнча маалыматтарды ала алышат.
"Керек болсо каалаган убагында чыгарып алышат. Биздин телефон сүйлөшүүлөрдү укпаган күндө да чалуулардын алгоритми аркылуу эле көп нерсени билип алат. Атайын СОРМ деген аналитикалык система бар. Биздин жеке жашообуздун купуялуулугу сакталбай калат. Өзгөчө кырдаалдар деген жүйө келтире беришет. Бирок андай кырдаалдарда андайга бөгөт деле жок болот. Сот аркылуу деле кылмышкердин маалыматын сурап, ачса болот. Ал үчүн милиция иштеш керек, кайсы бир жаранды тыңшоо керектигин далилдеш керек. Алар болсо оңой жол менен, операторлорду маалымат берүүгө милдеттүү кылып, баарын оңой жасаганды жакшы көрүшөт", - дейт укук коргоочу Нурбек Токтакунов.
Расмий түрдө система терроризмге, экстремизмге жана оор кылмыштарга каршы күрөшүү максатында түзүлгөн делет.
"Ыкчам-издөө иш-чаралар тутуму" Орусиянын өзүндө укук коргоочулардын жана санариптик укук боюнча адистердин сынына да кабылып келет. Себеби, ал жарандардын жашоосунун жеке купуялуулугу шек келтириши мүмкүн экени айтылат.
УКМКнын жүйөөсү
Комитеттин басма сөз кызматы бул жаңы өзгөртүүлөрдүн маңызы тууралуу Би-Би-Сиге төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
УКМК жалпы төрт документке өзгөртүү-толуктоо киргизди.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
"Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" мыйзамы;
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамы;
"Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамы
Булардын ичинен маанилүүсү - "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамына кирип жаткан жаңы өзгөртүү жана толуктоолор. Эмнеге?
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул мыйзам долбоорунун жаңылыгы эле бул аппараттык программалык комплекстин (ред. СОРМдун) ээси комитет УКМК болот деген кирип жатат. СТС (ред. маалыматты алуу үчүн колдонулуучу жабдыктар) көзөмөлүн да комитет өзүнө алат. Ушул эки эле норма жаңылык болуп кирип атат", -деп түшүндүргөн УКМКнын өкүлү.
Атайын кызмат согуш маалында же өзгөчө кырдаалдарда мобилдик телефондорду жеринен убактылуу өчүрүү эмнеге маанилүү экенин деп негиздеген:
"Уюлдук операторлордун системалары аркылуу биз тааныш эмес IMEI коду бар аппараттарды өчүрө алабыз. Элге туура түшүндүрүш керек. Мында коопсуздук маселеси болуп жатат жана да соңку кезде көз боёмочулар да көбөйүп кетпедиби. Телефон аркылуу алдангандар көп болуп жатат. Чет элдик жарандар биздин сим-карталарды сатып алып, шылуундук кылып атпайбы. Бул чара так ошого да стратегия".
Атайын кызмат абоненттерди өчүрүү буга чейин деле "Электр байланышы жөнүндө" мыйзамы менен мүмкүн болуп келгенин, болгону анда мобилдик байланышты дүңүнөн өчүрүү гана мүмкүн болчу дешет. Ал мыйзам азыр күчүн жоготкон, ал эми жаңы мыйзам менен эми бутага алынган гана аппараттарды байланыштан чектесе болот деп жатат.
"Электрдик байланыш жөнүндө" мыйзамын карасаңыз, базалык станцияларды өчүрө алат деп жазылган. Бирок биз базалык станцияларды өчүрсөк элдин да телефондору өчүп калганы жатпайбы. Эми болсо кимдики өчүрүш керек болсо, ошонуку гана өчөт. Мисалы, террористтик объект бир имаратты басып алса, ал имаратта канча аппарат бар алардын мындай IMEI коддору бар деп, анан таамай өчүрө алабыз".
УКМК бул сыяктуу ыйгарым укуктар АКШнын (Patriot Act), Израилдин, Индиянын жана ЕБ өлкөлөрүндө деле бар экенин белгилейт.
Атайын кызматтын төрага орун басары Алишер Эрбаев бул өзгөртүүлөр "Санариптик кодекстин" күчүнө киришине байланыштуу зарыл болуп жатканын белгилеген.
Юрист талдайт
Акылбек Жусупов санарип жаатындагы эксперт-юрист. Ал Би-Би-Сиге УКМК демилгелеген жаңы мыйзамды талдап берди. Анын айтымында, "Контрчалгын иши жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жарандардын күнүмдүк жашоосуна анчалык таасир этпеши мүмкүн. Анткени бул мыйзам контрчалгын ишинин укуктук негиздерин жана аны мыйзамдуу жүргүзүүнүн кепилдиктерин аныктайт.
Бирок "Ыкчам-издөө иши жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр дээрлик ар бир жаранга тиешелүү болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө байланыш операторлору эми төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:
абоненттер жана алардын кызматтарды пайдалануусу тууралуу маалымат берүүгө;
атайын кызматтарга маалымат алууга шарт түзгөн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
зарыл болгон учурда өздөрүнүн маалымат базаларына жана маалыматтык системаларына жетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө;
мыйзамдарда каралган башка жардамды көрсөтүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө мындай маалыматтар сөзсүз соттун чечими менен гана алынат деген так норма көрсөтүлгөн эмес. Эгер сөз конкреттүү колдонуучулар жана маалымат базаларына жетүү жөнүндө болуп жатса, анда бул жеке маалыматтарга да тиешелүү болот. Демек, укук коргоо органдары жарандардын купуя маалыматтарына кыйла жеңил жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышы мүмкүн", - дейт Жусупов.
Эксперттин айтымында, ошол эле учурда Кыргызстандын Санарип кодекси жеке маалыматтардын ээлерине алардын маалыматтары кандай иштетилип жатканын, ким тарабынан суралып жатканын жана кандай максатта колдонулуп жатканын билүүгө кеңири укуктарды берет. Башкача айтканда, ар бир жаран өзүнүн маалыматтарына кимдер жеткенин сурап биле алат.
"Бирок Санарип кодексинде бул укук чектелген учурлар да каралган. Алардын катарына ыкчам-издөө иши, кылмыш-жаза процесси жана мамлекеттик сырларга байланыштуу иштер кирет. Демек, жаран кааласа дагы, анын жеке маалыматтарына кайсы укук коргоо органы качан жана кандай негизде жеткенин биле албай калышы мүмкүн. Бул өзгөртүүлөр Конституциянын 63-беренеси менен кепилденген жеке маалыматтарды коргоо укугуна таасир этиши мүмкүнбү?", -деп суроо коет юрист.
Мыйзамдын айланасындагы негизги талкуулардын бири дал ушул суроонун тегерегинде жүрүүдө.
Саясат талдоочу Бурул Усманалы бул мыйзам жарандардын эркин чогулуусуна, бийликке нааразылыгын айткан учурда үнүн басууга колдонулуп калышынын мүмкүндүгүнөн чочулайт.
"Жарандардын телефонун текшерүү тоталдык контролго жатат. Адамдардын Конституциялык укук, эркиндигин чектөөгө жатпайбы?. Мисалы, бийликке каршы эл нааразылыкка чыкса, аны да ушул катары квалификациялап, телефондорун өчүрүп салат да. Бул мыйзамдын эки жагы бар. Коркунучтуу кылмышкерди кармаганда бул өзүн-өзү актайт. Бирок муну ошол эле кезде элдин укугун каршы да колдонулушу мүмкүн. Мисалы, эл кайсы бир маселеде нааразылык билдирип чыкса, байланышын үзүп салат. Жарандык эркиндиктерге күмөн, шек келтирет".
УКМК бул өзгөртүүлөр улуттук коопсуздукту камсыздоо, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл экенин белгилейт.
Ал эми айрым юристтер жана укук коргоочулар мыйзам жарандардын жеке жашоого болгон укугуна жана жеке маалыматтарынын купуялуулугуна таасир этиши мүмкүн деген кооптонууларын билдиришүүдө.
Тийиштүү мыйзам президент кол койгондон кийин он күндө күчүнө кирет.
































