Анкарадагы саммит жыйынтыкталды. Жапаров сыйланды, Алиев келбей калды

саммит
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анкарадагы Түрк мамлекеттер уюмунун саммити. 30-октябрь, 2026-жыл
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Анкарада бүгүн, 30-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 13-саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы катышты. Иш-чарага Азербайжандын лидери Илхам Алиев келе албай калды.

Алгач, Анкарадагы маанайды бир аз сүрөттөй кетели.

Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммиттери акыркы жылдары саясий сүйлөшүүлөр менен гана чектелбестен, маданий, спорттук жана бейформал жолугушууларды да камтып жатат. Бул лидерлердин ортосундагы жеке байланыштарды бекемдөөгө багытталган дипломатиялык протоколдун бир бөлүгү болуп калгандай.

Маселен, 29-октябрь күнү лидердер президенттик сарайдан Түрк мамлекеттер цивилизациялык паркына түрк өндүрүшүнөн чыккан TOGG T10X лимузиндери менен чогуу барышкан.

Паркта карагай көчөттөрүн отургузушкан.

саммит

Социалдык тармактарда алар унаада баратканда кыргыз боорсогунан ооз тийген учур тартылган видео өзгөчө талкууда. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган биринчи табакка кол сунганда унаа жүрүп кетип, боорсокту экинчи табактан алып ооз тийгенге үлгүрдү.

Түрк басылмалары лидерлер кыргыздын салттуу, даамдуу боорсогунан даам сызышканын жазышты.

Андан соң президенттер Малазгирт искусство борборунда маданий кечеге катышышты. Мамлекет башчылары "Аттардын бийи" шоусуна күбө болушту. Анда түрк элдеринин Борбор Азиядан Анадолуга чейинки тарыхый жолу атчандардын, акробаттардын жана каскадёрлордун катышуусунда чагылдырылган.

сыйлык

Мындан тышкары, кыргыз президенти Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды.

"Түрк доору: тилде, ойдо жана иште биримдик"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери 30-октябрда Анкарада өткөн 13-саммитте соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, энергетика жана санарип технологиялар жаатындагы биргелешкен иштерди талкуулашты.

Саммит Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгы алдында "Түрк доору: тилде, ойдо жана иште биримдик" деген ураан менен өттү.

Жыйындын маанилүү темаларынын бири Азия менен Европаны байланыштырган Орто коридорду өнүктүрүү болду. Бул багытта Каспий деңизи аркылуу өтүүчү транспорттук каттамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жүк ташуунун убактысы менен чыгымдарын кыскартуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана инвестицияны көбөйтүү, энергетика, санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштар жана уюмдун ишин институционалдык жактан бекемдөө жаатында сөз болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун стратегиялык маанисин белгилеп, аны Каспий деңизи аркылуу Орто коридор менен байланыштырууну сунуштады. Ал ошондой эле 2027-жылы Кыргызстанда уюмдун бейформал саммитин өткөрүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле экология, туризм, билим берүү темаларына токтолду.

"Мамлекет башчысы Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен "Маариф" фондунун кошкон олуттуу салымын белгилеп, топтолгон тажрыйбаны башка боордош өлкөлөр менен биргелешкен билим берүү мекемелерин түзүүдө пайдаланууну сунуштады", - деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.

Саммиттин жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары 13-саммитинин декларациясына кол коюшту. Документ уюмдун алкагындагы саясий, экономикалык, транспорттук жана башка багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Илхам Алиев эмнеге саммитке келбей калды?

Азербайжандын президенти Илхам Алиев саммитке катышкан жок. Өлкөнүн атынан тышкы иштер министри Жейхун Байрамов келди.

Азербайжандын расмий маалыматына караганда, Ильхам Алиев Анкарадагы саммитке алдын ала пландалган иш-чараларга катыша тургандыктан барган эмес. Ал 30-октябрда Бакуда өтүп жаткан FIFA U-15 дүйнөлүк чемпионатынын финалисттерин сыйлоо аземине катышмак.

Бул арада айрым эл аралык басылмалар анын ичинде AP агенттиги Алиевдин келбей калышы Түркия менен Азербайжандын ортосундагы акыркы чыңалууга байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдорду жазды.

Азербайжанда мектептерде хижаб кийүүгө коюлган чектөөлөр боюнча эки өлкө ортосунда пикир келишпестик чыккан. Түркиядагы айрым саясатчылар жана коомдук ишмерлер бул чечимди сындаса, Баку муну ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алган.

сераял линия

ТМУ түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм.

Уюм 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахчыван шаарында түзүлгөн. Алгач Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп аталган. 2021-жылы Стамбулдагы саммитте азыркы аталышын алган.

Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мүчө.

Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы байкоочу макамдагы өлкөлөр.