Ташиевдин өкүмү талкуу жаратты: Пробация туура эмес колдонулдубу?

Коллаж
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коллаж
    • Author, Айдай Аманкулова, Заирбек Бактыбаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2-июлда "75чилердин каты" деп аталган резонанстуу кылмыш иши боюнча чыгарган өкүмү коомдо талкуу жаратты. Соттун чечими менен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, парламенттин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адам "Бийликти күч менен басып алууга" күнөөлүү деп табылып, аларды мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен эркиндикте калтырылды. Прокурорлор сегиз айыпталуучунун ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле.

Айрым адвокаттар жана айыпталуучулар сот өкүмүнө макул эместигин билдирип, далил жетишсиз болгондуктан актоо чечимин күтүшкөнүн айтышууда.

Пробация - бул кылмыш жасаган адамды түрмөгө камабастан, коомчулуктун көзөмөлүндө абактан тышкары түзөтүү системасы. Мында адам жазасын эркиндикте өтөп, жумасына эки ирет белгиленген шартта каттоодон өтүп, атайын кызматкерлердин көзөмөлү астында болот.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген. Ошондуктан ага козголгон кылмыш ишине жана сот жараянына коомчулук кызыгуу менен байкоо салып келди.

Аскат Жетиген менен Каныкей Арановага эмнеге пробация колдонулбайт?

Соттун пробациялык көзөмөл колдонуу чечими коомчулукта жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкууланууда. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова соттун бул кадамын сындап, мыйзамдын тандалма иштеп жатканына токтолду. Ал бул чечимди башка активисттерге чыккан буга чейинки өкүмдөр менен салыштырды.

"Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча пробациялык көзөмөл кантип колдонулганын түшүнбөй жатам. Анткени Кылмыш-жаза кодексинде "конституциялык түзүлүшкө каршы" беренелер боюнча пробация колдонулбасы ачык жазылган. Эгер пробацияны колдонууга мүмкүн болсо, анда эмне үчүн "конституциялык түзүлүшкө каршы" беренелер боюнча айыпталган акын Аскат Жетиген менен активист Каныкей Аранованы түрмөгө камап, пробация колдонушкан жок? Эмне үчүн бир эле мыйзам тандалма түрдө иштейт? Анда мен Аскат менен Каныкейди токтоосуз бошотууну талап кылам", - деди ал.

Абдирасулова айткан активист Каныкей Аранова Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, учурда түрмөдө отурат. Ал эми акын Аскат Жетиген "Массалык башаламандыктар", "Бийликти басып алууга чакырык" беренелери боюнча жазасын өтүүдө.

Соттун түшүндүрмөсү

Коомдогу талкууларга дароо жооп берген Биринчи май райондук соту пробациялык көзөмөл кылмыш аягына чыкпай, "даярдык көрүү" баскычында калганы үчүн колдонулганын билдирди. Соттун жүйөсүнө ылайык, айыпталуучулардын жеке өзгөчөлүктөрү жана эркиндигинен ажыратпай туруп оңолуу мүмкүнчүлүгү эске алынган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Сот пробациялык көзөмөлдү бул иште Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде каралган кылмыш аягына чыкпай, ага даярдык көрүү баскычында калганын эске алуу менен колдонгон. Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесине ылайык, кылмышка даярдык көрүү кылмыштуу аракеттин өзүнчө бир баскычы болуп саналат жана ал кылмыштын өзү аягына жетпесе дагы, аны жасоо үчүн шарттарды түзүүдө чагылдырылат. Ошондуктан жаза дайындоодо сот Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесин жетекчиликке алган, бул берене кылмыштуу ниеттин ишке ашуу даражасын, кылмыштын аягына чыкпай калуу себептерин жана иш жүзүндө жасалган аракеттердин мүнөзүн эске алууга милдеттендирет. Ушул жагдайлардан улам, ошондой эле айыпталуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөбөстөн эле оңолуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен сот Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесин колдонуу чечимине келген. Анткени пробациялык көзөмөл - бул жоопкерчиликтен бошотуу эмес, мыйзам тарабынан белгиленген жана пробация органынын көзөмөлү астында аткарылуучу кылмыш-укуктук таасир этүү чарасы болуп саналат" деп айтылат Биринчи май райондук сотунун билдирүүсүндө.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Биринчи май райондук сотунун билдирүүсүнөн кийин кайрадан суроо салып, аны кабатыр кылып жаткан нерселерге токтолгон.

"Сот кечээки чечимин айыпталуучулар аягына чыкпаган кылмыш үчүн соттолгону менен түшүндүрдү. Маселе мына ушунда: сот таянган Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси (пробацияны колдонуу жөнүндө) конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган адамдарга аны колдонууга түз тыюу салат. Бул пунктта аягына чыкпаган кылмыштар, даярдык көрүү же кылмышка аракет кылуу жөнүндө эч кандай эскертүү жок, тыюу салуу кылмыштын кайсы стадияда жасалганына карабастан иштейт. Мен соттун гумандуулукка болгон укугу менен талашып жаткан жокмун. Мен Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси кандай негизде колдонулганын сурап жатам? Эгерде сотто укуктук негиздеме бар болсо, анда ал пробациялык көзөмөлдү колдонууга салынган түз тыюуну айланып өтүүдө кайсы ченемге таянганын ачык цитата келтирип көрсөтсүн. Эгерде ал ошол ченемди атаса, анда Аскат Жетиген, Каныкей Аранова, Имамидин Ташов жана башкалар "75түн тизмеси" ишиндеги айыпталуучуларды реалдуу жазадан бошотууда сот колдонгон укуктук логиканын негизинде эле бошотулушу керек. Болбосо, "75түн тизмеси" боюнча чечим мыйзамсыз деп таанылышы зарыл", - дейт укук коргоочу.

"Күтүлгөн эле чечим болду"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев соттун өз чечимине түшүндүрмө бергенин өзгөчө учур деп баалап жатат.

"Бул жерде эки бөлөк нерсе бар. Биринчиден, беш аксакалдын ишин бөлөк кароо керек. Алардын кол койгон каты менен мен таанышкам. Ал жерде эч кандай кылмыш жок, алардын акталганы турган иш. Ал эми үч жигит боюнча айтсак, алардын материалдарын мен билбейм. Кылмыш ишинин аракеттери бар деп тергөө айтып жатпайбы. Бирок чыгарылган жазасы башкача болуп жатат. Анан бүгүн сот түшүндүрмө берип жатат. Бул тарыхта биринчи жолу болуп жатат - сот өзүнүн чечимине түшүндүрмө бергени. Себеби бул кылмыш ишке ашкан эмес, ошондуктан ушундай болду деп жатат. "Бийликти басып алуу аракети" - бул өзү толугу менен бүткөн кылмыш деп эсептелет. Аракеттин өзү кылмыш болуп эсептелет. Ал эми бийликти басып алуу ал башка кылмыш. Ошондуктан бул жерде сот кандайдыр бир... сүйлөшүүлөр менен иш бүткөн окшойт, көрүнүп турат го. Иши кылып, январдагы шайлоого бирөө да катыша албайт", - деди Исхак Масалиев.

Ал эми коомдук ишмер Бектур Асанов соттун чечими күтүлгөндөй эле болду деп эсептейт:

"Күтүлгөн эле чечим болду. Экөө дос, ажырашкан жок. Туурабы? Ушунча резонанс болгондон кийин актап да жибере албайт болчу. Менин оюмча, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат буларда. Ошон үчүн конкреттүү чечим болгон жок деп ойлойм".

Ишке ашпай калган төңкөрүшпү?

Мурдагы премьер-министр, генерал Феликс Кулов Би-Би-Сиге маегинде өкүм көп суроо жаратканын белгиледи.

"Мындай сот өкүмүнөн кийин көптөгөн юристтерде - баса белгилеп айтам, юристтерде - мындай өкүмдүн чыгарылышы канчалык мыйзамдуу жана негиздүү деген суроолор жаралды. Мисалы, бийликти күч менен басып алууну караган 326-берене боюнча жаза 10дон 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну карайт. Мындай жаза мөөнөтү бул кылмыштын өзгөчө оор категорияга кирерин билдирет. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда пробация колдонулбайт. Юридикалык тил менен айтканда, бул жерде ушундай коллизия жаралууда. Демек, сот мындай берене боюнча пробация колдонулбашына карабай, ошондой чечим кабыл алган. Дагы башка жагдайлар бар, аларга токтолуп олтурбайм. 75-берененин экинчи бөлүгүнө келсек, ал жерде эки вариант бар. Адамдар жазаны башкача карашат, минималдуу же максималдуу мөөнөттөр бар, бул жерде да суроолор чыгууда. Эмне үчүн сот 4 жыл берди, ал эми ал жерде минималдуу жаза 7,5 жыл эркинен ажыратуу болушу керек эле. Жалпысынан алганда, бул таза юридикалык маселе. Бирок юридикалык көз караштан алганда көп нерсе түшүнүксүз болуп жатат. Ошондуктан соттун чечимин күтүү гана калды. Учурда өкүмдүн жыйынтыктоочу бөлүгү гана жарыяланды, башкача айтканда, кандай жаза берилгени гана белгилүү. Ал эми өкүмдүн негиздемеси бир нече күндөн кийин чыгат. Эмне үчүн мындай жаза берилди жана сот эмнеге таянып, эмнени жетекчиликке алды - ушул суроолорго юридикалык жоопторду күтүү керек", - дейт Феликс Кулов.

Ошол эле кезде генерал бул маселенин саясий жагы да бар экенине токтолду.

"Саясий баасына келсек, эгер аны юридикалык баадан бөлүп карасак, анда коомдун активдүү бөлүгүнүн көпчүлүгүндө президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоону колдонуу менен "сарай төңкөрүшүн" жасоо планы болгон деген пикир калыптанганын моюнга алуу керек. Мындай чечимдер курулай жерден эле кабыл алынбайт. Бул маселелерди түшүнүү үчүн адис болуунун кажети жок. Президенттин УКМКнын башчысын кызматтан бошотуу боюнча күтүүсүз чечиминен кийин, улуттук коопсуздук органдарында реформалар жүрүп, көптөгөн кызматкерлер бошотулганын баарыбыз билебиз. Бир катар депутаттар, аткаминерлер "ыктыярдуу" түрдө кызматтарынан кетишти. Бул мамлекет башчысы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын ортосунда өтө олуттуу келишпестиктер болгонун жана бул өлкө жетекчилигинин кескин кадамдарга барышына алып келгенин кабарлайт. Демек, эч нерсе жөн жерден болбойт, бир нерсе даярдалып жаткан, биз аны азырынча билбейбиз. Бирок фактылардан улам 75чилердин билдирүүлөрүн колдонуп, "сарай төңкөрүшүн" жасоо даярдалып жаткан деген тыянак чыгарууга болот. Бирок эң негизгиси башкада. Бүгүнкү күндө эң башкысы - өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактап калуу, анткени кандайдыр бир дүрбөлөңдөр эч жакшылыкка алып келбейт. Эгерде, Кудай сактасын, мындай болсо, өлкө ондогон жылдар артка кетет. Бүгүнкү саясий туруксуздук шартында, дүйнөдө бизге тикелей же кыйыр таасирин тийгизип жаткан окуялар болуп жатканда, эч кандай дүрбөлөңгө жол бербешибиз керек. Ошондуктан, бул өкүм юридикалык жактан туурабы же туура эмеспи, өзүнчө териштирилсин, бирок ал социалдык нааразылыкка же жаңы дүрбөлөңдөргө алып келбесе экен деп үмүт кылабыз", - деп жыйынтыктады Кулов.

2-июлда судья Азирет Медеровдун төрагалыгы астында өткөн сот отурумунда айыпталуучулар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылса, "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталды.

Февралдан бери камакта отурган коомдук ишмерлер Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Бекболот Талгарбеков жана Аалы Карашев сот залынан бошотулду.

Кылмыш ишинин таржымалы

"75чилердин каты" боюнча кылмыш иши быйыл февраль айында козголгон. Ага 75 адам кол койгон кайрылуу негиз болгон. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Айрымдар бул окуяларга президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп баа беришкен.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.

Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.