АКШдагы башталгыч мектепте ок атылып, үч бала жана бир чоң киши каза болду

полицейские у школы
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Орегон штатынын Бенд шаарындагы башталгыч мектепте 16 жаштагы өспүрүм ок чыгарып, үч бала жана бир мугалим ажал тапты. Кийинчерээк аны жергиликтүү тургун атып өлтүргөнүн полиция билдирди.

Каза болгон балдар беш, сегиз жана он бир жашта болушкан. Дагы бир жети жаштагы бала жана 54 жаштагы мугалим оор абалда ооруканага жеткирилгенин полиция кабарлады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ок чыгарган өспүрүм Silver Rail башталгыч мектебине кирип, кулпуланган эшиктерди көздөй ок аткан. Полиция шектүүнүн жашынан башка ал тууралуу маалымат берген жок.

Ошондой эле кол салган өспүрүмдүн мектеп менен кандайдыр бир байланышы болгон-болбогону белгисиз.

"Биз бул маанисиз трагедиядан улам катуу кайгырып, шок абалында турабыз", — деди Бенд — Ла-Пайн мектеп округунун жетекчиси Стивен Кук.

"Коомчулугубуз башынан өткөрүп жаткан кайгыны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес", — деп кошумчалады ал.

Бенд шаарынын полиция башчысы Майк Кранцтын айтымында, 16 жаштагы өспүрүмдү мектепке кирип баратканын көрүп, артынан ээрчиген жергиликтүү тургун атып өлтүргөн.

Орегон штатынын губернатору Тина Котек жергиликтүү тургунга ыраазычылык билдирип, ал "мындан ары адам өмүрлөрүнүн кыйылышына жол бербөө үчүн баатырдык жасаганын" айтты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Эч бир ата-эне мындай күндү башынан өткөрбөшү керек, эч бир коомчулук мындай окуяга туш болбошу керек", — деди Котек.

АКШда билим берүү мекемелеринде ок атуу учурлары кайра-кайра катталып келет. Эң көп резонанс жараткан кол салуулардын арасында 1999-жылы "Колумбайн" орто мектебинде, 2012-жылы "Сэнди-Хук" башталгыч мектебинде, 2018-жылы Марджори Стоунман Дуглас атындагы жогорку мектепте жана 2022-жылы Техас штатындагы Ювалде шаарындагы Робб башталгыч мектебинде болгон ок атуулар бар.

CNN телеканалынын эсебине ылайык, Бенд шаарындагы окуяны кошкондо, 2026-жылдын башынан бери АКШдагы мектептердин аймагында ок атуу боюнча 36-окуя катталды.

Мындай ар бир окуя өлкөдө курал-жаракка байланыштуу мыйзамдар тууралуу талаш-тартыштарды кайрадан күчөтөт. АКШнын Конституциясынын Экинчи түзөтүүсү жарандардын курал сактоо жана алып жүрүү укугун коргойт. Курал алып жүрүү укугун жактагандар коргонуу чараларынын бири катары мугалимдерди куралдандырууну сунушташат.